Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:52

Санкциядан буйтаган жолдор: Орусияга товарлар Борбор Азиядан ташылууда 


Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга көп экспорттолуп жаткан товарларды чагылдырган коллаж. Иллюстрация

Орусия 2022-жылы Борбор Азия өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсүн кескин көбөйттү. Москва Батыш өлкөлөрү салган санкциялардан буйтап, товарларды жакынкы өнөктөштөрүнөн алып келип жатат. Көбүнчө техникалык, электроникалык жабдуулар жана аскердик тармакка керектүү заттар ушул чөлкөмдөн ташылууда.

Иш жүзүндө муну реэкспорт деп атаса да болот. Тагыраагы, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоп алып, кайра Орусияга экспорт кылууда. “Элдик экономика” түрмөгүнүн жаңы чыгарылышы ушул темага арналды.

Казакстан: компьютер, муздаткыч жана сүт саагыч

Борбор Азиядагы беш мамлекет менен Орусиянын соода алакасындагы адаттан тыш көрүнүштөрдү ар бир өлкөнүн көрсөткүчтөрүн өз алдынча чечмелөө менен талдайбыз. Кезек тартибин шарттуу түрдө экономикалардын карым-катышына карап тандап алдык. Биринчи Казакстанга кайрылалы.

Астанадагы Экономикалык изилдөөлөр институтунун (ЭИИ – ИЭИ – ERI) маалыматтарына таянсак, 2022-жылдын январь-августунда Орусия менен Казакстандын товар жүгүртүүсү 15,9 млрд. долларды түздү. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,2% көп. Мунун ичинде казак экспорту 8,6%, импорту 2,3% өскөн.

Жалпы сандарды караганда өтө чоң өзгөрүүлөр байкалбайт. Бирок товарларга бөлө келгенде аномалдуу көрүнүштөр чыга келет экен. Аталган мамлекеттик институт расмий статистиканы карап чыгып, Казакстандан Орусияга айрым товарларды жеткирүү кескин көбөйгөнүн аныктаган.

Маселен, телевизор, монитор жана проекторлорду экспорттоо 312 эсеге, эсептөө машинелерин экспорттоо 215 эсеге, телефондорду экспорттоо 88 эсеге көбөйгөн. Былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда быйыл сегиз айда Астана Москвага алюминий кычкылдарын 2,5 эсе, иштетилбеген цинкти 2,1 эсе, уранды 2 эсе көп саткан.

Орус аскерлери Украинага кол салган соң Батыштагы көп өлкөлөр техникалык жана электроникалык товарлардын узун тизмегин Орусияга жеткирүүгө тыюу салган. Мындан сырткары бул багыттагы товарларды ташып келген жүздөгөн компаниялар орус жергесинде ишин токтотуп чыгып кетишкен. Ошондой эле банктарга кирген чектөөлөр менен валюталык чектөөлөр да технологиялык жабдуулардын түз ташылып келишине тоскоол болду.

Казакстандан Орусияга электрониканын жана компьютердик техниканын көбүрөөк сатылып жатышы да ушуну менен түшүндүрүлүүдө. Адистер казак ишкерлери иш жүзүндө жабдууларды башка өлкөлөрдөн көбүрөөк сатып алып, орус рыногундагы муктаждыкты толтуруп жатканын белгилеп жатышат.

Bloomberg басылмасы октябрдын аягындагы иликтөөсүндө Казакстан тиричилик техникасын, анын ичинде кир жуугучтарды, муздаткычтарды жана электрдик сүт саагыч насосторун Европадан көп көлөмдө алып жатканын жазып чыкты. Медиа ошол эле маалда бул товарларды Астанадан Москвага жеткирүү көбөйгөнүнө басым жасайт.

Америкалык финансылык маалымат агенттиги Орусияда тиричилик техникасы дефицит болуп жатканын танбайт. Бирок реэкспорт болгон “электроникалардын компоненттери аскердик максатка да колдонулуп жатышы мүмкүн” деп эсептейт.

Мурдараак Батыш өлкөлөрүнүн аткаминерлери муздаткычтардын жана кир жуугуч машинелердин деталдары Орусиянын танктарынан табылганын айтып чыгышкан. Айталы, сентябрда Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен орус армиясынын адистери тиричилик техниканын микрочиптерин жана микросхемаларын аскердик жабдууларды оңдоого керектеп жатканын кеп кылган. Ушуга окшош жүйөнү май айында АКШнын соода министри Жина Раймондо да айтып чыккан.

Bloomberg өз баянында Улуу Британиядагы Коргонуу боюнча королдук институттун өкүлү Жеймс Бирндин сөзүнө таянган. Ал басылмага “керек болсо орусиялык куралдардын эң татаал системалары да, катардагы коммерциялык товарлардын микроэлектрондук компоненттерин колдонуу менен жасалат” деген эксперттик оюн билдирген.

Өзбекстан: телевизор, телефон жана микросхема

Орусия менен Өзбекстандын экономикалык карым-катышын баяндоо үчүн Ташкенттин маалыматтарын колдонобуз.

Өзбекстандын статистика боюнча мамлекеттик комитетинин отчётунда келтирилгендей, эки өлкөнүн соодасы 2021-жылдын сегиз айында 4,4 млрд. доллар болсо, 2022-жылдын сегиз айында 5,6 млрд долларга жетти. Башкача айтканда, сумма жыл башынан бери 27,1% өсүптүр.

Gazeta.uz басылмасы жазгандай, Өзбекстандын жалпы товар жүгүртүүсүндө Кытай биринчи орунду ээлесе, эң көп экспорт болгон өлкөлөрдүн сап башына быйыл Орусия чыккан. Ташкент Москвага былтыр ушул мезгилде болгону 1,2 млрд. долларлык товар жөнөтсө, быйыл 1,8 млрд. долларлык товар саткан. Ошондо экспорт 45,4% өскөн болот.

Көңүл буруучу жагдай, ошол эле маалда Өзбекстандын Кытайдан импорту көбөйгөн. Ташкент Бээжинден былтыр сегиз айда 3,2 млрд. долларлык товар ташып келсе, быйыл сегиз айда 4,2 млрд. долларлык товар сатып алган. Балким, бул көлөмдүн көбү реэкспортко, анын ичинде Орусияга кетип жатышы ыктымал.

Мамлекеттик статистика комитети сегиз айды жыйынтыктаган корутундусунда чет өлкөлөргө сатылган товарлардын үлүшүн көрсөткөнү менен, Орусияга экспорттолгон товарларды бөлүп берген эмес. Ошол себептүү Ташкенттен Москвага кайсы товарлар көбүрөөк жибериле баштаганын башка маалыматтар менен аныктап көрөбүз.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга айрым товарларды ташуу канчалык көбөйгөнүн чагылдырган коллаж.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга айрым товарларды ташуу канчалык көбөйгөнүн чагылдырган коллаж.

Өзбекстан адатта Орусияга өндүрүштүк товарларды, азык-түлүк, жашылча жана мөмө-жемиштерди, текстил материалдарын, кийим-кечек, газ, алтын жана тиричилик буюмдарын жеткирет. Жалпы экспорт өскөн соң бул товарларды жеткирүү да көбөйүп жатат деп түшүнөбүз.

Маселен, Өзбекстан январь-августта чет жакка энерго генератордук машинелерди жана жабдууларды сатууну 21,3 эсеге, адистештирилбеген машинелерди, өндүрүш жабдууларын жана автоунаалардын тетиктерин сатууну 4,3 эсеге көбөйткөн.

Өлкөнүн Статистика комитети сентябрда өзүнчө тараткан маалыматта, Өзбекстан тогуз айда 136 миң телевизорду сыртка экспорттогонун, бул былтыркыга караганда 26,1% көп экенин билдирген. Мунун эң көбү – 73 миң даанасы Орусияга жиберилген.

Жай айларында орусиялык “Ведомости” басылмасы смартфондорду өндүргөн Кытайдын Honor компаниясы өз товарларын Москвага Ташкент аркылуу ташый баштаганын жазган. Компания өзү Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга салган санкцияларына кабылып калбаш үчүн түз экспортун мартта токтоткон болчу. Honor бренди Орусияда сатылган смартфондордун ичинен 5-орунда турат.

Андан мурдараак, май айынын аягында АКШ өзбекстандык Promcomplektlogistic ишканасын Орусияга микросхемаларды жеткиргени үчүн санкциялык тизмеге киргизген. Ушул жана башка жагдайлар Москва санкциялардан буйтап, Өзбекстандан да көп товарлардын түрүн ташып жатканын күбөлөндүрүп турат.

Кыргызстан: мылтык мээлегичи, атыр жана тиш чукугуч

Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь-августунда 1,4 млрд. доллар болсо, 2022-жылдын январь-августунда 2 млрд. доллардан ашты. Мунун ичинде импорт да, экспорт да өскөн. Бирок биз экинчисинин жайына өзүнчө токтолобуз.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Бишкек Москвага былтыр сегиз айда 238 миллион долларлык товар жөнөтсө, быйыл бул убакытта 445 миллион долларлык буюм-тайым жеткирген. Мында өсүү 87% чейин болуп жатат.

Кыргызстан экспорттогон товарларды негизинен кийим-кечек, бут кийим, жез, жашылча жана мөмө-жемиштер, кургатылган жемиштер, автоунаа жана алардын тетиктери, товарларды таңгактоого керектелген жабдуулар, сүт азыктары, балык, кара металл жана башка нерселер түзгөн.

Жалпы көлөмү азыраак болгону менен айрым товарлар мурдагы жылдарга караганда кескин көбөйгөнү байкалат. Маселен, электр товарлары сегиз айда Орусияга болуп көрбөгөндөй көп кеткен. Анын ичинде кулакчындар, жылыткычтар, электр мештери, чачтарач аппараттары, электр устаралар, видеокамералар жана башка нерселер.

Factcheck.kg басылмасы статистикалык органдын маалыматтарын анализдеп чыгып, быйыл кулакчындар менен микрофондор Орусияга рекорддук суммада – 432 миллион сомго же 5,2 миллион долларга сатылганын тактады. Былтыр бул сумма болгону 2,2 миллион сом (26,4 миң доллар) болгон экен. Ошондо өсүү 200 эсе болуптур.

Былтыр бир да электр меши жөнөтүлбөсө, быйыл 24 миң даана кетиптир. Ал эми жылыткычтар өткөн жылы көп сатылбаса, быйыл Орусия Кыргызстандан аны 1 миллион 148 миң даана алып кеткен.

Кыргызстандык басылма ошондой эле быйыл жыл башынан бери Бишкек 67 миллион сомго 1 575 даана мылтыктын мээлегичтерин (прицел) сырттан импорттоп келгенин аныктады. Алар негизинен Кытайдан, Жапониядан, АКШдан келген. Кайра мунун бир бөлүгү, тагыраагы 284 даанасы Орусияга кеткен.

Кыргызстандын мылтыктын мээлегичтерин экспорттоосу жөнүндө маалымат. Factcheck.kg сайтынын инфографикасы.
Кыргызстандын мылтыктын мээлегичтерин экспорттоосу жөнүндө маалымат. Factcheck.kg сайтынын инфографикасы.

Демек, мында аталган буюм реэкспорт болгон деп бүтүм чыгарсак болот. Себеби, мурдагы жылдары импорттолгон мээлегичтердин саны да мындан аз болуп, дээрлик экспорттолчу эмес экен.

Баса, көптөгөн Батыш өлкөлөрү Орусияга кымбат баалуу зер буюмдарын, аялдардын косметикаларын, сумкаларын, ичимдиктерди, тамеки жана башка нерселерди экспорттоого чектөө киргизген. Вашингтон мындай 570 товарды Москвага сатууга тыюу салган.

Орусиялык импорттоочулар аталган товарларды санкцияга кошулбаган Кытай сыяктуу ири мамлекеттерден түз ташып келүүсүн күчөткөнү белгилүү. Бирок ошол эле маалда өнөктөш өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азия аркылуу алып жатат. Алардын ичинде сөзсүз Кыргызстан дагы бар.

Айталы, былтыр сегиз айда Москвага болгону 1 тонна атыр жөнөткөн Бишкек быйыл бул мөөнөттө 50 тонна атыр жеткириптир. Кыргыз ишкерлери мындан сырткары макияж каражаттарын экспорттоону 8 тоннадан 260 тоннага чейин көбөйткөн. Алар ошондой эле быйыл орус рыногуна 44 тонна тиш чукугуч, 22 тонна шампунь, 13 тонна самын алып барган. А былтыр булар иш жүзүндө сатылган эмес экен.

Кыргызстан ошол эле маалда бул аралыкта аталган товарлардын түрлөрүн сырттан ташып келүүсүн көбөйткөн. Анын ичинде Кытайдан көбүрөөк алып жатканы айтпаса да түшүнүктүү болсо керек. Себеби, былтыр сегиз айда Кыргызстандын Кытайдан импорту 800 миллион эле доллар болсо, быйыл бул аралыкта аталган көрсөткүч 2,5 миллиард долларга жетип кетип жатпайбы.

Тажикстан: сабиз, капуста жана транспорт тетиктери

Тажикстандын президентине караштуу статистика боюнча агенттик өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү боюнча маалыматтарды өз убагында жарыялабайт. Адатта өз сайтына мурдагы жылдардын гана көрсөткүчтөрүн жайгаштырып коёт.

Бирок тажикстандык сайттар да, орусиялык сайттар да эки өлкөнүн товар айлантуусу өсүп жатканын маалымдап келишти. Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен май айында Москвада көрүшкөн кезде, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү быйыл үч айдын жыйынтыгында 70% өскөнүн белгилеген.

Андан кийин сандар дагы кыйла өзгөрсө керек, пайыздык көрсөткүчтөр да ошого жараша ылдыйлагандай. Маселен, июнда Рахмон Путин менен Дүйшөмбүдө жолуккан маалда соода беш айдын эсебинде 50% өскөнүн айткан. Тажик тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин сентябрда Москвага барган учурда сегиз айдын санагында соода 40% өскөнүн кеп кылган.

Орусия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги ноябрдын башында билдиргендей, Орусия менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 2022-жылдын сегиз айында 922,6 миллион долларды түздү. Министрликтин эсебинде, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22% көп.

“Борбор Азия – Орусия” форматындагы жыйындын катышуучулары. 14-октябрь, 2022-жыл. Астана, Казакстан.
“Борбор Азия – Орусия” форматындагы жыйындын катышуучулары. 14-октябрь, 2022-жыл. Астана, Казакстан.

Кеңсеси Дүйшөмбү шаарында жайгашкан Asiaplustj.info басылмасы болсо ушул күндөрү Тажикстандын Бажы кызматына таянуу менен Орусия менен Тажикстандын товар жүгүртүүсү тогуз айда $1,22 млрд. долларды түзгөнүн кабарлады.

Бирок бул сумманын көпчүлүгү – 1,15 млрд. доллары Тажикстандын импорту. Алардын экспорту болгону 66 миллион долларга жеткен.

Тажик ишкерлери Орусиядан мунай заттарды жана күйүүчү майларды, көмүр, азык-түлүк, автоунаа, металл жана башка нерселерди ташып келет. Ошол эле маалда алар орус рыногуна жашылча жана мөмө-жемиштердин, кургатылган жемиштердин, азык-түлүктүн айрым түрлөрүн жана пахта жеткирет. Өз кезегинде Дүйшөмбү да Москвага айрым транспорттордун түрлөрүн жана алардын тетиктерин экспорттойт. Соңкусу көбүнчө реэкспорт экени түшүнүктүү.

Тажикстандын жалпы экспортунун негизин алтын, күмүш, алюминий, жез сыяктуу баалуу жана кара металлдар түзөт. Балким быйыл ушул товарлардын да экспорту өсүшү мүмкүн. Бирок расмийлер өз билдирүүлөрүндө көбүнчө айыл чарба азыктарын сыртка сатуу жанданып жатканын белгилешкен.

Экспорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Баходур Рахимзода жергиликтүү "Жумхурият" басылмасына май айында курган маегинде, республика быйыл көбүнчө жумуртка, кургатылган жемиш, сабиз, жүзүм, капуста, жер жаңгак, лимон, жаңгак сыяктуу азыктарды көп сатып жатканын айткан. Ал аталган товарларды экспорттоо өскөн өлкөлөрдүн сап башына Орусияны койгон.

Түркмөнстан: мөмө-жемиш жана жүн

АКШ, Европа Биримдигиндеги мамлекеттер жана башка Батыш өлкөлөрү Орусиянын санкциядан буйташына жардам берип жаткандарга улам-улам эскертүүлөрдү берип келет. Июль айында АКШнын Финансы министрлиги Өзбекстанды, Кыргызстанды, Казакстанды, Тажикстанды жана башка мамлекеттерди Орусия менен Беларуска ташып барууга тыюу салынган товарларды жеткириши ыктымал деген мамлекеттердин тизмесине кошкон.

Бул тизменин ичинде Түркмөнстан жок болчу. Бирок Орусия анын ири соода өнөктөшү болгону үчүн бул өлкөнүн деле ыктымал экспорттук чараларына кызыгып көрдүк.

Адатта түркмөн мамлекеттик органдары да соода-экономикалык карым-катыш тууралуу маалыматтарды көп чыгара бербейт. Түркмөнстандын Мамлекеттик статистикалык комитетинин сайтында негизи эле эч бир тармакка байланыштуу сандар келтирилген эмес. Ошого орус тараптын билдирүүлөрүнө таяналы.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедов июнда Москвада жолуккан маалда Кремль 2022-жылдын биринчи кварталындагы соода тууралуу маалымат чыгарган. Быйыл январь-мартта эки өлкө соодада $171,1 миллион долларлык алака кылган. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 45% көп болгон.

Орусия Федерациясынын Ашхабаддагы элчиси Александр Блохин ТАСС маалымат агенттигине сентябрда курган маегинде, беш айдын жыйынтыгын берген. Анын айтымында, Түркмөнстан менен Орусиянын быйыл январь-майдагы соодасы 278 миллион доллар болуп, өткөн жылдын ушул убактысына караганда 18% өскөн.

Мунун ичинен Орусиянын экспорту 197 миллион доллар болсо, Түркмөнстандын экспорту 81 миллион долларды түзгөн. Бул деген Москванын сатуулары 10%, Ашхабаддын сатуулары 27% көбөйдү дегенди түшүндүрөт.

Москва Ашхабадга көбүнчө автоунааларды, транспорттук каражаттарды жана жабдууларды, азык-түлүк товарларын жана айыл чарба тармагындагы чийки заттарды, химиялык өндүрүш продукцияларын, металлдарды жана андан жасалган буюмдарды сатат. Өз кезегинде Ашхабад Москвага текстил материалдарын, кийим жана бут кийимдерди, азык-түлүк товарларын, айыл чарба товарларын, химиялык өндүрүш продукцияларын жана каучуктарды жеткирет.

Бир катар басылмалар Россельхознадзор мекемесине таянып жазгандай, Түркмөнстандан жашылча жана мөмө-жемиштерди сатып алуу быйыл 30% өскөн. Мындан сырткары Ашхабаддан койдун жүнүн импорттоо 50% чейин арбыган.

Товардын кайсы түрү болбосун экспорттун өскөнү Борбор Азиядагы улуттук экономикалар үчүн жакшы. Бирок ошол эле маалда эл аралык санкцияларга илешип калуу коркунучу да бар. Жогоруда белгиленгендей, Батыш мамлекеттери Орусияга жардам берген мамлекеттерге экинчи деңгээлдеги чараларды колдонорун эскерткен.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG