Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Кыргызстандын экономикасы өсүштөн өксүйбү?


Иллюстрация сүрөт. Эл аралык институттардын эсебине ылайык, экономиканын начарлашы инфляциянын күчөшү менен коштолот.
Иллюстрация сүрөт. Эл аралык институттардын эсебине ылайык, экономиканын начарлашы инфляциянын күчөшү менен коштолот.

2021-жылы ишкердик чөйрө кайрадан активдешип, эми экономика өнүгөт деген үмүт пайда болгон. Министрлер кабинети быйыл ИДП 6,5 пайызга өсөт деген бийик чекти белгиледи. Бирок Украинада согуштун кесепети тийип, Кыргызстанда экономика төмөндөп, баалар асмандайт деген божомолдор айтылууда.

Эң эле кейиштүү божомолду Дүйнөлүк банк жасады. Украинадагы жаңжал жана Орусияга каршы санкциялар Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө кыйла кедергисин тийгизүүдө дейт бул уюм өзүнүн апрелдеги серебинде. ИДПнын кыскаруусуна негизинен акча которуунун азайып кетиши себеп болушу ыктымал.

“Божомол боюнча экономика 5 % начарлайт, буга негизинен акча которуунун 33% азайышы жана инвестициялык чыгымдардын кыскарышы таасир этет”, – деп чечмеледи ДБ.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, инфляция 18% жетиши мүмкүн. 2010-жылы гана (бийлик күч менен алмашылып, өлкөнүн түштүгүндө этностор аралык чыр-чатак чыккандыгына байланыштуу) мындан жогору болгон. Акча которуунун кыскарышы, азык-түлүктүн кымбатташы, өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнүн азайышы жакырчылыкты ого бетер оорлотуп ийиши мүмкүн деп эскертет бул институт.

Инфляция дээрлик ушул деңгээлде болорун Азия өнүктүрүү банкы да божомолдоп жатат. 2022-жылы баалар 15 % өсөт, буга негизинен газдын жана отундун кескин кымбатташы, мунун айынан тамак-аш жана башка товарлардын баасы өсүшү себеп болот дешет АӨБ адистери.

Кооптуу жагдайга карабастан, Азия өнүктүрүү банкы ИДП аз (2 %) болсо да өсөт деп күтүп жатат. Бирок Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда эң төмөн көрсөткүч болжолдонууда.

2020– 2021-жылдардагы ИДПнын факт жүзүндөгү көрсөткүчтөрү, ошондой эле АӨБдүн 2022–2023-жылдарга божомолу:
ИДП өсүшү
Инфляция

2020

2021

2022

2023

2020

2021

2022

2023

Армения

-7,4%

5,7%

2,8%

3,8%

1,2%

7,2%

9,0%

7,5%

Азербайжан

-4,3%

5,6%

3,7%

2,8%

2,8%

6,7%

7,0%

5,3%

Грузия

-6,8%

10,6%

3,5%

5,0%

5,2%

9,6%

7,0%

4,0%

Казакстан

-2,5%

4,0%

3,2%

3,9%

6,8%

8,0%

7,8%

6,4%

Кыргызстан

-8,4%

3,6%

2,0%

2,5%

6,3%

11,9%

15,0%

12,0%

Тажикстан

4,5%

9,2%

2,0%

3,0%

9,4%

8,0%

15,0%

10,0%

Түркмөнстан

,,,

5,0%

6,0%

5,8%

10,0%

12,5%

13,0%

10,0%

Өзбекстан

1,9%

7,4%

4,0%

4,5%

12,9%

10,7%

9,0%

8,0%

Бирок Азия өнүктүрүү банкынын божомолу дагы өзгөрөт. Банктагылар айткандай, апрелде жарыяланган серептин көрсөткүчтөрү кыйла эле мурун топтолгон.

Азиянын өнүгүүсүнө сереп – 2022” отчётундагы божомолдор жыл башында жасалган эле, анткени бардык көрсөткүчтөр үчүн соңку мөөнөт 9-март болчу. Божомолдор жылдын орто ченинде жаңыртылат", – деп түшүндүрдү “Азаттыкка” АӨБдүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн экономика жана долбоорлорду пландоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлкайыр Тентиева.

Эл аралык валюта фондунун эксперттери кыйла жумшак божомол кылууда. Мурун бул уюм Кыргызстандын ИДП өсүшү 6,2 % болот деп келген эле, бирок геосаясий окуяларга жана дүйнөлүк чийки зат базарларындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу бул көрсөткүчтү 0,9 % төмөндөттү. ЭВФ эсеби боюнча инфляция 14,2 % түзөт.

“Согуштун таасири чоң болууда”

Азия өнүктүрүү банкы Украинага Орусиянын бастырып кириши Азия өлкөлөрү үчүн эӊ олуттуу коркунуч жаратат деп эскертип жатат. Согуш азыртан эле экономикага таасир этип, чийки зат товарлар кескин кымбаттап кетти. Ал каржы базарларындагы туруксуздукту күчөттү.

Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

“Биздин өлкөнүн экономикасы ачык, ЕАЭБдеги негизги соода шериктештеринин экономикасы менен тыгыз байланышкан, дүйнөлүк товар жана чийки зат базарларындагы кырдаалга көз каранды. Ошондуктан биздин экономикалык башкы өнөктөшүбүз болгон Орусияга каршы санкциялар биздин өлкөнүн экономикасына кыйыр болсо да кыйла чоӊ таасир этүүдө”, – дейт Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Экономика министрлиги 2022-жылга чоӊ үмүт артып келген эле. Бул мекеме соӊку сегиз жылдагы эң чоӊ жетишкендик – 6,5 % экономикалык өсүш болот деп күткөн.

“Экономикалык өсүштүн негизги багыты өнөр жай сектору болот, өнөр жайдагы өндүрүштүн реалдуу өсүшү 14,9 % түзөт деп болжолдонууда. Айыл чарбасындагы өсүш ылдамдыгы 2,3 % деӊгээлинде болот. Тейлөө чөйрөсүндөгү өсүш 5-6 % түзөрү күтүлүүдө”, – деп үмүттөнгөн эле декабрда министр Амангелдиев.

Экономика министрлигинин жаӊыртылган божомолу азырынча жасала элек. “Азаттыкка” министрликтегилер айткандай, эксперттер азыр жаңы эсепти тактоо менен алектенүүдө.

Бирок марттын соңунда ал кездеги тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Министрлер кабинети жагдайдын өтө начарлап кетишине даярданып жатат деген эле.

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

“Биздин бийликтегилер экономиканы кубаттандыруу үчүн иштеп, бул санкциялардын кесепетин колдон келишинче азайтууга аракеттенүүдө. Бирок азыр биздин божомолдор көрсөткөндөй, экономика 5тен 10 % чейин төмөндөшү мүмкүн”, – деди ал немистердин Deutsche Welle (DW) басылмасына берген маегинде.

Казакбаев биздин өлкө өзүнүн энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна тиешелүү маселелерге катуу тынчсызданып жатат деп кошумчалаган.

Үзүлбөгөн үмүт

Кырдаалдын оордугуна карабай, биринчи айларда Кыргызстандын экономикасы дурус эле абалда келатат. Биринчи чейректе ИДП 4,4 % өстү, болгондо да бул экономиканын бардык секторлорунда байкалды.

Экономика министрлигиндегилер белгилегендей, өсүштүн негизги шарттары Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болгон кошуна өлкөлөрдүн экономикалык күч-аракетине байланышкан. Калктын вакцина алган катмарынын калыңдыгы тейлөөнүн көптөгөн секторлорундагы чектөөлөрдүн жоюлушуна өбөлгө түздү.

Эл аралык институттар келерки жылы Кыргызстандын экономикасы жакшы өсүшкө жетишет деп бир ооздон айтууда. АӨБ ИДП өсүшү 2,5 пайыз болот деп болжолдосо, Дүйнөлүк банк 3,2 пайыздан кем болбойт деп эсептейт. Бирок бул үчүн дүйнөдөгү кырдаал оңолушу, ички саясий туруктуулук болушу зарыл деп белгилейт бул уюм.

Эң жакшы божомолду Эл аралык валюта фонду жасап жатат – ал Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 2023-жылы 5 % жетиши мүмкүн дейт.

Макаланын түп нускасын бул жерден окуй аласыз.​

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG