Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Журналисттин камактагы мөөнөтү узарды


Куттумидин Базаркулов
Куттумидин Базаркулов

Жалал-Абадда иштеген журналист Куттумидин Базаркулов "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталып кармалган. Ал акыркы жылдары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып, 2020-жылы октябрь окуясынан кийин бийликке келгендерди кескин сындап жүргөн.

Былтыр ноябрда кармалган Куттумидин Базаркулов жакында Жалал-Абаддан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Оштогу бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына которулду. Анын жубайы Жамила Сыдыкова күйөөсүнүн саламаттыгы начарлап кеткенин жана жолуга албай жатканын билдирип жатат:

"26-ноябрь күнү УКМКнын адамдарыбыз деп куралчан жарандар бастырып киришип, үйдү тинтишти. Эч нерсе табышкан жок. Андан соң Куттумидинди алып кетишти. Эми Ошко которушту. 20 күндөн бери байланыша элекмин. Биз облустук сотко кайрылып жатабыз".

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов журналисттин абактагы мөөнөтү 27-мартка чейин узартылганын "Азаттыкка" билдирди.

Мирлан Төрөмаматов
Мирлан Төрөмаматов

"Жалал-Абад шаардык сотунун 2022-жылдын 24-январдагы чечими менен УКМКнын улук тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттырылган. Айыпталуучу 2022-жылдын 26-мартына чейин убактылуу кармоочу жайда болот".

Адвокат Шадыбек Сопубеков журналистти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтөрү четке кагылып жатканын маалымдады:

“Куттумидин Базаркуловдун кармалганына үч ай болсо да тергөө иштери такыр жүрбөй жатат. Башынан эле аны үй камагына чыгарып, суракка алууну өтүнүп келе жатам. Январда журналистти дагы эки айга убактылуу кармоочу жайга калтыруу чечимин чыгарганда, мен катышканым жок. Анткени Бишкекте элем. Менин ордума башка жактоочуну коюп, чечим чыгарып алышыптыр. Мен облустук сотко кайрылып жатам".

УКМК кылмыш иши жана журналисттин абалы тууралуу маалыматтарга комментарий бере элек.

Куттумидин Базаркулов 2010-2016-жылдары Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясын жетектеген кездеги иши үчүн кармалганы белгилүү болгон.

Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы
Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы

Телерадиокомпаниянын башкы эсепчиси Өктөм Тагаева Базаркулов мекемени жетектеп турган 2015-жылы туура эмес иштерге жол бергенин айтууда:

"2015-жылы Базаркулов тендер өткөрүп, камераларды жана керектүү техникаларды сатып алган. Ошондо биз биринчи жазган сапаттуу камералар эмес сапатсыздары алынып келинген экен. Ошол учурда бизден түзүлгөн комиссия мүчөлөрү жетекчиге айтканы менен аларды коркутуп, кол койдуруп алган. Кийин ушул катачылыктын арты менен мамлекетке 3 миллион сомдон ашык зыян келтирилди. Мен эсепчи катары бул боюнча жетекчиге маалымдап, камералардагы айырмачылыктарды да айткан элем. Эң кызыгы, тендерге берип жатканда жаңы сатып ала турган камералардын үлгүсү комиссия менен бекитилген болчу. Ал эми тендерден утуп келгенден кийин баягы комиссиянын төрагасын алмаштырып, техникаларга түшүнбөгөндөрдү топтоп кол койдуруп алган экен".

Базаркулов акыркы жылдары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып, 2020-жылы октябрь окуясынан кийин бийликке келгендерди кескин сындап жүргөн.

Активист, журналист Эрлан Бекчороев Базаркуловдун кармалышын ушуну менен байланыштырууда:

Эрлан Бекчороев
Эрлан Бекчороев

"Эркин журналистке козголгон кылмыш ишине, анын кармалышына бийликке сын айтканы себеп болду. Ал "Эл ынтымагы" кыймылынын модератору болчу. Жети жыл мурдагы тендердик иштеринин артынан түшкөнү туура эмес. Азыр активисттерге жана журналистерге асылып, төшөгүнө чейин кийгилишип, туура эмес кадамдарга барып жатышат".

Эркин журналист Куттумидин Базаркулов 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кайра баш тарткан. Интернетте ар кандай темада видео талкууларды уюштуруп келгени белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG