Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:58

Садыр Жапаровдун президенттик 100 күнү


Президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу аземинде. 5-май, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекет башчы катары ишке киришкенине толук 100 күн толду. Бул аралыкта өлкөдө Конституция жаңыланды, өкмөттүн түзүмү жана курамы өзгөрдү, экономика артка кетти, чек арадагы жаңжалдан улам ондогон адамдар каза болду.

Бул мөөнөт Жапаровдун чет өлкөлөргө сапары, коронавирусту уу коргошун менен дарылоо жана башка жагдайлар менен да эсте калды.

Экономика, ишкерчилик жана бюджет

Албетте, Садыр Жапаровдун бийлик башына келгенине алты-жети айдын жүзү болду. 2020-жылдын 5-6-октябрындагы нааразылыктар учурунда абактан чыгып, алгач премьер-министрликке бекиген. Кийин президенттик милдетти да кошо аркалап, шайлоого байланыштуу аны кайра өткөрүп берген. Бирок талапкер учурунда өкмөт башчылык кызматы сакталып турду.

Ошентип Жапаров 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыкты. 28-январда инаугурациясы өтүп, расмий ишке киришти. Адатта өлкө башчынын мөөнөтү президенттик антын бергенден тарта эсептелет. Ошол себептүү 28-январдан 8-майга чейинки – 100 күндүк мөөнөттү гана бөлүп алалы.

Демек, Жапаров ишке киришкендин эртеси, 29-январда алгачкы беш жарлыгын чыгарды. Алар – “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”, “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты”, “Менчикти коргоо, ишкердикти жана инвестицияны колдоо”, “Миграциялык абалды жакшыртуу” жана “Тоо-кен тармагын реформалоо” тууралуу болду.

9-февралда жарлыктардын экинчи партиясына кол коюлду. Мындагы беш жарлык – саламаттык сактоого, өлкөнүн финансы рыногун, агро өнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча чараларга, мыйзамдарды инвентаризациялоого жана санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүүгө арналды.

Мунун көпчүлүгү Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн кезинде жана президенттикке талапкер болгон учурунда көтөргөн маселелер болчу. Анын ичинде соңку мезгилде ишкерлерге жана инвесторлорго жасалган кысым күчөгөнү коомчулукта көп айтылып калган.

Жапаров бул жөнүндө кийин Жерүй алтын кен комбинатын ачуу учурунда да кайрылып, жаңы бийлик бизнести коргоого басым жасай турганына токтолгон.

"Биз үчүн инвесторлордун ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүсүн камсыз кылуу өтө маанилүү. Ушуга байланыштуу мен биринчилерден болуп инвесторлорду, ишкерлерди жана алардын менчигин коргоо боюнча жарлыкка кол койгом. Мындан сырткары тоо-кен тармагын реформалоо боюнча да жарлык чыгаргам. Муну менен мен бул тармактарда ырааттуу жана бекем саясат жүргүзүү үчүн так багыттарды аныктагам", - деген президент 17-мартта Таласка барганда.

Ага карабай акыркы учурларга чейин «Адилет» укуктук клиникасы, Эл аралык ишкерлер кеңеши, Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчы институту жана башка бизнес ассоциациялар өлкөдө бизнеске кысым кескин күчөп кеткенин эскертип келишти. Буга ишкер чөйрөнү текшерүү, бизнес чарбаларга жана ишканаларга ар кайсы себептер менен кылмыш ишин козгоо өңдүү көрүнүштөр мисал катары келтирилип турду.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков буларга токтолду:

Аскар Сыдыков
Аскар Сыдыков

“Ишкерликти колдоо боюнча президенттин жарлыгында аябай жакшы бир катар чаралар каралган. Бирок тилекке каршы алардын көбү аткарыла элек. Азырынча ишкерлерге кысым азайды деп да айта албайбыз. Өткөндө президенттин кайрылуусунда “бизнеске кысымды азайтабыз, соттук реформаны жүргүзөбүз” деп айтылган. Ошого багытталган бир мыйзам бар эле, биз өкмөт менен чогуу иштеп чыкканбыз. Эгер ошол кабыл алынса, кысым азайса керек деп үмүт кылабыз”.

Арийне, 2020-жылы коронавирустан жана ага байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам Кыргызстандын экономикалык абалы артка кеткен. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, ички дүң продукциясы жыл жыйынтыгында 8,6% төмөндөгөн.

Артка кетүү Садыр Жапаров тактыга олтургандан бери да уланды. Тагыраагы 2021-жылдын январь-март айларынын эсебинде төмөндөө 9,4% түздү.

Соңку, 5-майдагы калкка кайрылуусунда президент муну буга чейинки саясаттардын кесепети катары баалаган:

“Атпай журт айттырбай туюп, көрүп-билгенди мен да байкап, көрүп-билип турам. Ошол эле учурда, азыркыдай экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес. Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым. Анысы аз келгенсип пандемиянын кесепетинен бардык өлкөлөр менен карым-катнаш, соода-сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат. Мен өткөндү жамандап, акарат айтып, күнөөлүүлөрдү издегим келбейт. Даанышман элибиз кимдин ким экенин ансыз деле жакшы билет”, - деген анда Садыр Жапаров.

Кыргызстандын бюджети былтыр 137 млрд. 100 млн. сом киреше, 172 млрд. 700 млн. сомго чыгаша менен чыккан. Натыйжада дефицит 35,6 млрд. сом болуп, Кыргызстандын эгемен тарыхындагы рекорддук чекке жеткен.

2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 172 млрд. 891 млн. сом, ал эми чыгашасы 181 млрд. 354 млн. сом болот деп белгиленген. Тартыштык 8 миллиард 463 миллион сомдун чегинде болору мерчемделүүдө.

Алгачкы жыйынтыктар көрсөткөндөй, жыл башынан бери бажы жана башка төлөмдөрдү чогултууда маселе жаралды. Ошол себептүү адистер быйыл дефицит пландалгандан көбүрөөк болушу мүмкүн деп эсептешет.

Матраимов, коррупция каршы күрөш жана саясий куугунтук

Мурдагы бийликтин кызматтан кетүүсүнө себеп болгон жагдайлардын бири – “Матраимов фактору” жаңы президент Садыр Жапаровдун учурунда да улам көтөрүлүп турду.

Буга Жапаровдун өзүнүн былтыркы жылдын 8-октябрындагы сөзү себеп болду. Ошол күнү кечинде өкмөт үйүнүн алдында, тарапташтарынын алдына чыккан учурда ал “Райым миллион камалат. Мен азыр толук ишке кирише элекмин. Киришкенден кийин камалат” деп айткан.

Кийин, 19-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жанында жүргөн жана бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталганын кабарлады. 20-октябрда болсо Матраимов өзү кармалат. Бирок ал күнү 2 млрд. сом чыгым төлөп берүү макулдугу менен ал камактан кутулат.

Садыр Жапаров бул чечимди өзү кабыл алганын кабарлап, аны камакка алуудан пайда жоктугун билдирет. Бул аралыкта АКШ Райымбек Матраимовду “кара тизмеге” киргизип, санкция салат.

Ошентип Жапаров президент катары толук ишке киришкенден кийин, 2021-жылдын 11-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Райымбек Матраимовго карата өкүм чыгарат.

Ал Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилип, бошотулат.

Жагдай коомчулукта бир катар нааразылыктарды жараткандан кийин президент “бул боюнча иш уланарын” жарыялайт. Айткандай эле 18-февралда Матраимов кайра кармалат. Мында ал эки айга камалат, бирок оорусуна байланыштуу тергөөдөгү камак мөөнөтүн көбүнчө менчик клиникада өткөрөт.

15-апрелде УКМК Матраимовго карата жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү токтотулуп, аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасы жокко чыгарылганын билдирет. Эки-үч жылдык чуу ушундай жагдайда аяктайт.

“Азаттык” жана “Клооп” медиасы менен Райымбек Матраимовдун бажыдагы коррупциясын чогуу иликтеген “OCCRP” уюмунун улук редактору Илья Лозовский, “мунун баары азыркы бийлик ага чара көрүүгө кызыкдар эместигин көрсөтөт” деп эсептейт:

Илья Лозовский
Илья Лозовский

“Кеп мыйзамсыз баюу тууралуу жүрүп жатат. Биз Матраимовдун фонду көмүскөдөгү аткезчилер түйүнүнөн акча алганын, андан көп жол менен пайдага туйтунганын, ал дале бажы бизнеси менен алек болорун, анын байманалуу жашоосу алган айлыгына эч дал келбей турганын айдан-ачык көрсөтүп бергенбиз. Ал байлыгын көбөйтүү үчүн өз ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланганы толук аныкталган. Эгер бийлик иштин чектелүү бир тарабын гана иликтеген болсо, анда “иш жыйынтыкталды, мыйзамсыз эч нерсе жок” деп айтып коё алат. Соңку жагдай бийлик аны жоопко тартууга кызыкдар эместигин көрсөтүп жатат. Анткени ал өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири. Иликтөөлөрүбүздө көрсөткөнүбүздөй, ал акчасын байлыгын көбөйтүү үчүн гана эмес, саясий таасирин күчөтүү үчүн да колдонгон. Октябрь айындагы шайлоо муну бышыктап койду. Мыйзамсыз байлык менен саясий таасирдин биригиши абдан кооптуу. Бул Кыргызстандагы саясий маселелердин өзөгүн түзөт. Эрежелерге баш ийбеген кубаттуу оюнчулар кирешеге туйтунуу менен тим болбой, жазасыз калуу үчүн саясатка таасир көргөзүүгө аракет кылышат. Эгер Кыргызстан бул маселени чечпесе, жок дегенде чечүүгө кадам таштабаса, анда балким силерде ыңкылаптар кайталана бериши мүмкүн, жаңы Конституциялар кабыл алына бериши мүмкүн”, - деген Лозовский мурдараак “Азаттыкка” курган маегинде.

Баса, бир лөк абактан бошоп жатканы менен Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүндө коррупцияга каршы күрөшүү ураанынын астында башка ондогон аткаминерлер кармалып жатты. Бирок анын көбү айыппул төлөп жазадан кутулду же үй камагына чыгышты.

Анын ичинде депутат Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 млрд. сом төлөп абактан чыкса, милициянын отставкадагы полковниги, ишкер Жалил Атамбаев 100 млн. сом төлөп үй камагына бошогон. Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиев 70 млн. сом, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов 50 млн. сом, кримтөбөл Камчы Көлбаев 50 млн. сомдой төлөп берген.

Ортодо экс-депутат, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылды. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн казынага өз ыктыяры менен 100 миллион сом жардам бермей болду.

Президент да, укук коргоо органдары бул “өндүрүү” жараянынан чыккандар андан ары жазасыз калбай турганына ишендиргиси келет. Бирок ошентсе да ушул жагдайга алып келген “тергөө менен кызматташуу” түшүнүгүн жоюу зарылдыгына келип такалышты.

Башка маселе – бийликти сындагандарды куугунтуктоо жана камакка алуу Жапаров бийлик башына келгенден кийин да токтогон жок. Бул жөнүндө айыптоолор алгач атайын кызматтын мурдагы жетекчиси, шайлоодо Садыр Жапаров менен атаандаш болгон Абдил Сегизбаев камалганда чыккан.

Кийин Конституциянын жаңы долбоорун сындап жүргөн эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева өз үйүндө белгисиз адамдардын опузасына кабылган. Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө каршы чыгып келаткан башка бир активист, “Ханституцияга каршы борборунун” өкүлү Тилекмат Кудайберген уулу бир ай камакта жатып, кийин үй камагына чыкты.

Башка бир активисттер Бекмурат Ооган уулу, Эрлан Бекчоро уулу суракка чакырылса, “Баштан-Башта” кыймылынын кыймылынын лидери Улан Үсөйүн менен эркин журналист Али Токтакунов аларды белгисиз адамдар аңдып жүргөнүнө даттанган.

Бул арада “Замандаш” партиясынын мурдагы лидери, “Туран” партиясынын төрагасы саясатчы Жеңиш Молдокматов былтыркы октябрь окуяларына байланыштуу кармалды.

Талдоочу Руслан Акматбек кепке кошулду:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Бир нерсени айтып, сындап чыксаң эле, бардыгы “убакыт бериш керек, алты ай, бир жыл бергиле” дей беришет. Аны менен бардыгыбыз эле макулбуз. Бул бийликтен кыйраткан нерсени эч ким күтүп жаткан жок, убакыт беребиз. Болгону баарыбызда бийлик бир туура багытты алып, өнүгүү жолуна түшүп алса деген эле күтүү бар. Бирок ызылдап, кайра-кайра сын айтып жатканыбыздын себеби, биз ошол бийликтин оңолуу, өнүгүү, өзгөрүү багытына түшкөнүн көрө албай турабыз. Тескерисинче, башка бир багытта кетип баратат. Эгер өнүгүү жолуна түшүп, ката кетирсе деле эч нерсе эмес болчу, бирок бир туура жолго түшө албай атпайбы. Бул 100 күндө мурдагы бийликтин каталарын кайталабоо, жарандардын укуктарын биринчи орунга коюу сыяктуу нерселерди камтыган “жол картасын” байкаган жокпуз”.

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин өкмөт башына бекитилип жаткан учурда өзү кезинде саясий куугунтук менен камалганын, баарын көрүп-билген киши катары бийликке келсе ага жол бербей турганын айткан.

Быйыл 15-мартта «Азаттык» радиосундагы маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын кайталаган.

Эл аралык мамилелер, чек ара жана “Камбар-Ата-1”

2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Кыргызстандагы бийлик алмашууну эл аралык коомчулук жана башка өлкөлөр тааныган эмес. Бирок президенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин Жапаров бир нече президенттерден жана уюм жетекчилеринен куттуктоо алган.

Садыр Жапаров чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусия Федерациясынан баштап, 24-25-февралда Москвада болуп кайтты. Расмий иш сапар менен барган мамлекет башчы Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрүп, Кремлден каржылык, аскердик-техникалык жана башка жардам алды.

Кыргыз президенти мунун артынан эле, 2-3-мартта Казакстанга барып, бул өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев жана экс-президенти, Эл башы Нурсултан Назарбаев менен кездешти. Бул өлкө менен да бир нече келишимге жетишип, көмөк алды.

Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга барып, анын президенти Шавкат Мирзиёев менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин чогуу курууну макулдашууга келишти.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев мурдараак “Азаттыкка” курган маегинде ГЭС долбоору жөнүндө маалымат берип, аны башка өлкөлөр да колдоп жатканын айткан эле:

“Мына азыр Казакстан өз жүйөсүн айтып, “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга биз да кошулабыз дегендей кылды. Орусиядагы өнөктөштөр менен да сүйлөшүп жатабыз. Алар каржы-экономикалык модель жакшы иштесе, кошулабыз деп жатышат. Биз коңшулаш мамлекеттерди чакырып, баарыбызга керектүү станцияны чогуу куралы деген максатты коюп жатабыз. Учурда бул долбоорго эң көп кадам таштаган Өзбекстан болду. Казакстан жаңыдан кошулганы жатат. Орусиядан болсо адистер келген. Алар менен кеңешүү иштери жүрүп жатат”, - деген министр 23-апрелде.

Кыргыз-өзбек президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев эки мамлекеттин ортосундагы чек арасындагы тактала элек тилкелерди үч айдын ичинде чечүүнү да макулдашкан.

Бул сапардын жыйынтыгында атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин, эми расмий бекитип коюу гана калганын маалымдаган эле. Бирок апрелде “Кемпир-Абад” суу сактагычына байланыштуу нааразылыктар чыгып, бул маселенин чечилишинде кайрадан күмөн жаралды.

Бул арада 28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, анын арты атышууга чейин жетти. Төрт күндөгү кагылышууда Кыргызстан тараптан 36 адам каза болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажик бийлиги 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Береги чатакта жарандардын бир тобу кыргыз бийлигинин тажик тараптын агрессиясына жооп бербегенин айыпташса, экинчи тобу ок чыгарбай, тынчтыкты сактап калганын жакташты. Бирок кантсе да президент Садыр Жапаровдун жана анын командасынын дарамети так ушул окуялардын жүрүшүндө сыналгандай болду.

Активист Мирбек Маматкасымдын ойлоруна орун берели:

“Президенттин алгачкы 90 күндүгү бир тең, акыркы 10 күндүгү бир тең болуп калды. 28-апрелден берки кадамы үчүн эми бийлик көп сынга кабылат. Албетте, бул кагылыштагы кыргыз бийлигинин тактикасына ар ким ар башка көз карашта болуп жатат. Бирок жеке мен биздин кол башчынын тактикасын колдодум. Катуу алаамат согушка айландырып жибербей, жарандык жоготуулар көбүрөөк болсо да, тынч жол менен сүйлөшүп, бүтүрүп салганы жакшы болду. Кээ бирлер талап кылгандай колдоруна курал берип, ысык жерге жиберип салсак, андан бетер көптөгөн жоготууларга учурап, экинчи Сирияга айланып кетүү коркунучу бар эле. Ошону токтотуп калышты. Эми мындан ары чек араны кантип чечишет, андагы чечимдери элдин ичинде чоң нааразылыктарды жаратып албайбы, бул да чоң маселе”.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кийинки чет элдик сапарлары Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Кытайга жасала турганы маалымдалган.

Бирок кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу Дүйшөмбү шаарына болгон сапар артка жылчудай болуп калды. Президент өзү 6-майда Баткенге барган учурунда “чек ара чечилмейинче, Тажикстанга барбай турганын” айткан.

Конституция, өкмөт жана башка маселелер

Садыр Жапаров өзү инаугурациясын өткөрөрү менен Улукбек Марипов баштаган жаңы өкмөттүн курамын жана жаңыртылган түзүмдү сунуштаган.

Мында мурдагы 48 мамлекеттик мекеме-органдар 12 министрликке бириктирилип, премьер-министр, вице-премьер-министр, өкмөттүн аппарат башчысы жана УКМКнын төрагасы кызматын кошкондо 16 жетекчи кызмат орун калган.

Мурдатан Конституцияны өзгөртүүнү жана президенттик башкарууну жактап келген президент 11-апрелде жергиликтүү шайлоо менен чогуу Баш мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдумду дайындаган.

БШК маалымдагандай, референдумга добуш берүүчүлөрдүн 36,66 % (1 322 124) катышып, алардын 79,32% (1 048 660) Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Калган 13,72 % (181 370) каршы добуш берген.

Натыйжада президент Садыр Жапаров 5-майда Конституция күнүнө карата уюштурулган иш-чарада элге кайрылуу жасап, жаңы Баш мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, өкмөт жоюлуп, Министрлер кабинети түзүлдү. Премьер-министр мындан ары Министрлер кабинетинин төрагасы болот. Бул жолку сунушта 14 министрлик, 2 комитет калды.

Садыр Жапаров 5-май күнкү кайрылуусунда буларга токтолду:

“Жаңы Баш мыйзам өзгөрүүнүн пайдубалын түптөдү. Президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын бири-бирин кайталоосу жоюлат. Аткаруу бийлигинде төрт багытта башкаруу блогу болот: (1) Министрлер кабинети элдин жашоосун жакшыртууну камсыз кыла турган үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишти уюштурат. (2) Коопсуздук Кеңеши коопсуздукту камсыз кыла турган жана кризистик кырдаалдарда иш алып барган түзүм болот. (3) Туруктуу Өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жана анын катчылыгынын базасында өлкөнүн өнүгүүсүн башкаруу системасы түзүлөт. Бул түзүм, стратегиялык маселелер, ири инвестициялык долбоорлор, реформаларды даярдоо жана аларды ишке ашыруу, ошондой эле улуттук программаларды көзөмөлдөө менен алектенет. (4) Биз улуттук маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү, кыргыз коомунун кайра идентификациялоо — улуттук кайра жаралуу процесси, кыргыз диаспоралары менен өз ара байланышуу маселелерин өзүнчө блокко камтыйбыз. Бул багытта Мамлекеттик катчы иш алып барат”.

Президент соңку кайрылуусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна байланыштуу да билдирүү жасап, анда административдик ресурстарга чектөө коюлганы менен добуш сатып алуулар болгонун мойнуна алды.

Жапаров мурдараак өзү негиздеген жана досу Камчыбек Ташиев мурдагы шайлоодо лидерлик кылган “Мекенчил” партиясына бул жолку жергиликтүү шайлоолорго катыштырууга тыюу салган. Мындан сырткары алар чогуу негиздеген “Ата Журт” партиясы да шаардык кеңештерге катышкан эмес.

Бирок 2020-жылкы парламенттик шайлоодо “Мекенчилде” талапкер болгон Айбек Маткеримов бул жолу “Ата Журт-Кыргызстан” партиясын жетектеп барды. Бул партия жалпы 28 шаардык кеңештин 21ине ат салышып, анын көбүндө утуп чыкты. Ушуга байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларында бул партияны административдик ресурс колдонууга айыптагандар чыкты.

Садыр Жапаровдун бийлигине карата кадрдык саясатка байланыштуу да дооматтар көп. Мында жетекчи орундарга татыктуу-татыктуу эместиги тууралуу айыптар, куда-сөөк, тааныш-билиш адамдардын коюлуп жатканы боюнча да сындар бар.

Журналист Куттумидин Базаркуловдун ушул жөнүндөгү оюн угалы:

“Ак үй кадр маселесинен аябай аксап жатат. Кирсең жалаң эле сулуу кыздар толуп кетиптир. “Алар эмне болуп иштейт?” десең, аткаминерлердин жардамчысы, кеңешчиси, катчысы болуп алышат экен. Булар кандай кеңеш берет деп ойлоп коёсуң. Ак үйдө сулуулардын сынагы өтө тургандай болуп калыптыр. Мындан сырткары трайбалисттик кадрлар да көбөйүп кетиптир. Ошондой эле үй-бүлөлүк байланыштар аркылуу ишке кирип алышыптыр. Кайнатасы аппарат башчы болсо, күйөө баласы президенттин кеңешчиси болуп курчап алышыптыр. Бийлик өзүнө бетке айткан адамдан коркуп, аларды ишке алуудан качып жатат”.

Расмий ишке киришкенден кийин мамлекет башчы Садыр Жапаров энергетикадагы кризисти талдап чыгып, электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылды. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керек деп эсептейт.

Муну калктын бир катмары сын менен кабыл алган менен эксперттер чөйрөсү жана жагдайды түшүнгөндөр колдоого алып чыгышты.

Ошол эле убакта калк арасында Кумтөр кенине жана казинолор боюнча мыйзамга байланыштуу пикирлери тескери эффект жаратты. Мындан сырткары коронавирус жуктуруп алгандарды Ысык-Көл тамыры –уу коргошун (аконит) чөбү менен дарылоо сунушу да коомчулукта кыйла талкуу жаратты. Эл аралык жана жергиликтүү эксперттер муну “орто кылымга кайтуу” деп мүнөздөп, сыноодон өтпөгөн дарыны колдонууну мыйзамсыз деп баалашты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жапаровдун жалпы 100 күндүк ишмердүүлүгүнө мындайча баа берди:

100 күн албетте аз, бирок бул убакытта кичинекей реформаларды кылса болмок.
Дастан Бекешев.

“Бизде дайыма “мына эми эле ишке кирди, убакыт берели” деген шылтоону айтып келишет эмеспи. Президент “экономика төмөндөп кетти, бюджетте акча жок, тышкы карыз өстү, бюрократия өстү, мага мамлекет ушундай абалда өттү” деп өзү деле айтпадыбы. “Ошону үчүн 100 күндүн ичинде эч нерсе кыла албайсың” деп эле айтат да. 100 күн албетте аз, бирок бул убакытта кичинекей реформаларды кылса болмок. Тилекке каршы, бул убакытта инвестициялар качты, кымбатчылык күчөдү, азык-түлүктүн баасы өсүп жатат, саламаттык сактоо жана билим берүү системасында кризис, коомчулукта моралдык деградация өрчүдү, ага кошул-ташыл мына Баткен окуясы болуп кетти. “Кыргызстанды мен мына ушундай жагдайда өткөрүп алдым” дегенди мурдагы президенттердин бардыгы эле айтып келген. Эми эл тандады, бир кишинин колуна эбегейсиз бийликти берди. Президент өкмөттүн аталышын өзгөрттү, дайындоо механизмин алмаштырды. Чынында ошол эле кишилер, ошол эле кадрлар, жыйынтыгын көрөбүз эми”, - деди ал.

Башка жагынан алганда, айрымдар Садыр Жапаровдун президент катары Кыргызстанды туруксуз жана солкулдаган саясий абалдан алып чыгып кеткенине басым жасашат. Ошол себептүү өткөөл мезгилдеги убакыттан жыйынтык күтүү туура эместигин да белгилегендер бар.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов мындай дейт:

Феликс Кулов
Феликс Кулов

“Бул 100 күн үмүттүн күнү болду. Бул аралыкта Конституцияны кабыл алып, ал 5-майдан баштап ишке кирди, ошондон баштап президенттик башкарууга толук кандуу өттүк. Бул киши абактан чыкканы үчүн, көп нерседен кабары жок эле, анан алгач саясий жагдайга даярданды. 100 күндү анализ кылуу, абал менен таанышуу, уюштуруу, багытты аныктоо менен өткөрдү. Ошондуктан менимче 5-майдан баштап жаңы эсеп башталыш керек. Күздө же жыл жыйынтыгына карап президенттин ишмердүүлүгүнө баа берсек туура болот”.

Бийлик башындагы “алгачкы 100 күндүк” концепциясы ХIХ кылымга, Франциянын башында Наполеон Бонапарт турган учурга барып такалат. Президенттик кызматта бул түшүнүктү биринчи жолу ХХ кылымда, 1933-жылы ишке киришкен АКШнын президенти Франклин Рузвельт ийгиликтүү ишке ашырып, чоң экономикалык маселелерди чечкени баяндалат.

Ушундан кийин дүйнө өлкөлөрүндө президенттин алгачкы 100 күнү өзүнчө талданып келет. Бул мөөнөт президенттик башкаруунун стилин жана репутациясын аныктайт. Башкача айтканда, мамлекет башчынын мындан кийинки саясаты кайсы нукта жүрө турганы ушул убакытта белгилүү болот деп эсептелет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG