Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Балдардын укугун коргоочулар президент Садыр Жапаровго кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюму президент Садыр Жапаровго кайрылып, “Балдар кодексинин” жаңы редакциясын колдоого чакырды. Уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова 20-февралда мамлекет башчысына жолдогон кайрылуусунда кодекстин балдарды зордук-зомбулуктан коргоо тууралуу өзгөртүүлөр кирген жаңы редакциясы даяр экенин, бирок ал парламентте каралбай жатканын билдирди.

“Тилекке каршы, “Балдар кодексинин” жаңы редакциясы Жогорку Кеңеште каралбай, аны Конституцияны бузуу менен жокко чыгаргылары келип жатканы анык. Сизге “Кодекске өзгөртүү киргизүүнүн кереги жок, ага 9 миллиард сом кетет” деп туура эмес маалымат берип жатышат. Бул жалган! “Балдар кодексине” өзгөртүү киргизүүнүн такталган бюджети болгону 160 миллион сом”, - деп айтылат уюмдун кайрылуусунда.

Жогорку Кеңеш укук коргоочунун бул билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Балдар түрдүү кыйноого, зомбулукка жана зордуктоого дуушар болуп, бул дүйнө менен кош айтышкан учурлар уланып жатканын белгилеген Назгүл Турдубекова өлкөдө балдарды коргоо механизми жана бул боюнча атайын бекитилген социалдык кызматкерлер жок экенин кошумчалады.

7-февралда Кыргызстандын Акыйкатчысы былтыр укук тартибин коргоо органдарына балдардын зомбулукка кабылганы жөнүндө 417 арыз түшсө, анын 118и сексуалдык мүнөздөгү укук бузуу болгонун кабарлаган.

3-февралда Сокулуктун ооруканасына катуу сабалып түшкөн эки жашар наристеге байланыштуу кылмыш иши козголуп, бул окуя коомчулукта балдардын абалы боюнча кызуу талкуу жараткан. (SA/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG