Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:10

Пенсиялык куракты көтөрүп, жеңилдиктерди жоюу сунушу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети пенсияга эрте чыгуу укугун жана жеңилдиктерди берген категорияларды жоюуну сунуштап жатат. Пенсиялык реформада аялдардын пенсия курагын дагы жогорулатуу да каралган. Өкмөттүн бул сунушуна каршы болгондор да бар.

Өкмөттүн сунуштарын колдобогондор да бар, карапайым калк арасында нааразы болгондор дагы жок эмес. Кыргызстанда ар бир экинчи же жалпы пенсионерлердин 48% көрсөтүлгөн курактан 3 жылдан 10 жылга чейин эрте пенсияга чыгышкан. Өкмөт ушул себептен да пенсиянын көлөмү аз болуп жатканын айтып, системаны өзгөртүүнү сунуш кылууда.

Жогорку Кеңеш 11-апрелде пенсиялык реформа боюнча парламенттик угуу өткөрдү:

"Эрте куракта пенсияга чыкканды жоюшубуз керек"

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева жеңилдик менен пенсияга чыгуучулардын мөөнөтүн этап-этабы менен жогорулатуу зарыл дейт. Ал эми мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга да тыюу салуу каралып жатканын айтып, себебин мындайча түшүндүрдү:

"Пенсияга эрте чыкканда алардын алган ачкасы дагы азыраак болот. Алар жок дегенде 3-5-10 жыл иштеп, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөндө, пенсиясы көбүрөөк болмок. Эрте чыккандыктан пенсиянын көлөмү дагы төмөн болот. Биздин жалпы көрсөткүчтөрдү ылдый тарткан дагы - жеңилдиктер менен чыккан пенсия. Эрте куракта чыгуу, толук эмес стаж менен пенсияга чыгуу жоюлат. Ал эми иштеп жаткан пенсионерлер мамлекеттик бюджеттен айлык акы алып жатышат, ошондуктан иштеп жаткан учурда пенсиянын базалык бөлүгүн токтотуп турууну сунуштап жатабыз. Анткени, экөөнүн тең булагы республикалык бюджет".

Соцфонд бийик тоолуу шартта жашап, иштегендер, көп балалуу энелер, майыптыгы бар балдардын энелери, зыяндуу өндүрүштө иштегендердин жеңилдиктерин толугу менен жойбой, мөөнөтүн узартууну сунуштады. Ага ылайык, 15 жыл эмгек стажы бар 3 баланын энеси 45 жашта эмес, 48 жашта пенсияга чыгышы ыктымал.

Мындан тышкары пенсияны чектөөнү жөнөкөйлөтүү менен электр энергияга төлөнүп келген компенсацияларды алып салууну көздөөдө. Бул дагы пенсиянын базалык бөлүгү менен бирдей механизмге келтирилет.

"Мындан 10-15 жыл мурда стажы 20-25 жылдан аздар 2% эле болсо, азыр 90-жылдарда жумушсуздук болгон мезгилдердегилер пенсия курагына келе баштады. Бул барган сайын өсө баштайт. Ошондуктан бул чараны азыр киргизбесе, кийин кеч болуп калат. Ар бир жаран кеминде 15 жыл стажым болуш керек дегенди түшүнүш керек. Пенсияга 1-3 жылдык стаж менен чыгып алат деген туура эмес. Эрте куракта пенсияга чыкканды дагы жоюшубуз керек. Анткени, жылдан жылга пенсионерлердин саны өсүүдө. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөн жарандарыбыз миграцияда жүрөт. Бул орчундуу болуп, соцфонддун финансылык туруктуулугуна таасирин тийгизип, төлөй албай калабыз. Бүгүнкү күндө иштеп жатканы дагы, иштебегени дагы пенсионер болуп, каражат көбүрөөк адамга бөлүнүп, пенсиянын өлчөмү төмөн бойдон калып жатканы да ошол себептен", - деди Жуматаева.

Социалдык фонддун эсебинде, пенсиялык системага жалпы түшкөн социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 95% ишканалар, 0,5% дыйкандар төгөт. Дыйкандарга пенсиялык фонддун 40% берилет. Ошол себептен жер үлүшүнөн алынуучу социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын көбөйтүү да каралууда. Өкмөт мындай чара алардын пенсиясынын көлөмүнүн көбөйүшүнө да таасир этерин айтты.

"Аялдар менен эркектердин пенсия курагын теңөө"

Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын адам социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөйт.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда азыр 714 миңден ашуун пенсионер бар. Алардын 70% аялдар. Өкмөт сунуштап жаткан реформанын арасында аялдардын пенсия курагын көтөрүү дагы бар.

"Башка мамлекеттерде аялдар менен эркектердин пенсия курагын теңөөгө барып жатышат. Европада 65 жаштагы айымбы, мырзабы, айырмасы жок. Казакстан дагы этап-этап менен көтөрүп жатат. Орусия дагы ошого багыт алып, мамлекеттик кызматкерлерден башташты. Биз теңөө жөнүндө сөз кылган жокпуз. Жок дегенде эки жылга, 58ден 60 жашка жогорулатууну сунуштап жатабыз", - деди Жуматаева парламенттик угуу учурунда.

Мындан тышкары пенсиянын көлөмү жана томтомо бөлүгү тууралуу айтып, “камсыздандыруу төгүмдөрүн канчалык көп төлөсө, ошончолук жогору өлчөмдөгү пенсия чегериле турганын" кошумчалады.

Жайыл районунун тургуну Дамира өкмөттүн аялдардын курагын жогорулатып, жеңилдиктерди алуусуна каршы. Ал пенсиянын көлөмү ансыз деле аз экенин, пенсия курагына келген аялдардын ден соолугун да эске алууну сунуш кылды.

"Эки миң сом менен пенсияга чыккам. Жылда октябрда 300дөн кошуп атып эми араң 3 миңге жетти. Бул эмнеге жетет? Жеңилдиктерди биздин каягыбызга жоёт эми? Жашыбыз эми пенсия курагына келгенде ар кандай оорулар чыга баштайт экен. Ооруканага жатасың, дагы жакшы бала-бакыра бар, жардам берип жатышат. Болбосо өзүбүзгө келгенде пенсиябыз тамак-ашка дагы жетпейт, дарыбыздан ашпайт. Биз эмне кылып оокат кылышыбыз керек?".

"Реформаны эл сезиш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Динара Ашимова айрым жеңилдиктерди алып салууну "агрессивдүү кадам" деп, кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

"Бул аябай агрессивдүү кадам болуп жатат. Эгер пенсияны чектөөдө электр энергиясына компенсацияны жоюп салсак, аларга катуу таасирин тийгизет. Иштеп жаткан пенсионерлерге базалык бөлүгүн бербейбиз дейсиңер. Бул алардын Конституциялык укугу да, ага кандай укугуңар бар?".

Учурда Кыргызстанда аялдар 58, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгышат. Жалпы пенсионерлердин 51% (365 миң 966 адам) жашоо минимумунан жогору өлчөмдө, ал эми 49% (348 миң 623 адам) бул көрсөткүчтөн төмөн пенсия алат. Жашоо минимуму 5800 сомдун тегерегинде.

Депутат Камила Талиева пенсияны реформалоо аракети буга чейин да башталып, акчанын тартыштыгынан ишке ашпай калганын айтты.

"Ушундай слайддар он жыл мурда жасалып эле жүргөн. Ишке ашкан жок. Аткаруу бийлигинде жүргөндө социалдык кызматкерлер элди кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Аягында ишке ашпай калды, анын баары каржы маселесинде турду. Ошого бул реформаны да эл сезе тургандай кылыш керек".

Реформалоого аскердик кызматкерлердин пенсиясын 16 пайызга чейин оптимизациялоо, пенсиялык топтомду чет өлкөлүк валюталар менен жүргүзүүгө уруксат берүү, мамлекеттик топтомо фонддон ипотекалык насыяга баштапкы төлөм үчүн же онкологиялык оорулар жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандарга берүү маселелери да айтылды.

Пенсиялык реформа эми Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде, андан кийин жалпы сессияда каралмакчы.

Кыргызстанда пенсиянын көлөмү аз экендиги айтылып келет. Пенсионерлердин жарымы жашоо минимумунан, тагыраагы, 5800 сомдон төмөн өлчөмдө пенсия алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG