Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

Министрлик пияз экспортуна убактылуу тыюу салууну сунуштады


Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөргө пиязды экспортоого убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштап жатат. Мекеменин айрым айыл чарба товарларын сыртка сатууга тыюу салууга байланыштуу Министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүү киргизүү сунушу коомдук талкууга чыгарылды.

Министрлик бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында сунушталып жатканын белгилеген. Ошондой эле чектөө киргизүү пияздын баасы кымбаттап кетишине байланыштуу экени көрсөтүлгөн.

“Токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү муктаждыгы келип чыкты, аталган азык социалдык мааниге ээ жана рынокто бул азыктын жетишсиздиги болгон учурда өлкөдө азык-түлүк кризисине алып келиши мүмкүн”, - деп жазылат министрликтин негиздеме-маалымкатында.

Экспорт тыюу салына турга тизмеге пияздан сырткары пияз-шалот, сарымсак, жаңы жана тоңдурулган көк пияз жана башка жашылчалар киргизилген.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чектөөнү Казакстан жана Өзбекстан дагы киргизди.

Соңку аптада азык-түлүктүн баасы өсүп жатканы байкалууда. Өзгөчө пияз кымбаттап, килограммы 60-70 сомдон сатылууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG