Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

"Инфляция маянаны жеп жатат". Тариф жана азык-түлүк кымбаттады


Ош базары.
Ош базары.

Кыргызстанда январдын ортосунан бери айрым азык-түлүктүн баасында сезилерлик кымбаттоо байкалууда. Өзгөчө пияздын баасы эки эсеге чейин өсүп кетип, кардарларды дүрбөлөңгө салып жатат. Мындан улам, өкмөт пияздын баасына көзөмөлдү күчөтүп, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө киришти. Өлкөдө базар баасы кандай болуп жатат? Соңку бир жылда баалар кандай өзгөрдү?

Азык-түлүк товарларын сатып иштеген Жанара баалар былтыркы ушул мезгилден бери бир кыйла өскөнүн, соңку кездери Казакстандан келген товарлар кымбатыраак болуп жатканын айтты:

“Жакынкы эки жумадан бери Казакстандын күрүчүнүн баасы 5 сомго кымбаттады. Орусиянын товарлары кымбаттаган жок, ошондой эле турат. Кумшекер дагы кымбаттаган жок. Май тескерисинче арзандады. Соңку бир жылдан бери айрым импорттолуучу товарлардын баасы 20% чейин көтөрүлдү, жергиликтүүлөр ошол эле бойдон”.

Чыңгыз эт азыктарынын баасы учурда туруктуу экенин белгиледи.

“Уй этин сатам. Былтыртан бери баасы 20-30 сомго көтөрүлдү. Азыр 680-580-540-530 сомдон болуп жатат. Баалар көптөн бери өзгөрүлө элек. Канаттуунун этинин баасы өзгөргөн жок, мурункудай эле турат. Бул жергиликтүү өндүрүм, “Агро-Куш” фирмасыныкы, 260-250, сулп эти 350-360 сомдон болуп жатат”.

Соңку эки жумадан бери Кыргызстандын базарларында пияздын баасы кескин өсүп кетти. Январдын башында 30-35 сомдон сатылып жаткан пияздын килограммы учурда 65-70 сомдон сатылып жатат.

Орто-Сай базарында жашылча-жемиш саткан Асан пияздын баасы көтөрүлүп кетишине кандай себептер түрткү болгонун айтууда.

“Александровкада жана пияз сактаган башка жерлерде үшүк алып кетти. Ошол себептен пияз кымбаттап кеткен. Мисалы, азыр Кыргызстанда ири көлөмдөгү пиязды сактай турган эч кандай кампа жок болгондуктан пияздын баарын үшүк алып кеткен. Болбосо жакшы эле, жылдагыдай эле мезгил. Жашылчалар бир айдан кийин арзандайт, 5-6 сом болуп калат. Өзүбүздүкүлөр чыга баштаса помидорлор менен бадыраң баасы түшүп, арзандап калат”.

Быйыл Кыргызстанда эле эмес, коңшу Казакстан менен Өзбекстанда да пияз каатчылыгы жүрүп жатат. Мындан улам, коңшулар пиязды экспорттоону убактылуу токтотуп турат. Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги да 31-январдан тарта үй айлык мөөнөткө пияз экспортуна тыюу салган чечим кабыл алды.

Базар кыдырып, жер-жемиш алып жүргөн Чолпон мамлекеттик кызматта иштейт. Ал алган маянасы жеке өзүнүн күндөлүк чыгымы менен неберелерине кээде майда-барат нерселерди алууга гана араң жетип калганын айтып берди.

“Мына, бир аз алма, мандарин алдым, банан алып жатам – 2 миң сом жок болду. Баа билинбей эле өзгөрүп жатат. Мына, 3 миң сом менен келдим эле, бүттү. Баары эле кымбаттап атат эми, эмнесин айтабыз, айтканда эмне пайда? Азыр орточо маяна 20 миң сом, аны ким аларын билбейм, биз 20 миңге жетпеген алабыз. Анан кайдагы акча? Жыйырмадан ашык дешет, андай акчаны ким алат, билбейм”.

Азык-түлүктүн кымбатташы калкты каржалтты

Кыргызстан агрардык, бирок азык-түлүк боюнча импортко көз каранды өлкө. Сырттан азык-түлүк, мунай, курулуш материалдары, техникалык жабдуулар жана башка көптөгөн товарлар импорттолот. Социалдык жактан маанилүү тогуз азык-түлүктүн ичинен үчөө - картошка, сүт жана жашылча менен гана өзүн камсыздай алат. Нан азыктары, мөмө-жемиштер, кумшекер, өсүмдүк майы, эт азыктары жана жумуртканын 70% сырттан, негизинен Орусия менен Казакстандан импорттолот.

Азык-түлүктөн буудай, күрүч, ун, нан, эт, сүт, жумуртка, май, картошка жана кумшекердин бааларына назар салып көрөлү. Алардын баасы азыркы учурда кандай болуп турат жана соңку бир жылдагы бааларда кандай өзгөрүүлөр болду? Улуттук статистика комитетинин маалыматына кайрылалы.

Азыркы тапта Кыргызстанда баасы эң көп өскөнү ун менен кумшекер болсо (27-29%), былтыркы ушул мезгилдегидей деңгээлде турганы буудай менен күнкарама майынын баасы болуп турат. Картошканын баасы июнь айында 13% өсүп барып, бышыкчылык башталганда кайра түшкөн, учурда былтыркы январдагыга караганда 17% арзан. Соңку бир жылда жумуртканын баасы 11%, уй-кой-жылкы этинин баалары 13%, буудай менен нандын баасы 15%, ал эми сүттүн баасы 17% өскөн.

Кыргыз базарындагы азык-түлүктүн басымдуу көпчүлүгүн импорттук товарлар түзгөндүктөн, алардын айрымдарынын импорттук бааларында кандай өзгөрүүлөр болгонун да карап көрөлү. Дан азыктары, анын ичинде буудай негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келинет. Мурда алардын буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу же Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болуп калды.

2022-жылы Кыргызстанга жалпысынан 189,2 миң тонна буудай импорттолду. Бул 2021-жылдагы 207 миң тоннадан 9% аз. Орусиянын импорту 2021-жылга караганда 62% өссө (183,7 миң тонна), Казакстандыкы 94% азайган (5,5 миң тонна).

Эми буудайдын импорттук баасына келсек. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 23-ноябрда өткөргөн брифингде Казакстандан буудай импорттоо кескин азайып, Орусиядан келген дандын үлүшү өскөн себебин казак буудайынын баасынын орустардыкынан бир кыйла кымбаттыгы менен түшүндүргөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, буудайдын импорттук баасы 2022-жылы 16-17% өскөн же 2021-жылы 19 сомдон болсо, 2022-жылы 22 сом болуп калган.

Кыргызстандагы жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын маалыматына ылайык, 2022-жылы азык-түлүк баалары 20 проценттен 70% чейин өстү. Ага бир жагынан товарлардын импорттук баасынын кымбатташы, экинчи жагынан валюта курсунун өсүшү түрткү болгон.

Бирикменин президенти Гүлнара Ускенбаева сырткы жана ички факторлордон улам бизнеске артылган жүк оорлоп баратканын, анын таасири жөнөкөй керектөөчүгө тийип жатканын айтууда.

“Тескери таасир кылган экономикалык факторлор аз келгенсип, мыйзамдарды башкаруудагы өзгөрүүлөр дагы бизнеске кесепетин тийгизди. Былтыр жазында электрондук эсеп фактураларды киргизүүдө, көзөмөл-кассалык жабдууларды алмаштырууда көйгөйлөр болду. Бул административдик процедуралар. Ачыгын айтканда, бул бюджетке каражат алып келбеген, бирок бизнеске артылган жүк. Бул салыктын өзү эмес, салыкты жыйноо боюнча кошумча жүк. Көрдүңөрбү, бул жүк алгач бизнеске артылат, андан ары барып калктын мойнуна отурат. Анткени, бизнес кошумча тартып жаткан бардык чыгымдарын баага кошот. Бизнес өз чөнтөгүнөн чыгым тартып иштей албайт, антсе жабылат жана мындан эч ким утпайт. Аткаминерлердин арасында “бирөө жабылса, башкасы ачылат” деген пикирлер бар. Мен муну абдан дилетанттык кептер деп айтаар элем. Эгерде кимдир бирөө тамак-аш товарын сатам деп келсе, кампа, завод менен келишим түзүшү керек, заводго келсе алар ишкерди тааныбагандыктан кымбат баа менен берет, алдын ала толук төлө дейт. Транспортчулар менен макулдашат, тийиштүү траснпортчуга эмес башкасына барып алып, товары башка жакка кетип калышы мүмкүн. Иш жүзүндө ушундайлар дагы өтө көп болгон. Бизнес деген баары эле жасай алчу иш эмес. Жок, бардык жерде өзүнүн өзгөчөлүктөрү, өзүнүн көйгөйлөрү бар. Алгач жаңылып-мүдүрүлүп жүрүп тажрыйба топтойбуз. Бирок, биз тажрыйба топтогончо калк жабыр тарта берет”.

Ускенбаева дүйнөдө абал турукташмайынча баалар дагы деле өсө берерин белгиледи.

Импорттук товарлардын баасынын өсүшүндө орус-украин согушу, Орусияга салынган жапырт санкциялар, эл аралык логистикалык чынжырчалардын үзгүлтүккө учурашы сыяктуу факторлор бар. Кыргызстан Орусиянын экономикасына тыгыз байланган өлкө катары эл аралык каатчылыктын ташпишин көп тартып жатат.

Күйүүчү майдын баасы эки эсеге чейин өстү

Кыргызстан күйүүчү майды негизинен Орусиядан импорттойт. 2022-жылы сырттан жалпысынан 310 млн. доллардан ашуун суммага бензин, 300 млн. долларга чукул каражатка дизелдик отун импорттолгон. Анын 99% Орусиядан келген. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, соңку бир жыл ичинде бензиндин импорттук баасы 27% чейин, ал эми дизелдик отундун баасы эки эсеге чейин өскөн.

Ал эми ошол эле Улуттук статистика комитетинин күйүүчү майлардын өлкөнүн ички рыногундагы бааларына саресеп карап көрсөк, АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензиндин 2023-жыл менен 2022-жылдын январь айларындагы баасынын деңгээли дээрлик окшош болуп турат. Дизелдик отундун баасы азыркы январда былтыркыга караганда 27% жогору. Өткөн жылдын апрель-май айларында бензин баасы 4-8%, дизелдик отундуку 80% чейин өсүп барып кайра кайткан.

Ал эми күйүүчү майлардын азыркы (2023-жылдын январы) баасы менен 2021-жылдын январындагы баасын салыштырчу болсок, АИ-92 менен АИ-95 маркасындагы бензиндин баасында 65-71%, дизелдик отундун баасында 206% өсүштү көрөбүз.

Монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков күйүүчү майдын сатыкка чыккандагы акыркы баасы эмнелерден кураларын түшүндүрүп берет. Ал базар баасына таасир кылуучу механизмдер тууралуу да айтууда.

“Бүгүнкү күндө күйүүчү майдын баасы, Казакстанды эске албаганда, бизде төмөн болуп жатат. Анткени, биз кошумча төлөмсүз алып келебиз, анын эсебинен литрине 1,5 сомдон ылдыйраак болот. Литрине 3-4 сомдон жол киреге кетет, нарк салыгы литрине 4 сомдон, кошумча нарк салыгы 7 сомдон – ошонун бардыгы, жолу, салыгы кошулуп отуруп биздин баалар түптөлүп жатат. Ушуга көңүл бөлүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө абдан туруктуу, жөндүү баа саясаты Кыргызстанда, мен муну ачык айта алам. Биз бир топ ыкмалар менен иш алып барып жатабыз. Салыктык жеңилдетүүлөр дагы бирден-бир механизм. Ошол эле убакта Матрезерв системасы аркылуу интервенциялар болот. Сыртка чыгарууларды (экспортту) чектөө, превентивдүү иш-чаралар, ийри отуруп түз кеңешип, алардын таасири кандай болуп жатканын талдайбыз. Эң акыркысы – бул түз жөнгө салуу”.

Жакында Экономика жана коммерция министрлиги менен Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майды импорттоо боюнча макулдашуу түздү. Ага ылайык, 2023-жылы Орусиядан 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель отуну, 150 миң тонна керосин, 50 миң тонна чийки мунай жана 60 миң тонна битум пошлинасыз импорттолот.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлагандай, февраль айында күйүүчү майдын баасы 5-6 сомго арзандап, 52 сомго чейин түшөрү күтүлүп жатат.

Инфляция жана өр тарткан тарифтер

Валюта базарындагы кырдаал инфляциянын деңгээли менен бааланып турат. Базардагы баанын өсүшү, акчанын кунсузданышы жана калктын кирешеси менен төлөө жөндөмүнүн абалына түз байланыштуу фактор.

2022-жылы Кыргызстанда инфляциянын деңгээли абдан жогору болду. Жай айларында 15,5% чейин жетип, кайтты. Учурда инфляциянын деңгээли расмий түрдө 14,7% деп аныкталган.

Соңку бир жылда Кыргызстанда базар баасы текши көтөрүлүп келет. Ал аз келгенсип, расмий бийлик алдыда электр энергиясынын, ичүүчү суунун, жол киренин жана таштандынын тарифтерин көтөрүү жөнүндө чечимдерин жарыялап жатат.

21-январда президент Садыр Жапаров май айынан баштап электр энергиясынын баасы 77 тыйындан 1 сомго (30%) көтөрүлөрүн жарыялады. Ошол эле күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да жергиликтүү администрация жетекчилери менен курган жыйында ичүүчү суунун тарифин жогорулатуу тапшырмасын берди. Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорттун жол киресин 40% эки эсеге чейин көтөрүү чечимин талкуулоодо. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров таштанды үчүн төлөнүүчү тарифти 1-февралдан баштап 22,5 сомдон 41 сомго же 82% көтөрдү.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева 31-январдагы маалымат жыйында тарифтердин кымбатташын алдыда инфляциянын дагы өсүшүнө түрткү бере турган тобокелдиктер катары атады.

“Биринчиден, инфляция динамикасы орто мөөнөткө болжолдонгон көрсөткүчтүн алкагында түптөлүүдө. Бул эсептик ченди өзгөртүүнүн зарылдыгы жоктугун шарттайт. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция 14,7 пайызды түзгөн. 2023-жылдын 20-январына карата баалардын деңгээли 1,2 пайызга жогорулаган. Энергия продукциялары жана азык-түлүк дүйнөлүк рынокторунда кырдаалдын турукташуусу 2023-жылдын экинчи жарымында инфляциянын басаңдашына таасирин тийгизет деп күтүлүүдө. Ошондой эле, бир катар администрациялык баалардын, тарифтердин наркын жогорулатуу тууралуу айтылган алдын ала кулактандыруулар инфляцияны шарттаган ички тобокелдиктердин кошумча булагы болушу мүмкүн”.

Өкмөт экономикадагы инфляция менен баалардын кымбатташын эске алып 2022-жылдын апрелинен бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендердин маянасын, жөлөк пул менен пенсияны эки эсеге чейин көтөрүп жатат.

Ишкер Медербек Эсеналиев инфляция өкмөттүн көтөргөн маяналарын жеп коюп жатканын жана тарифтердин көтөрүлүшүнүн кесепеттери кандай болорун айтып берди.

“Мындай алганда, эгер инфляция менен азыркы айлыкты көтөргөндө мурдагыдай эле абалга келип калабыз. Мурда орточо айлык 15 миң сом болсо, азыр 20 миң. Инфляция болсо 20%, расмий анча эмес албетте, бирок иш жүзүндө 20-25% болуп жатат. Канчалык айлык алсаң деле ошол инфляция жеп коюп атпайбы. Өзүңүздөр көрүп аткандай азыр ар бир нерсеге салык салып атат. Мисалы, мурда карта менен төлөгөнгө салык жок болчу, азыр банктан баарынан 1% салык алып жатат. Свет жана башкалардын баасын көтөргөн сайын ишкерлердин дагы тарифтери көтөрүлөт, баары эле свет менен иштейт. Таштандынын баасы көтөрүлсө, өндүрүлгөн товардын баасы да көтөрүлөт. Мындан эч кандай өсүш болбойт, эл дагы деле кыйнала берет. Элди улам кыйнаган сайын алардын нааразылыгы көбөйөт. Ишкерлер үчүн эң негизги салык системасы жеңил болушу керек. Салыкты улам биринин үстүнө бирин кошо берген сайын ишкерлердин иштегиси келбей калат. Капиталы жакшы ишкерлер андан көрө бизнесин башка өлкөгө алып чыгып кетиши мүмкүн”.

2022-жылы кыргыз өкмөтү азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо үчүн айыл чарба тармагына 26 млрд. сом бөлгөн. Анын бир бөлүгүнө Орусиядан жогорку сапаттуу үрөндөр сатып алынган. Айыл чарба министрлиги алдыда түшүмдүүлүктү өстүрүп, Кыргызстандын дан азыктарынын, эттин, майдын жана кумшекердин импортуна болгон көз карандылыгын жоёбуз деп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG