Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

"Уулумду сабаган кишини өзүм кармадым". Каражатка байланган кодекс


Жыл башынан бери балдарга карата зомбулук 48%ке өскөн.
Жыл башынан бери балдарга карата зомбулук 48%ке өскөн.

Ички иштер министрлиги балдарга карата зомбулук быйыл 1,5 айда былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 50% көбөйгөнүн кабарлады. Жаңыртылган "Балдар кодексин" кабыл алуу менен зомбулуктун алдын алууга болобу?

Бишкектин тургуну Русландын 7-класста окуган уулун 11-февралда шаардагы маршрутка айдаган 41 жаштагы адам шериги менен кошо паркка алып барып, сабап койгон.

Тестиер башынан оор жараат алып, ооруканада жатып чыкканына бир нече күн болду. Милиция баланы сабагандарга тиешелүү чара көрбөгөндүктөн, анын атасы зомбулук көрсөткөндөрдү өзү издеп тапкан.

"Мектепке бара жаткан. Андан мурунку күнү кар жааган экен. Жолдун берки бетинде бара жатса аркы жагында достору кар чабышып ойноп жатыптыр. Менин уулумду да чакырышат, тамашалап ага кар ыргытканда жолдо өтүп бара жаткан маршруткага тийиптир. Балам аны деле байкабай, досторуна баратса маршрутка кайра бурулуп келип, балдарды кубалаптыр. Берки достору качып кутулат. Менин балам болсо "мен чаппагандан кийин токтоп эле айтып коеюн" деп токтосо аны маршрутка айдаган адамдын жанындагы киши кармап, машинеге салып, жолдун четинен кичине алыс паркка алып барып, айдоочу ичке, башка койгулап сабаптыр. Уулум андан мурда эле мектептен жыгылып кетип, баш мээси чайкалып, ооруканадан чыккан. "Баш мээм чайкалган, чаппагыла" деп суранса "дагы бир жолу мээңди чайкайбыз" деп урган экен. Милицияга кайрылып, бир апта өткөндө эч кандай реакция кылбай койгондо, баламды сабагандарды маршрутканын акыркы бекетин күзөтүп жатып өзүм таап, милицияга салып бердим".

"Зомбулук токтобой өсүүдө"

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда 2022-жылдын алгачкы 1,5 айында эле балдарга карата зомбулук былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу дээрлик 48% көбөйгөнүн маалымдады.

Жашы жете электерге зомбулук көрсөткөндөрдүн 60% ашыгы өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү болсо, калганы бейтааныш адамдар.

Көчөт кыздарды зордуктоо фактысы жалпы зомбулуктун 30% ашыгын түзөт. Жакынкы күндөрү катталган секелектерди зордуктоого байланыштуу кылмышты өгөй атасы, өз атасы, таекеси сыяктуу эң жакындары кылганы билинип, кылмыш иштери ачылууда.

ИИМдин коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Нуржан Адылова Балдарды коргоого багытталган кодекске жаңыртуу жана өзгөртүүлөр кирсе, зомбулуктун алдын алуу кыйла жеңилдеп, ар тараптуу иш-чаралар жүрмөк деген ойдо.

"Жаңыртылган Балдар кодексинде орчундуу маселелер ар тараптуу камтылган. Эгер ал кабыл алынса зордук-зомбулуктун алдын алуу, Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлигинин балдарды караган социалдык кызматтарын көбөйтүү маселелер камтылган. Анын алкагында атайын штаттык кызматкерлер болмок. Балдардын укугун коргоп, аларга көмөк көрсөтүү көп учурда социалдык кызматкерлердин функциясына кирип жатпайбы. Азыр социалдык кызматкерлер жетишпей жатат".

Кайтарылган "Балдар кодекси"

Ал арада “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюму президент Садыр Жапаровго кайрылып, “Балдар кодексинин” жаңы редакциясын колдоого чакырды.

Уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова 20-февралда мамлекет башчысына жолдогон кайрылуусунда кодекстин балдарды зордук-зомбулуктан коргоо тууралуу өзгөртүүлөр кирген жаңы редакциясы даяр экенин, бирок ал парламентте каралбай жатканын билдирди.

"Бүгүнкү күндө "Балдардын кодекси" боюнча жаңыртылган мыйзамда зордук-зомбулуктан коргоонун механизмдерин күчөтүү каралган. Балдардын укугу жогорку деңгээлде корголо тургандай системасы бар. Дал ушул өзгөртүүлөр менен биз былтыр Жогорку Кеңешке кайрылып, ал жакта аял депутаттар басымдуу эле, үч ирет окуудан өткөрүп, сунуштардын баары бекитилген. Кийин 6-чакырылыштын мөөнөтү бүтүп, мыйзам акыркы окууда каралбай калды. Президент бул мыйзамды колдорун билдирип, айрым жетишпеген жактарын иштеп чыгып кайра алып келгиле деген. Азыркы парламент мына ушул ишти аткарбай, "Балдар кодексин" артка кайтарып жатпайбы. Муну кандай түшүнсө болот? Ансыз да зомбулук күчөп жатса, эмнеге кодексти жаңылоодон мыйзам чыгаруучулар баш тартууда?".

Баары барып каржыга такалат

2021-жылы жаңыртылган "Балдар кодексине" байланыштуу маселе акыр-аягы барып, каржы маселесине такалары белгилүү болду.

Жаңы кодекстеги талаптарга ылайык балдарды көзөмөлдөгөн кошумча социалдык кызматкерлерди тартууга бюджеттен 101,6 миллион сом талап кылынат.

Каржы министрлиги "2021-жылдын мамлекеттик бюджети жана 2022-2023-жылга божомол" мыйзамында мындай сумма каралбаганы тууралуу былтыр июль айында билдирген.

Жогорку Кеңештеги Социалдык саясат боюнча комитеттин жетекчиси Динара Ашимова жаңыртылган кодексти карап чыгуудан комитет баш тартпаганын, андагы каржылык маселелерди кайра иштеп чыгуу сунушу менен артка кайтарылганын айтууда.

"Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышы азыркы тапта колдонулуп жаткан "Балдар кодексин" кабыл алган. Негизи жаңыртылган кодекстин түпкүрүндө ушул документ турат. Азыркы тапта сунуш кылынып жаткан мыйзамда социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүүдөн тышкары дагы бир нече жаңы нерселер бар экен. Бул мыйзамды президент кол койбой кайра парламенттин кароосуна жиберген, себеби анда финансылык жактан маселелер бар эле. Ушундан улам мен мыйзамга өзгөртүүнү иштеп чыккан тараптарга жолугуп, кайрадан карап чыккыла деген көрсөтмө бердим. Аны кабыл албайбыз деген жокпуз да".


Кыргызстандагы "Балдар кодекси" 2012-жылы кабыл алынган. Анын түпкү максаты - балдардын укугун коргоо. Бирок, дээрлик он жылдан бери укук коргоочулар балдар түрдүү кыйноого, зомбулукка жана зордуктоого дуушар болуп, бул дүйнө менен кош айтышкан учурлар уланып жатканын белгилеп келет.

7-февралда Акыйкатчы институту былтыр укук коргоо органдарына балдардын зомбулукка кабылганы жөнүндө 417 арыз түшсө, анын 118и сексуалдык мүнөздө экенин кабарлаган.

Кыргызстанда 18 жашка чейинки курактагы 2 миллион 391 миң бала бар.

ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгына айланат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG