Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Борбор Азия валюталарын кошо "сүйрөгөн" орус рубли


Америка доллары, орус рубли, кыргыз сому, казак теңгеси, өзбек суму, тажик сомониси жана түркмөн манаты. "Азаттыктын" коллажы.
Америка доллары, орус рубли, кыргыз сому, казак теңгеси, өзбек суму, тажик сомониси жана түркмөн манаты. "Азаттыктын" коллажы.

Орус рубли чет элдик валюталарга карата кайрадан турукташып, ал тургай мурдагы чегинен дагы жогорулады. Мунун артынан казак теңгеси, кыргыз сому, өзбек суму, тажик сомониси жана түркмөн манаты да салыштырмалуу күчтөндү. Москва Украинага кол салгандан кийин кабыл алынган Батыштын санкциялары рублди кескин төмөндөткөн. Ага улай борборазиялык валюталар девальвация болгон.

Жергиликтүү акча бирдиктеринин куну эмне үчүн кетти? Кайра кантип турукташты? Бул канчага чейин созулат? Дагы кандай тобокелдиктер бар? “Элдик экономика” түрмөгүндө ушул суроолорго жооп издейбиз.

Эмнеге орус рубли күчүн жоготту?

Орусиянын экономикасы президент Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааныгандан баштап биринчи соккуларга туш болду.

Москва жана Санкт-Петербург фондулук биржасындагы баалар 5-10% түштү. 24-февралда орус аскерлери украин жергесине басып кирген күнү орусиялык компаниялардын акциясы таптакыр төмөндөп, көбүнүкү нөлгө түшүп калды. Ошол эле маалда чет элдик валюталар кымбаттады.

75 рубль турган доллар 80-85 рублге чыкса, 85 рубль турган евро 90дон өйдө көтөрүлдү. Натыйжада Орусиянын Борбордук банкы биржаларды убактылуу жаап, андагы алып-сатууну токтотуп койду. Кийин ачылганы менен да улам-улам жабылып турду.

Февралдын соңунда Москвага каршы санкцияларынын алкагында Европа Биримдиги менен АКШ Орусиянын Борбордук банкына, Финансы министрлигине, Улуттук бакубаттуулук фондуна, Түз инвестициялар фондуна чектөө киргизди. Бул деген аталган мекемелер чет элдеги доллар жана евро түрүндөгү активдерин иштете албайт дегенди түшүндүрөт.

Адатта акча-насыялык жана валюталык саясатты жүргүзгөн Борбордук банк рублди туруктуу кармоо үчүн долларды, еврону же башка валютаны рынокко сатыкка чыгарып турат. Бирок санкциянын натыйжасында аталган орган эл аралык резервинде сактаган 640 млрд. доллардай акчасынын теңинен көбүн пайдалана албай калды.

Париждеги Саясий илимдер мектебинин профессору, белгилүү экономист Сергей Гуриев учурунда Батыштын Орусияга каршы бул инструментин “тарыхта болуп көрбөгөн көрүнүш" катары мүнөздөп, анын кесепетин болжоо мүмкүн эмес экенин айткан.

Ал эми экономист Сергей Алексашенко Борбордук банктын активдеринин камакка алынышын санкциялардын ичиндеги “өзөктүк куралдын баскычы” катары сүрөттөп, бул орус экономикасына чоң сокку урарын эскерткен.

Айтып оозун жыйгыча АКШ доллар банкнотторун, Европа Биримдиги евро банкнотторун Орусияга ташууга тыюу салды. Би-би-синин орус кызматы кабарлагандай, Орусиянын Борбордук банкы былтыркы жылы өлкөгө накталай 16 млрд. доллар, 8,1 млрд. евро алып кирген. Быйыл ушул сумма кирбей жатат деп түшүнсөк болот.

Мындан сырткары Батыш өлкөлөрү он чакты орус банкын SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүргөн. Орусиянын көпчүлүк банктарынын карталары чет жакта иштебей калды. Бул дагы валюталардын өлкөгө кирүүсүн бууду.

Чет элдик валюта сатылбаса, рынокто анын дефицити жаралат. Ал жергиликтүү валютанын күчүн ансайын жоготот. Соңку санкциялардын фонунда рублдин чет элдик валюталарга карата катышы тарыхый максимумга чыкты.

Ал күндөрү доллар 100-110 рублдин тегерегине, евро 115-120 рублдин айланасына чейин чыкты. Онлайн алмаштырууда баалар мындан да кымбат болчу. Айрым банктар онлайн акча алмаштырууга долларга 150-160 рублге чейин, еврого 200 рублге чейин нарк коюп жатышты. Акча алмаштыруучу жайларда, көмүскө рынокто баалар сатуучулар каалагандай сунушталып жатты.

Рубль кайра кантип турукташты?

Албетте, рублдин куну кетишине орус экономикасындагы жалпы кырдаал себеп болду. Бир жагынан Батыш өлкөлөрүнүн Орусиянын бир катар тармактарында экспорт-импортуна чектөө койду.

Маселен, АКШ Москвадан мунай, газ жана көмүр ташууга тыюу салды. TotalEnergies, Shell, British Petroleum сыяктуу ири эл аралык мунайгаз компаниялары Орусиядан чийки зат алуусун токтотту. Европа Биримдигиндеги мамлекеттер жана Улуу Британия да чектөө киргизип, бирок көз карандылыктан улам экспортту толук токтотуу артка жылып жатат.

Кургактыктагы жана деңизде жүк ташыган транспорттук компаниялардын бир бөлүгү Орусияга бойкот жарыялады, бир бөлүгү жеткирүүнүн шарттарын өзгөрттү.

Йель университетинин эсебинде, Орусиядан кеминде миңден ашык чет элдик компания чыгып кетти. Көбү биротоло, айрымдары убактылуу. Ушул эле топко Москванын чечими менен жабылган компанияларды кошсо болот. Демек, алар инвестиция салуусун токтотуп, болгон каражаттарын чыгарып кетүүдө.

Мына ушундай жагдайлардын баары орус валютасын мындан да алсыратышы мүмкүн эле. Себеби жогорудагы нерселер чет элдик акчанын өлкөгө кирип-чыгуусун дагы да азайтмак. Бирок орус бийлиги алдын алуучу чараларды шашылыш кабыл алды:

  • Жарандарга 10 миң доллардан ашык накталай акчаны өлкөдөн сыртка алып чыгууга тыюу салынды;
  • Коммерциялык банктарга накталай рублге чет элдик валюталарды сатууга чектөө коюлду;
  • Кардарларга банктын эсебинен 10 миң доллардан ашык акчасын берүүгө бөгөт коюлуп, калган сумма рубль менен гана бериле турган болду;
  • Борбордук банк насыялар үчүн коюлчу эсептик ченин 9,5 пайыздан 20% чейин көтөрдү.

Мындан сырткары президент Владимир Путиндин экспортко киргизилген чараларын төртүнчү жана бешинчи ыкма катары атасак болот. Мында жалпы товарларды чет жакка саткандар колуна тийген доллардын, же евронун 80 пайызын сөзсүз түрдө биржага сатууга милдеттендирилди. Ошондой эле ишкерлерге өздөрүндө бар валюталарды чет жакка жөнөтүүсүнө чектөө коюлду.

Өлкөнүн экспортунун өзөгүн түзгөн газды “дос эмес өлкөлөргө” сатууда төлөмдү доллар менен эмес, рубль менен алуу милдеттендирилди. Муну бардык өлкөлөр кабыл алган жок. Ошентсе да алды орус акчасы менен төлөм жүргүзө баштады. Алар акыга берчү рублди сатып алуу үчүн баары бир Орусиянын рыногуна доллар, евро же башка валюталарды киргизүүгө аргасыз болушууда.

Так мына ушул жана башка чаралар Москваны рублдин курсун турукташтырууга шарт түздү. Ал тургай согуштун алдындагы көрсөткүчтөргө караганда да кыйла төмөндөдү. Доллар марттын этегинде 90дон түшүп, апрелдин аяктарында 70тин тегерегине чыкты. Евро да марттын соңунда 100гө түшүп, апрелди 75 менен жапты. Майдын аяктарында доллар 55-65 рублден, евро 60-70 рублден бааланып калды. Бул 2017-2018-жылдагы көрсөткүчтөрдөн да төмөн деген сөз.

Финансы тармагындагы белдүү Bloomberg басылмасы майдын ортолорунда рублди башка 30 валютага салыштырмалуу өсүш көрсөткөн “эң күчтүү валюта” деп атады. Бул абал катардагы тургундардын көңүлүн жубатса, адистер муну реалдуу абалды чагылдырбаган курс деп эсептеп жатышат.

Орусиялык экономист Наталья Зубаревич “Азаттыкка” курган маегинде муну ачык эле “жасалма курс” деп атап, ал импорттун азайышы менен жана суроо-талапты мажбур тыюу менен шартталып жатканына токтолду.

Башка бир экономист Андрей Мовчан Фейсбуктагы баракчасында Борбордук банк долларды өзү койгон баа менен рыноктогу артыкчылык берилген сатып алуучуларга гана берип жатканын жазды. Ал курс менен башка ири оюнчулар ала албай жатат экен. Алса дагы алар жогору курс менен көмүскө рыноктон алууга аргасыз болушат.

Орусиянын финансы министри Антон Силуанов апрелде журналисттерге түшүндүрмө берип жатып, рублдин бекемделишин импорттун кыскарышы менен байланыштырган. Ал экспорт жылдагыдай эле катталып жатканын, ал эми импорт адаттан бир нече эсе аз болуп жатканын айткан.

Маселен, 2021-жылдын алгачкы беш айында Орусиянын импорту 111,8 млрд. доллар болгон. Москва согуштук абалдан улам тышкы соодасы тууралуу акыркы маалыматтарды жашырып койду, январь-февралдын эсебинде импорт 50 млрд. чек менен токтогон. Эгер беш айдын эсебинде былтыркынын 60-70% гана аткарылса, демек анда кеминде 30-40 млрд. доллар каражатты эч ким сатып алган жок деп бүтүм чыгарсак болот.

Мындан сырткары көп өлкөлөр Орусияга аба мейкиндигин жапканы үчүн сыртка саякатка чыккандар азайды. Катардагы тургундар ошондой эле алыскы өлкөлөрдөн товар сатып алып келүүсүн да убактылуу чектеп турат. Иш жүзүндө калктын басымдуу бөлүгү чет элдик валютаны көп сатып албай жатат.

“Райффайзенбанктын” экономисти Станислав Мурашов Би-би-синин орус кызматына курган маегинде “учурда Орусияда чет элдик валютага суроо-талап дээрлик жокко эсе” экенин белгилейт.

Финансылык рынокко таасир эткен башка дагы ондогон жагдайларды мисал келтирүүгө мүмкүн. Башкысы рублдун кайрадан күчтөнүшү негизинен ушул нерселер менен байланыштуу болду.

Мындан ары кандай болот?

Экономист Андрей Мовчан мындай ыкмалар менен рублдин чет элдик валюталарга карата катышын каалаган курста кармап тура берүүгө мүмкүн экенин жазып жатат. Ал “кааласа доллар менен рублдин курсун тең-тең кылып койсо деле, 1 долларды 75 копейка кылып койсо деле болорун” белгилейт.

Адис муну “азык-түлүктү алууга тыюу салып, инфляцияны токтотуп коюу менен”, же “кеселдерди өлтүрүп, ооругандардын санын кыскартуу менен” окшоштурат. Бирок ал чыныгы абалды чагылдырабы? Албетте, жок. Ошол сыңары эле басым менен кармалган акчанын курсу дагы реалдуу жагдайга тиешеси жок. Ал экономикалык ишмердүүлүктө иштебейт.

Негизи чет элдик валюталардын курсун өтө төмөндөтүүгө Кремл өзү деле анча кызыкдар эмес. Себеби ал түздөн-түз бюджетке таасир этет. Тагыраагы, экспортко кетчү товарлар баары бир долларга же еврого сатылып, бирок казынага рубль түшөт. Алар арзандап кетсе, киреше да азайып кетпейби.

Айталы, ошол эле Bloomberg басылмасынын эсебинде Орусия быйыл мунай менен газды сатуудан жалпы 321 млрд. доллар табат экен. Курсту 100 менен санасак бул сумма 32 триллион рубль болот, 50 менен санасак 16 триллион рубль болот. Доллар менен рублдин катышы тең-тең болуп калса, анда киреше 1 триллион рублга жетпей калууда.

Мунун баары казынага кирбей турганы түшүнүктүү, бирок негизги сумма азайса, түз алынчу сумма деле азаят. Ошол себептүү Москва курс төмөндөгөн сайын аны кайра көтөрүүгө аракет кыла баштады. Жогоруда биз белгилеген чараларын жумшартып, жок дегенде аны туруктуу кармоону максат кылууда.

Биринчиден, Борбордук банк насыялар үчүн коюлчу эсептик ченин 20% ылдыйлатып жатып, акыры 11% чейин түшүрдү.

Эсептик чен - насыялоо тармагында колдонулуучу финансылык термин.

Бул каржылык саясатты алып барган мамлекеттик банк коммерциялык банктарга берген насыянын же карыздын үстөк пайызы. Башкы банктын эсептик чени канчалык жогору болсо, менчик банктардын калкка берген насыясынын үстөк пайызы да ошончолук жогору болот деген сөз. Эсептик чен түшкөн сайын коммерциялык банктардын да үстөк пайызы ылдыйлайт. Натыйжада эл көбүрөөк насыя ала баштайт. Бул рынокто акчаны кайрадан жүгүртүүгө шарт түзөт.

Экинчиден, чет элдик валютадагы кирешесинин 80% сөзсүз түрдө рынокко сатууга милдеттендирилген экспортёрлорго бир аз жеңилдик берилди. Алар эми доллар, же евродон турган каражаттарынын 50% гана биржага чыгарат. Калган валютаны өз эсебинде сактоого укуктуу.

Үчүнчүдөн, жергиликтүү компанияларга чет жактагы акционерлердин дивиденддерин төлөп берүүгө, алардын инвестицияларын кайтарууга жана башка нерселерине уруксат берилди. Болгону каражат ошол өлкөнүн валютасы менен, же рубль менен аткарылышы кажет.

Орусиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина кабыл алган чараларга карабай, рублдин курсу “эркин калкуу принциби менен эле кала берерин” билдирүүлөрүндө улам-улам айтып жатат. Бирок чынында андай эмес экенин экономисттер жакшы түшүнүп турат.

Орусиялык “Прайм” экономикалык агенттигине курган маегинде жергиликтүү аналитик Егор Жильников бийлик ушундай чаралар менен доллардын курсун 70-75 рублдин тегерегинде кармап турууга аракет кыларын билдирген. Анын пикиринде, жыл соңуна чейин доллар 80 рублдин айланасында чыгышы ыктымал.

Ошентсе да адистер узак мөөнөттүү аралыкта рублдин тагдырына так болжол бере албай турушат. Анткени баары Украинадагы согуштун жүрүшүнө байланыштуу болот. Москва аны канчага чейин улантат? Киев орус аскерлерин кайра качан сүрүп чыгарат? Тараптар сүйлөшүүгө келип, ок атышууну токтото алышабы? Батыш өлкөлөрүнүн санкциялары канчалык эффект берет? Орусиянын экономикасынын, анын ичинде улуттук валютасынын мындан аркы абалы ушул суроолордун жообунан көз каранды.

Азырынча рублге кескин таасир этиши мүмкүн болгон эки жагдайды белгилеп туралы. Биринчиси – ыктымал дефолт.

Батыш өлкөлөрү Орусиянын Борбордук банкынын чет жактагы валюталык резервдерин бекитип койгондон кийин Москва тышкы карыздарын алгач башка булактардагы доллары менен төлөп жатты. Иш жүзүндө алар майдын башында чет элдик валютасы түгөнүп, карыздарын тейлей албай – дефолтко кабылат деп айтылган. Бирок орус бийлиги бересесин рубль менен төлөй баштады.

Орусияга карыз берген чет жактагы финансылык уюмдар рублди канчага чейин ала беришери белгисиз. ТАСС агенттиги жазгандай, финансы министри Антон Силуанов “дефолт” болушу мүмкүндүгүн четке каккан эмес. Бирок ал аны “техникалык дефолт” деп атап, болсо да экономикага чоң таасир этпей турганына ишендирген. Адистердин эсебинде, дефолт июлда, же августта катталышы мүмкүн.

Экинчи маселе – ыктымал эмбарго. Европа Биримдиги Москванын Украинага кол салганына байланыштуу киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетинин алкагында уюмга мүчө мамлекеттерге Орусиянын мунайын жана мунай затын ташып кирүүгө толук тыюу салууну караштырууда. Бул чектөө алты айдан кийин, же тогуз айдан кийин киргизилиши мүмкүн.

Албетте, чечим күчүнө кириши үчүн аны Евробиримдиктеги 27 мамлекет бирдей жактырышы керек. Венгриянын, Чехиянын, Болгариянын жана Словакиянын бийликтери аны толук колдобой жатканы белгилүү.

Бирок эгер айрым өлкөлөргө уруксат берүү менен эмбарго кабыл алынып калса, бул дагы рублдин олку-солкулугуна түздөн-түз таасир этет. Себеби орус мунайы Европага сатылбай калса, бул кайра эле Орусиянын рыногуна доллар менен евронун кирүүсүн чектейт.

Украин тараптын дагы, орус тараптын дагы аткаминерлеринин арасында, эксперттер чөйрөсүндө дагы тиреш узакка созулган позициялык согушка айланганын белгилеп жатышат. Демек, кеп болуп жаткан өлкөнүн экономикасында “сюрприздер” али көп болчудай.

Сомдун куну эмне үчүн түштү жана кантип көтөрүлдү?

Чөлкөмдө салыштырмалуу кубаттуу экономикага ээ болгону үчүн Орусиядагы өзгөрүүлөр көп өлкөлөргө таасир этет. Анын рыногундагы терс көрүнүштөр айрыкча Евразия экономикалык биримдигиндеги жана Борбор Азиядагы мамлекеттерге түздөн-түз кедергисин тийгизет.

Муну биз коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда, азыр Украинадагы согуштун фонунда дагы да көбүрөөк байкап жатабыз.

Кыргыз экономикасы Орусия менен негизинен эки нерседе байланышат: соода жүгүртүү, акча которуу. Болгондо да эки көрсөткүчтө тең Москва эң негизги орунду ээлейт.

Мисалы, Кыргызстандын 2021-жылдагы тышкы соода жүгүртүүсү жалпы 7,2 млрд. долларды түзгөн. Мунун 2,2 млрд. доллары, же 31,6% Орусияга туура келген. Анын ичинен 1,9 млрд. доллары Бишкектин импорту.

Ал эми чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер былтыр Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которсо, мунун 97% Орусиядан жөнөтүлгөн. Мурдагы жылдардагы сандар деле мындан көп айырмаланбайт.

Так ушул факторлор кыргыз сомун орус рублине кайсы бир деңгээлде көз каранды кылып турат. Сомдун рублди ээрчүүсүнө бир чети жогорудагыдай рыноктук мыйзамдар мажбурласа, экинчи чети ага кыргыз бийлиги да кызыкдар.

Ачык айтылбаганы менен Кыргызстандын Улуттук банкы рубль кунун жоготкон сайын сомду да коё берип, анча-мынча айырма менен эки валютаны дайыма тең кармап турууга аракет кылат. Себеби Орусияда иштеген мигранттардын акчасы сомго которгондо азайып кетпеш керек жана Орусияда рубль менен товар сатып келүү кыйынчылык туудурбашы зарыл.

Февралда доллар менен рублдин катышы кескин өскөн учурда доллар менен сомдун катышы да дароо секирди. Дээрлик эки жылча 84-85 сомдун тегерегинде, туруктуу кармалып келген америкалык валюта февралдын аягында 95 сомго, марттын башында 105 сомго чейин чыкты.

Орус акчасы менен кыргыз акчасы иш жүзүндө удаа күчүн жоготту. Болгону сом бир аз кубаттуураак жүрдү. Көмүскө рынокто баалар расмий курстан да чоң эле жана дагы кайсы чекке чейин барары белгисиз болчу.

Натыйжада Кыргызстандын Улуттук банкы түрдүү чараларды кабыл алды. Биринчиден, бир нече жолу интервенция жасап, рынокко доллар чыгарды. Жыл башынан бери иш жүзүндө 284 млн. доллар сатты. Ортодо азыраак сумманы кайра сатып алды.

Экинчиден, марттын ортолорунда долларды накталай Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгарууга тыюу салды. Расмий чечмеленбеген менен адистер бул чараны чет элдик валютанын чет жакка агылуусун токтоткон чара катары мүнөздөшкөн.

Экономист Искендер Шаршеев түшүндүргөндөй, ошол убакта согуштук кырдаалдан улам Бишкекке жана Ошко жапырт келген Орусиянын жарандары же узакка жайгашып, же үчүнчү өлкөгө чыга башташкан. Алар рублге көп суммада доллар сатып алып чыгып кетсе, ал Кыргызстанда дефицит жаратмак.

Үчүнчүдөн, башкы каржы көзөмөл мекемеси сом менен рублдин курсун кросс-курс ыкмасында аныктоого өттү. Бир валюта менен экинчи валютанын катышы үчүнчү валютанын негизинде чечилген ыкма кросс-курс деп аталат. Биздин шартта рублдин баасы ал долларга канчага сатылып жатканына карап чечилет.

Курс мурда Москва банктар аралык валюталык биржасындагы баалардын негизинде аныкталса, жаңы тартипте рубль менен доллардын курсу “Блумберг” маалымат агенттигинен жана “Рейтерс” маалымат агенттигинен гана ала турган болду. Себеби жогоруда белгилегендей, орус бийлигин чектөөлөрүнөн улам Москва биржасы “жасалма курс” көрсөтүп жатат.

Төртүнчүдөн, Улуттук банк өзүнүн эсептик ченин 8 пайыздан 14% чейин көтөрдү.

Орусияныкына окшош ушундай чаралар Кыргызстанда да эффект берип, марттын ортосунан өтүп чет элдик валюталар арзандай баштады. Доллар алгач 100 сомго түшүп, апрелдин башына чейин кайра 85 сомго келип калды. Майдын ортолорунда 80ден ылдыйлап, ай соңунда кайрадан 85ке чыкты. Бирок расмий курс азырынча 80 сом болуп турат.

Тартыштык токтойбу же уланабы?

Иш жүзүндө кымбаттаган учурда да, азыр кайра арзандаган учурда да Кыргызстанда америкалык валютаны сатып алуу түйшүктүү болуп жатканы белгилүү. Күнү келгенде ишкерлер керектүү сумманы таба албай калышарын даттанып келишет.

Муну Кыргызстандын Соода түйүндөр ассоциациясынын президенти Дамира Дөөлөталиева, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов айтып чыккан. Парламенттин апрелдин соңундагы жыйынында Осмоновго жооп берип жатып, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш Кыргызстанда “накталай доллардын тартыштыгы болуп жатканын” моюнга алган.

Улуттук банк ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн апрелден тарта акча которуулар системасынын эрежелерин убактылуу өзгөртүп, чет жактан жөнөтүлгөн акчаны ал салынган өлкөнүн валютасында, же сомдо алууга милдеттендирди. Башкача айтканда, жарандар АКШдан жөнөтүлгөн долларды гана доллар түрүндө алат. Ал эми Орусиядан доллар келсе рубль, же сом менен гана ала алат.

Мындан сырткары бир катар банктарда доллар сатып алууда 500 долларлык бейрасмий чек коюлганы ачыкка чыккан. Economist.kg сайты болсо акыркы күндөрү Бишкектеги айрым акча алмаштыруучу жайлар накталай долларды дээрлик сатпай жатканын жазды.

Ушунун баары Кыргызстанда чет элдик валютанын тартыш болуп жатканын күбөлөндүрөт. Анын согуштук кырдаалга гана байланыштуу эмес, түбү тереңирээк. Тагыраагы, тышкы соода жүгүртүүдөгү терс баланстын кесепетинен.

Эгер акыркы он жылды алсак, Кыргызстандын тышкы соодасы 5 млрд. доллардан 7 млрд. долларга чейин болуп келген. Мунун ичинде 3 -6 млрд. чейинкиси импорт, 1 -2 млрд. чейинкиси экспорт.

Импорт үчүн кыргызстандыктар долларды сыртка чыгарат, ал эми экспорт кылсак тескерисинче, өлкөгө доллар кирет. Экөөнүн айырмасын алганыбызда, өлкөдөн жыл сайын 3-4 млрд. доллар накталай акча сыртка чыгып кетип жатат.

Муну жөнгө салуу үчүн Кыргызстан импортунун ордун толтурууга, же экспортун көбөйтүүгө барышы керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок жана ал өзүнчө сөз. Канткен күндө да, 10 жылдыкын эле орточо чаксак Кыргызстандан 30 млрд. доллар башка жакка чыгып кеткен болот.

Мурдагы экономика министри, ишкер Эмил Үмөталиев “сомдун доллар менен еврого карай күчтөнүп жатышы – убактылуу экенин, буга алданбаш керектигин” эскертүүдө. Себебин ал дагы так ушул импорттун көптүгү менен байланыштырат.

Кыргызстанда доллар тартыштыгына себепчи болгон дагы бир маселе бар. “Акчабар” сайты финансы мекемелериндеги өз булактарына таянып жазганына караганда, АКШ жана Европа мамлекеттери Кыргызстандын банктарынын корреспонденттик эсептери мурда эле жаап салган. Ошол себептүү алар накталай долларды Орусиядан сатып алууга аргасыз болушкан.

Экономист Марат Мүсүралиев “Клооп” басылмасына берген түшүндүрмөсүндө, Кыргызстандын кредиттик рейтингинин начардыгынан кыргыз банктарына Батыш мамлекеттеринин банктары негизи эле корреспонденттик эсеп ачпаганын билдирген. Орусиядагы эсептери так ошол санкцияларга кабылган банктарда болуп келген. Демек, Москвадагы соңку жагдайларды эске алганда, бул бир топ чочутат. Себеби ал жактын өзүндө доллар тартыш болуп жатканына жогоруда токтолдук.

Теңге, сум, сомони жана манат

Орусиядагы валюталык кризис Кыргызстандан сырткары Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге кандай таасирин тийгизүүдө?

Постсоветтик алкакта тургандыктан алардын экономикасы баары бир орус экономикасына тыгыз байланыштуу, кайсы бир деңгээлде көз каранды.

Маселен, Казакстан 2021-жылкы тышкы соода жүгүртүүсү жалпы 100 млрд. доллардан ашса, ошонун 24 млрд. доллары, же 24% Орусияга туура келген. Бул сумманын 17,9 млрд. доллары Нур-Султандын импорту. Өлкөлөрдүн үлүшүндө ал биринчи орунда турат жана андагы кырдаалга кыйыр болсо да байланыштуу экени көрүнүп турат.

Салыштырмалуу Казакстан сырттан акча которууларга көп көз каранды эмес. Бирок ошентсе да анын санагында Орусия алдыңкы орунда. Быйыл алгачкы айлардын эсебинде ал жактан жөнөтүлгөн суммалар былтыркыга салыштырмалуу кыйла азайганы байкалды.

Орусия Украинага кол салгандан кийин рубль менен чогуу теңге да күчүн жоготкону жогорудагы жүйөлөрдү ырастап турат. Долларды алсак, 1 америкалык валюта февралда 425-435 теңгеге бааланып турса, мартта 515-525 теңгеге чейин кымбаттап кетти. Бул теңгенин тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Казак бийлигинин жана Улуттук банкы да долларды сыртка чыгаруу тыюу салып, интервенция жасап жатты. Ушул сыяктуу түрдүү чаралардан кийин гана курс апрелде кайрадан ылдыйлады. Майда доллар менен теңгенин катышы 415ке чейин түшүп, кайрадан 435тин тегерегине чыкты. Башкача айтканда, баштапкы курсуна келди. Kapital.kz сайты жазгандай, жыл соңуна чейин доллардын наркы 480 теңгенинин тегерегине көтөрүлөт деп болжоп жатышат.

Согуштун фонунда Өзбекстандын улуттук валютасы – сум дагы кунун жоготкон. Февралда 1 доллар орточо 10 миң 800 сумга бааланып турса, мартта ал 11 миң 800 сумга чейин көтөрүлдү. Буга чейчин сум чет элдик валютага карата кунун мынчалык жоготкон учур болгон эмес.

Ортодо бир катар банктар долларды алмаштырууга, которууга жана сатууга чектөөлөрдү киргизди. Акча алмаштыруучу жайларда курс расмий курстан кыйла айырмаланат. Апрель-майда кайрадан бир сыйра турукташып, азыр курс 11 миң сумдун тегерегинде кармалып жатат. Жергиликтүү ишкер Тахир Сабиров курс 15 миң сумга чейин чыгып кетиши мүмкүн экенин, болгону бийлик басым менен кармап турганын “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирген.

Сумдун куну кеткен себебин деле Ташкенттин жана Москванын экономикалык байланыштары менен түшүндүрөбүз. Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылы 42 млрд. доллар болсо, анын 17,7%ын Орусия менен алып-сатуу түзгөн. 7,5 млрд. долларлык товардын көбүн өзбек ишкерлери ташып келген.

Мындан сырткары былтыр чет жактагы мигранттар Өзбекстанга 8,1 млрд. доллардай каражат которсо, анын 55% Орусиядан жөнөтүлгөн.

Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов быйыл баштапкы айлардын эсебинде мигранттардын акча которуусу кыскарып жатканын мурдараак журналисттерге билдирген.

Тажикстан дагы орус экономикасы көбүрөөк көз каранды өлкө болуп саналат. Өлкө былтыр башка мамлекеттер менен 6,4 млрд. долларлык соода жүгүртсө, анын 21% Орусия менен болгон. Анын дээрлик баары Дүйшөмбүнүн импорту. Жыл башынан бери товар ташып келүү канчага кыскарганы белгисиз.

Орусияда 1-2 миллионго чейин тажик мигранттары иштейт. Алар жылына 2 млрд. доллардай сумманы мекенине жөнөтөт. Орусияда жумуш кыскарып, акча жөнөтүүлөр дагы азайганы байкалды жана ал дагы жергиликтүү валютаны олку-солку абалга кептеди.

Акыркы эки жылда 1 доллар 11,25-11,35 сомони болуп келсе, быйыл мартта ал 13 сомониден жогорулап кеткен. Бул өлкөдө банктардан сырткары жайларда акча алмаштырууга тыюу салынган. Ошол себептүү калк валюта алууда банктардын көзүн карайт. Кризистик маалда алар долларды сатууда бир топ чектөөлөрдү киргизип жатышты.

Тыюу салынганына карабай өлкөдө көмүскө базарда чет элдик валюталарды алып-саткандар бар. Дүрбөлөң түшкөн күнү алардын күнү тууп, долларды расмий курстан дагы 15-20% кымбат сатып жатышты. Ушул тапта курс кайра төмөндөп 1 доллар 12,30-12,50 сомонинин тегеренде кармалууда. Башкача айтканда, курс түштү, бирок кайра мурдагы чегине келген жок.

Чөлкөмдө Түркмөнстандын валютасы – манаттын баянын айтуу бир аз кыйынга турат. Себеби атворитардык өлкөдө рынок катуу көзөмөлдө турат жана маалыматтар көп ачыкка чыкпайт.

2015-жылы Kapital.kz басылмасы Украинадагы орусиячыл жикчилдердин тополоңу жана Орусиянын Крымды аннексиялашы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн бардыгынын валютасына таасир эткенин жазган. Анын ичинде эң чоң кесепет түркмөн манатына тийгени айтылган.

Тагыраагы, 2008-жылдан бери козголбой келген түркмөн манаты ошол жылдары 22% күчүн жоготкон. Өлкөнүн Улуттук банкы 2015-жылдын башында 1 доллардын наркын 2,85 манаттан 3,50 манатка көтөргөн. Иш жүзүндө түркмөн бийлиги бул курсту бекитип койгон жана ошондон бери таптакыр өзгөргөн эмес.

Бирок реалдуулукта көмүскө рынокто акча алмаштыргандар аны кымбатыраак сатышат. Өзгөчө кризистик маалдарда чет элдик валютанын баасын он эселетип кымбаттатып жиберишет.

Маселен, былтыр “Азаттыктын” түркмөн кызматы көмүскө базарда доллардын наркы 20-30 манатка чейин жеткенин жазган. Айрым жерлерде баа 40 манатка чейин жетип, кайра 20 манатка түшкөнү айтылган. Орусия баштаган Украинадагы соңку согуштук аракеттерден кийин чет элдик валюта кайра кымбаттаганы маалымдалды.

Жалпы жонунан Борбор Азиядагы валюталардын баарынын курсу орус рубли менен удаа көтөрүлүп, кайра чогуу төмөндөп жатканын байкап жатабыз. Чөлкөмдөгү дээрлик бардык өлкөлөрдө ушу күнгө чейин доллардын тартыштыгы сезилип жатат.

Орусиялык “Эксперт РА” агенттигинин макроэкономикалык анализдөө жана болжолдоо бөлүмүнүн директору Антон Табах “Клооп” басылмасына билдиргендей, Орусиядан Борбор Азия мамлекеттерине, көбүнчө Казакстанга, Өзбекстанга жана Кыргызстанга капиталды чыгарып кетүү улана берет.

“Бул фактор Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн валюталарына басым бирдей болот дегенди түшүндүрөт”,-деген эксперт аталган медиага.

Дагы бир жагдай доллар көтөрүлгөн учурда чөлкөмдөгү мамлекеттердин баарында азык-түлүк, күйүүчү май жана башка товарлар да кымбаттап кетти. Доллар кайра арзандаган учурда баалар салыштырмалуу анча түшкөн жок.

Кыргызстандын мурдагы экономика министри Жеңишбек Байгуттиев мунун себебин согуштук жана санкциялык кырдаалга байланыштуу товар ташуудагы логистикалардын бузулушу менен түшүндүрүүдө.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG