Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Кумтөр: эс алууга, эмерекке чачылган миллиондор


Коллаж.
Коллаж.

Эсеп палатасы “Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз коротконун аныктады.

Учурда ошол кезде кенди башкарган Тенгиз Бөлтүрүк баш болгон жетекчилер камакта. Эсеп палатасынын жүз барактан турган отчетунда кызматкерлердин эс алуусунан баштап, кайрымдуулукка коротулган, оңду-солду корогон эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип, тыйынына чейин жазылган.

"Улуу көчмөндөр мурасына” жумшалган каражат

"Кумтөр Голд Компани" ишканасы “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине 2022-жылдын алты айында 32 долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 миллион 908 миң доллар жумшаган. Каражаттын 1 млн. 731 миң доллары кызматкерлердин (1 млн. 148 миң долларды чет өлкөлүк кызматкерлер алган) айлыгына кеткен.

Долбоорлордун катарында "Аврора" санаторийин, Каракол аэропортун, "Каприз" тоо лыжа мейманканасын, Караколдогу ипподромду жаңылоо, бөтөлкөгө куюлган суу чыгаруу, беш жылдыздуу мейманкана, мрамор чыгаруучу завод куруу сыяктуу иштер камтылган. Эсеп палатасы долбоорлор ара жолдо калып, “Кумтөр Голд Компани” жана “Кыргызалтын” ишканалары чыгымга учурады деп эсептейт.

Тенгиз Бөлтүрүк башында турган, мамлекеттик бюджеттен дээрлик 3,5 миллиард сом бөлүнгөн "Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги бир жыл өтпөй жабылган. Холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда ири долбоорлорду ишке ашырууну пландаган. Өткөн жылдын 5-декабрында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каржы министри Алмаз Бакетаев жабылып жаткан холдингге бөлүнгөн акча мамлекетке кайтарылып, 700 млн. сом өз милдеттенмелерин жабуу үчүн каларын билдирген.

Италия, Түркиядан алынган кымбат эмеректер

Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмеректерге кеткен. Кеңсе эмеректерин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн жалпы 179 млн. 700 миң сом коротулган. Маселен, Италиядан 327,9 миң долларга, Түркиядан 593,6 миң долларга, Беларустан 34,8 миң долларга ар кандай эмеректерди алдырган. Дизайн үчүн 2,5 млн. сом корогон.

Эски имаратты чанган “Кумтөрдүн" жаңы жетекчиси

“Кумтөр Голд Компани" компаниясынын жетекчилиги Бишкектеги “Учкун” ишканасындагы кеңсесинде шарт жок экенин жүйө кылып 2021-жылы 15-октябрда “Орион” бизнес-борборуна көчөт. Аянтты 5119 чарчы метр кеңсенин ижара акысы үчүн айына 95 200 доллар, жылына болжолдуу эсеп менен 1 млн. 279 миң доллар болгон. Аудит “Учкун” ишканасынын ижарасы 339 миң доллар болгонун, миллиондор төлөнгөн жаңы кеңсенин 67% гана кызматкерлер ээлеп калганын аныктаган. Ошондой эле “Учкун” ишканасындагы кеңсесинде "шарт жок" деген жүйө негизсиз экени аныкталган.

Тенгиз Бөлтүрүктүн чыгымдары

2021-жылдын август айында "тышкы башкаруучу" Тенгиз Бөлтүрүккө ишкананын ишмердүүлүгүнө байланыштуу чыгымдар үчүн банк карточкасы берилген. Корпоративдик карточка берилген августтан ноябрга чейин Бөлтүрүктүн чыгымдары 7 млн. 499 миң сомду түзүп, Эсеп палатасы ал каражаттардын отчету көрсөтүлгөн эмес деп белгилейт.

Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Тенгиз Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канада-Торонто багытындагы авиабилетин төлөп бергенин жазат. (Аудит авиакаттамдын багытын так көрсөткөн эмес. Эске сала кетсек, Торонто Канададагы шаар-ред.) Ага 1 млн. 45 миң сом короп, бул боюнча дагы отчет берген эмес.

Эсеп палатасы ишкананын чыгымдар бөлүгүн текшерген отчетунда “Кумтөр Голд Компанинин” массалык маалымат каражаттары менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Мариана Шермур 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын апрелине чейин 256 миң сомду Бишкек шаарындагы кымбат ресторанда журналисттерге сый тамак уюштуруу үчүн коротконун билдирген. Бирок, ага чакырылган журналисттердин аты-жөнү жана кандай иш-чара өткөнү жазылган эмес.

Аудиттин тыянагында, Тенгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингин жетектеп турган 2022-жылдын февраль-июнь айында 319 миң доллар өлчөмүндөгү “Кумтөр Голд” ишканасынан сый акы алган. Мындан тышкары анын социалдык камсыздандыруусуна 55 миң доллар кеткен. Ошондой эле 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февралына чейин өзүнө ыйгарып алган сый акынын жалпы чыгымы 473,2 миң долларды түзгөн. Аудит Бөлтүрүктүн чет өлкөгө чыгып компаниянын эсебинен концертке барганын дагы эсептеген.

2021-жылдын 31-декабрындагы маалыматка ылайык, “Кумтөр Голд Компани” ишканасында 2915 адам эмгектенген. Тенгиз Бөлтүрүк жетектеп турган мезгилде (2022-жылы 1-апрелге карата маалымат) компанияда иштегендердин саны 4028 адамга (37.5% өскөн) жеткен. Жыйынтыгында ишкананын маянага кеткен чыгымы өскөн. Эсеп палатсынын отчетунда ишкананын кызматкерлери үчүн Бишкекте жашаган батирлердин ижара акысы төлөнүп турганы дагы көрсөтүлөт.

Тимбилдинг же "Кумтөрдүн" кызматкерлери канчага эс алган?

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2021-жылы сентябрда 800 кызматкерин үч күнгө Ысык-Көлдө эс алдыруу үчүн 4 млн. 39 миң сом сарптайт. Кызматкерлердин эс алуу программасына кыз куумай, эр эңиш, тыйын эңмей сыяктуу улуттук оюндар кирип, ырчы-чоорчулар да чакырылган. Эсеп палатасы кызматкерлердин көңүл ачуусуна корогон миллиондор ишкананын 2021-жылдагы бюджетинде каралган эмес деп тапты.

Кайрымдуулук жана бекер таратылган машинелер

“Кумтөрдү” башкарып турган Тенгиз Бөлтүрүк ишканага караштуу машинелерди тараткан. Экология министри Динара Кутмановага 2014-жылы чыккан "Тойота – LC 200" жол тандабасын тапшырган. Баасы – 62 миң долларлык машине министрликке берилген. “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна” 74 миң долларга бааланган “Мерседес” тийген. Эсеп палатасы берилген автоунааларды компанияга кайра кайтаруу керек экенин билдирет.

Тенгиз Бөлтүрүк башында турган “Кумтөр” кайрымдуулук менен демөөрчүлүккө дагы каражат бөлүп турган. Эсеп палатасы Бөлтүрүк өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, демөөрчүлүк жана кайрымдуулукка жалпы 237 млн. сом короткон деп жазат.

"Кумтөр Голд Компани" компаниясын убактылуу сырттан башкаруу учурунда, 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин жалпы наркы 62,2 миң доллардык 25 алтын медал даярдалган. 25 медалдын тогузу ушу тапта кайда экени белгисиз, калганы компаниянын кассасында сакталуу деп айтылат Эсеп палатасынын отчетунда.

Айтор, 63 мыйзам бузуу тууралуу кеңири баяндаган Эсеп палатасынын отчетунда өндүрүш, ишканага керектүү техника, күйүүчү май сыяктуу иштерге жумшалган акча дагы жазылган. Маселен, "Кумтөр Голддогу" тышкы башкаруу учурунда кенди жер алдынан казуу иштери техникалык экономикалык негиздемеси жок башталып, 1 млн. 300 миң доллар сарпталган деп жазылат. Аудиттин жыйынтыгын бул жактан окусаңыз болот.

Тенгиз Бөлтүрүк айыптоолорду четке кагат

Абакта жаткан "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров 6-февралда Эсептөө палатасынын "Кумтөр" тууралуу аудиттик отчетуна жооп кайтарды. Ал Фейсбуктагы баракчасына Бөлтүрүк аталган ишканага сырттан башкаруучу болуп турганда жасаган иши жокко чыгарып, "каралоо" жүрүп жатканын жазды.

"Эсеп палатасынын отчету коомдук аң-сезимди манипуляциялоого, президент Садыр Жапаровго Тенгиз Бөлтүрүктүн күнөөлүү экенин жасалма көрсөтүүгө багытталган. Отчет сабатсыздыкты айгинелейт жана укук коргоо органдарынын материалдык чыгымды аныктоого байланыштуу бардык дооматтарын канааттандырууга жол ачат. Эсеп палатасынын мындай материалдары кандай гана бийлик болбосун аларды өз кызыкчылыгы үчүн, учурдагы кырдаалга жараша жана керектүү жыйынтык алууга пайдаланса болот деген ой калтырат. Тенгиз Бөлтүрүктүн ишин кайсы бир багытта (күйүүчү май, азык-түлүк, тетиктерди сатып алуу) эмес, комплекстүү караш керек. Ишкананын 2021-жылдагы таза кирешеси бардык салыктар төлөнгөндөн кийин 233,2 миллион доллар болгон. Ал эми 2022-жылдын алты айында 152,5 миллион долларды түзгөн. Бөлтүрүктүн аракетинде кылмыштын курамы жок жана бул жагдайды биз кайсы гана сото болбосун далилдей алабыз", - деп жазган Абакиров.

Буга чейин коррупцияга айыпталып камакта жаткан Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасы жана "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу ачык кат жолдогон. Анын катын жактоочусу Кайсын Абакиров 23-январда Фейсбуктагы баракчасында жарыялаган болчу.

Анда Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөр жана холдинг боюнча толук отчет тапшырууга мүмкүнчүлүк берилбегенин, “Кумтөр Голд Компанинин” 2021-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу E&Y ("Эрнст Энд Янг") эл аралык аудитордун отчеттору жарыяланбай туруп, өзүнүн жана ишкананын жетекчилеринин каржылык мыйзам бузууларга айыпталып кармалышы коомчулукта түшүнбөстүк, нааразылык жаратканын айткан. Мындай көрүнүш жана “Центера Голд” менен келишимде негизги оюнчу болгон кишинин каржылык мыйзам бузууларга айыпталышы өлкөнүн аброюна, инвестициялык абалга көлөкө түшүрөрүн белгилеген.

Ал Кумтөр боюнча тергөө, сот калыс болорун, айыпталган ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги караларына ишеним артып жатканын жазган.

“КГК (ред: Кумтөр Голд Компани”) жетекчилеринин жаңы кыргыз командасынын натыйжалуу менежменти биз мурдагы канадалык жетекчиликке караганда Кумтөрдү ийгиликтүү башкара аларыбызды далилдеди жана 2021-2022-жылдардагы КГК ишинин мыкты жыйынтыктары бул фактыны таамай тастыктап турат.

Кумтөрдү эл аралык соода биржасына чыгарууга даярдап баштоо жана акцияларын ачык жайгаштыруу үчүн КГК убактылуу башкаруучусу иштеген мезгилдеги жетекчиликтин аброюн калыбына келтирүү Кыргызстандын коомчулугунун жана Батыш инвесторлорунун алдында өтө маанилүү.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинде биз алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана КГКны Сингапурдагы биржага чыгарууга даярдап баштаганбыз. Кумтөрдүн биржадагы күтүлгөн баалоосу 2024-жылдын IV кварталында 6-7 млрд. АКШ долларын түзөт”- деп жазган (Бөлтүрүктүн ачык катынан үзүндү өзгөртүүсүз берилди-ред.).

Бөлтүрүк “ишкананын кайсы бир пайыз акциясын сатуу менен казынадагы дефицитти жаап, Жетим-Тоо, ГЭС долбоорлорун баштоого каражат табылмак” деп жазган. Катынын аягында ушул тапта Кумтөрдө кесипкөй адистер тартыш болуп жатканын кошумчалаган. Эгер азыркы жетекчилик ырааттуу саясат жүргүзбөсө, кен казуу эки жылдан кийин токтойт деп эскерткен.

Мындан кийин "Кумтөр Голд Компани" ишканасы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына 24-январда жооп берген. Анда Бөлтүрүк бул ишкананы бир жылдан ашык башкарганы, өзгөртүп-өнүктүрүүгө болгон мүмкүнчүлүк берилгени, бирок реалдуу кадамдар жасалбаганы жана жетекчи катары кемчилик кетиргени белгиленген.

"Кылмышка шектүүнүн "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын каражатынын коротулушу тууралуу каты ишкананын жетекчилигинин таң калуусун, түкшүмөлүн жаратты. Тенгиз Бөлтүрүк компанияны бир жылдан ашык башкарды. Ага анын долбоорлорун жана пландарын ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүк берилген. Катуу билдирүүлөрү жана чоң айлык акыга, гонорарга сырттан күмөндүү адамдарды ишке тарткандан башка реалдуу кадамдар жасалган эмес. Анан калса "Кумтөр" ошондон бери анын "ийгиликтүү" башкаруусунун кесепетин жоюуга аргасыз болуп келет. Жаңы жетекчилик компаниянын өнүктүрүүнүн 2031-жылга чейинки стратегиясын иштеп чыкты. Геологиялык чалгындоо өз нугунда толук жүрүп жатат. Адистердин эсебине ылайык, карьерден 135 тоннадан ашык алтын алса болот, дагы 112,6 тонна алтын калдык сактоочу жайда бар. Балким, Тенгиз Бөлтүрүк өзү тууралуу эске салып, ал алмаштырылгыс кызматкер экенин көрсөткүсү келип жаткандыр. Бирок, убакыт көрсөткөндөй, компанияны башкарып турганда Тенгиз Бөлтүрүк аны Кумтөрдүн каражаты сыяктуу эле максатсыз колдонгон. "Кумтөр Голд Компани" Тенгиз Бөлтүрүккө жеке максаттарына жетүү үчүн компаниянын атын колдонбоону көптөн-көп суранат", - деп жазылган ишкананын катында.

Тенгиз Бөлтүрүк деген ким?

Тенгиз Бөлтүрүк 2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы май айында "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Бөлтүрүк Москвадагы Болот жана эритмелер институтун (азыркы Улуттук технологиялык изилдөөлөр университети) аяктап, түстүү металлдарды иштетүү жана байытуу боюнча инженер кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун Орусиядагы тоо-кен тармагында баштап, 1990-жылы Кыргызстанга которулган. Келгенде Айдаркен сымап комбинатында, Солтон-Сары кенинде эмгектенген.

Бөлтүрүк 1997-1998-жылдары Кумтөр комбинатын ишке киргизүүгө катышкан. 1998-жылы “XXI кылымдын кадрлары” программасы менен Германияга окууга кеткен.

“Центерра Голд” компаниясынын буга чейин тараткан маалыматта, Тенгиз Бөлтүрүктүн машина куруу жана тоо-кен тармагында 30 жылдык тажрыйбасы бар экени айтылган. Ал буга чейин Канада, АКШ, Казакстан, Австралия, Түркия, Монголия, Африка, Түштүк Америкада жана башка мамлекеттерде иштеген.

Кумтөр: сый акы, эс алуу, эмерекке чачылган миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:28 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG