Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Окко учкан чек арачынын жакындары жардамга муктаж


Кадырбек Абдрасул уулу. (1992-2012)
Кадырбек Абдрасул уулу. (1992-2012)

2012-жылы кыргыз-өзбек чек арасында окко учкан Кадырбек Абдрасул уулунун жакындары мамлекеттен жардам берилбей жатканына нааразы болуп, "Укугум бар" программасына кайрылды. Чек ара кызматы акчалай көмөк көрсөтүлгөнүн, жергиликтүү кызматкерлер азыркыга чейин каралашып турганын айтууда.

Кадырбек Абдрасул уулу 2012-жылы 17-июлда Ала-Бука районундагы чек арада келишимдик негизде иштеп жатып, ок атышуудан курман болгон.

улун жоготкондон кийин катуу ооруп калды"

Жыйырма жаштагы жоокердин окко учканын жакындары телевизордогу жаңылыктардан угуп, Аксы районундагы Кош-Дөбө айылында жашаган ата-энесине кабарлаган. Апасы Майрамкан Казакова уулун жоготкондон бери ден соолугу начарлап, өзүн жаман сезип жүрөт.

Майрамкан Казакова, Кадырбектин апасы.
Майрамкан Казакова, Кадырбектин апасы.

"Уулум Ала-Букадагы чек араны кайтарып иштеп жаткан. Телевизордон көрсөткөн, бир жакшынакай болуп, кызматын өтөп жүргөн экен. Сүйүнүп, сүйлөшүп, "жакшы жүр, өзүңө сак бол, бизди ойло" деп айткан элем. "Апа мен жакшымын, азыр жоокерлерди аскер бөлүккө алып баратам, менде баары жакшы" деген. Анан эле ушундай окуя болуп кетиптир. Угузганда эле өзүмдү билбей калыптырмын. Ошол боюнча саламаттыгым жакшы эмес".

Кадырбек ага чейин Ошто аскердик милдетин өтөп, чек ара кызматында келишимдик негизде иштеп баштаган. Анын бир тууган карындашы Нурайымдын айтымында, кийин Ала-Букага которулуп, ал жерде бир жылдай иштеген соң жумушун Көк-Таш деген айылда улантат.

Уулун жоготкондон бери Майрамкан Казакова оорудан башы көтөрүлбөй калганын даттанды. Кызы Нурайым жанынан чыкпай карап жүрөт.

"Ошо акемин сөөгүн алып келишкенде жыгылган бойдон апам оңоло албады. Сөөктү койгондун эртеси эле Кербендеги ооруканага жаткан. Ошондон бери жылына бир нече жолу ооруканага жатып дарыланып чыгат. Атам Жалал-Абадга, Ошко чейин алып барып дарылатып келди. Жүрөгү ооруйт, кан басымы тез көтөрүлүп кетет. Былтыр пандемияда өтө катуу ооруду. "Жоготуп алат окшойбуз" деп аябай корктук. Үч жыл мурун атам өзү да боорунан цирроз болуп ооруп калды. Ошондон бери апамды мен карайм. Орусиядагы ишимди калтырып, келип карап жатам".

Кадырбек Абдрасул уулу. (Сүрөт үй-бүлөлүк архивинен алынды).
Кадырбек Абдрасул уулу. (Сүрөт үй-бүлөлүк архивинен алынды).

"Мекен үчүн курман болду эле, ага сый-урмат жок"

Нурайым апасын караганы Орусиядан эки баласы, жолдошу менен кайтып келип, азыр Бишкектеги жаңы конушта күн кечирүүдө. Ал мамлекет үчүн жанын берген бир тууганынын эрдиги унутулду деп, өкмөттүн жетиштүү жардам көрсөтпөгөнүнө нааразы. Анын айтымында, агасы курман болгондон кийин Чек ара кызматы анын үй-бүлөсүнө 400 миң сомдой акчалай жардам көрсөткөн. Бирок, ал акча маркумду узатууга, башка зыйнаттарды өткөрүүгө жумшалып кеткен.

"Апамы ооруканадан жеңилдиктер болот, дарылатканга жардам беребиз" дешкен. Тилекке каршы, айткандары ошол сөз боюнча калып кетти. Атам апамды жетелеп, акимчиликке барса, макул жардам беребиз деп, миң сом карматып коюшуптур. Миң сом бүгүнкү күнү эмнеге жетет? Апрель окуясына Ак үйгө таш ыргытып өлгөн балдардын жакындарына миллион сом, үй берип жатат, менин акем деле мекендин бүтүндүгү деп курман болду эле, неге ага андай сый-урмат жок деп ызаланабыз",-деди Нурайым.

Кадырбек Абдрасул уулунун аты айылындагы өзү жашаган көчөгө берилген. Жаңы мектеп курулганда бир дарскананы анын атынан атап, ички жасалгасын маркумдун туугандары каржылаган.

Кадырбек Абдрасул уулунун мектеп музейиндеги сүрөтү.
Кадырбек Абдрасул уулунун мектеп музейиндеги сүрөтү.

Кадырбектин ата-энеси буга чейин баласынын кызмат учурунда окко учканы үчүн мамлекеттен кенемте талап кылып эч кимге кайрылган эмес. Мыйзамда кызматтык милдетин аткарып жүрүп, каза болгону үчүн ма жакындарына мамлекет тарабынан атайын кенемте каралган.

"510 миң сом камсыздандыруу төлөмү төлөнгөн"

Абдрасул уулунун окко учканы боюнча Аскер прокуратурасы учурунда кылмыш ишин козгогон. Бир жылдан кийин иште күнөөлүүлөр аныкталбаганына байланыштуу тергөө убактылуу токтотулганын Аскер прокуратурасынын Тергөө бөлүмүнүн башчысы Динмухамед Осмон уулу "Азаттыкка" билдирди.

Динмухаммед Осмон уулу. Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы
Динмухаммед Осмон уулу. Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы

"Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, маркум аскердин атасына 516 миң сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу төлөмү төлөнүп берилген. Мындан тышкары, Ала-Букадагы чек ара бекетинин жеке курамы 300 000 сом чогултуп беришкен. Ошондой эле чек арачылар бир нече жыл бою маркумдун туугандарына жардам берип келишкен".

Динмухаммед Осмон уулу маркум аскердин ата-энеси кошумча жардам үчүн Мамлекеттик чек ара кызматына кайрыла аларын кошумчалады.

Мамлекеттик чек ара кызматы да ушул эле маалыматты берди. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, маркум аскердин карындашы Нурайым Абдрасул кызы Аксыдагы "Кош-Дөбө" чек ара бекетине телефонист катары ишке орноштурулганын, бирок көпкө турбай, жумуштан чыгып кеткен.

"Багуучусу жок калган ата-энесине акча төлөнүшү керек"

Набыт болгон, жараат алган аскер кызматкерлеринин укугун коргоп келген "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун адвокаты Агзам Душеналиев маркумдун пенсия курагына чейинки айлык акысы анын туугандарына берилиши керек дейт.

"Ар бир жоокер, аскер кызматкери камсыздандырылат. Эгер кырсыктап же башка себептен жабыркаса, набыт болсо ошол акча төлөнүп берилиши керек. Бирок ал акчаны төлөө мөөнөтү бир жылдан кийин бүтөт. Ал эми башка моралдык чыгым жана багуучусу жок калган ата-энеси же үй-бүлөсү үчүн маркумдун айлык акысы пенсиялык курагына чейинки мөөнөткө эсептелип төлөнүп берилет. Бул кеминде 200 айлык акы болот. Ошонун баары төлөнүп берилиши керек".

Бирок бул акчаларды алуу маркумдардын туугандары үчүн оңойго турбайт. Көпчүлүк учурда соттон сотко чуркап, адвокат жалдап, мамлекеттик органдарды сотко берүүгө туура келет.

"Мыйзамга караганда саясий чечимдер үстөмдүк кылат"

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдурасулова Кыргызстанда мамлекет милдеттүү түрдө төлөп берүүчү кенемте акчалар дээрлик дайыма сотко доо арыздардын негизинде гана, улам соттошуп жүрүп гана төлөнүп берилерин белгиледи:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Бизде мыйзамга караганда саясий чечимдер үстөмдүк кылып кетет. Мисалы, Апрель, Июнь окуясында өлгөндөрдүн жакындары үчүн миллиондогон сомдор берилип, Бишкектен, Оштон үйлөр берилди. Бул саясий чечимдин негизинде - президенттин жарлыгы, Убактылуу өкмөттүн декрети сыяктуу чечимдердин негизинде эле берилген. Ал эми аскер кызматкерлери, жоокерлери иш учурунда жаракат алса же набыт болсо атайын өлчөмдөгү кенемтелер, моралдык чыгым төлөнүп берилиши керек деп мыйзамда жазылып турса да, дээрлик бардык учурда алар сотсуз төлөнүп берилбей жатат".

2021-жылы редакцияланган Кодекстер боюнча жарандык иштеги моралдык чыгымдар беш миң сомдон жүз миң сомго чейин бааланат. Ал эми камсыздандыруу акчасы жана 200 өлчөмүндөгү айлык акысы - маркумдун айлык маянасына байланыштуу эсептелет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG