Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:06

"Кумтөр" бир жыл аралыгында 25 алтын медал чыгарган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кумтөр Голд" компаниясын убактылуу сырттан башкаруу учурунда, 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин жалпы наркы 62,2 миң доллардык 25 алтын медал даярдалган. Бул тууралуу Эсеп палатасынын бүгүн, 3-февралда жарыяланган аудиттик отчетунда маалым болду.

25 медалдын тогузу ушул тапта кайда экени белгисиз, калганы компаниянын кассасында сакталуу деп айтылат Эсептөө палатасынын отчетунда. Маалыматта медалдарга каражат максатсыз корогонун белгилеген.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди былтыр август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Былтыр "Кумтөрдү" сыртынан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк менен Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулуп, Тенгиз Бөлтүрүккө карата бир нече кылмыш иши ачылып, былтыр сентябрда камалган жана Башкы прокуратура ага "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу айып тагып, мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG