Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Өзбек жараны АКШнын антиорусиялык санкциясына киргизилди


АКШнын Каржы министрлигинин Вашингтондогу имараты, Колумбия округу.
АКШнын Каржы министрлигинин Вашингтондогу имараты, Колумбия округу.

АКШнын Каржы министрлиги санкцияны айланып өтүп Орусиянын аскердик-өндүрүштүк комплексине жардам берген 10 кишини жана 12 компанияны "кара тизмеге" киргизди. Алардын арасында Өзбекстандын жараны да бар.

АКШнын каржы министринин орун басары Уолли Адейемонун баяндамасында айтылгандай, “Зименков түйүнү” деген аталыштагы топту Израилдин жана Орусия жараны Игорь Зименков жетектейт. Анын үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрү санкцияга кабылган “Ростекс” жана “Рособоронэкспорт” корпорацияларын колдошот.

Бул түйүндө Кипрде катталган Mateas Limited компаниясынын директору, өзбекстандык Макс Борисович Пифлакс жана анын уулу Гилад Пифлакс бар. Ошол эле маалда Гилад Пифлакс Израилдин жараны экени айтылат. 60 жаштагы Макс Пайфлакс жана анын уулу санкциядагы орусиялыктарга жардам берген израилдик DES Defense Engineering Solutions LTD компаниясы менен иштешкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG