Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

Жапаровдун ишин караган Бакирова сотторду башкарат


Нургүл Бакирова

Кыргызстанда Жогорку соттун төрайымы алмашты. Сот бийлигинин башчылыгына Нургүл Бакирова шайланды. Өлкө бийлиги кезектеги жолу сот реформасын убада кылып жаткан чакта Жогорку соттун башчылыгына ким келди, тармакты өзгөртүүдө ролу кандай болушу мүмкүн?

Өткөн аптада буга чейин кылмыш иши козголуп, жумуштан убактылуу четтетилген Гүлбара Калиеванын ордуна Нургүл Бакирова шайланды. Ар түркүн саясий окуялар тез өнүгүп жаткан Кыргызстанда бул окуяга көп деле көңүл бурулган жок.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүкүралиеванын айтымында, Нургүл Бакирова 22-апрелде Башкы соттун судьяларынын жыйынында шайланды:

"Бул жыйында Жогорку соттун төрайымы жана анын орун басарын шайлашты. Судьялар бир добуштан буга чейин орун басар болуп иштеп келе жаткан Нургүл Бакированы төрайымдыкка, ал эми Качыке Эсенкановду анын орун басары кылып шайлашты".

Нургүл Бакирова ким?

Жогорку соттун төрайымдыгына жаңыдан киришкен Нургүл Бакирова 48 жашта. Кыргыз Улуттук университетинин Укук таануу факультетин аяктаган соң, эмгек жолун прокуратура органдарында баштаган. Кийин билим берүү тармагында эмгектенген. Сот системасына 2003-жылы келип, алгач Ош шаардык сотунда, кийин Ош облустук сотунда судья болуп 2013-жылга чейин иштеген.

Мындан соң сот системасынан кетип, адегенде жеке ишкер, эки жылга жакын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде бөлүм башчылыкты да аркалаган. Жогорку соттун судьялыгына 2018-жылы дайындалып, былтыртан тарта башкы соттун төрайымынын орун басары болуп иштеп келген.

Нургүл Бакирова 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмесине кирип ат салышкан. Аны менен кошо шайлоого катышкандардын айтымында, ал "Ата Мекенге" "Улуттар Биримдиги" партиясынын квотасы аркылуу келген. Ал жылы аталган эки саясий уюм шайлоого бирге катышкан.

Жогорку соттун судьясы катары Бакированын аты буга чейин коомчулукка көп деле белгилүү эмес болчу. Бир гана жолу анын аты былтыр октябрь окуяларынын тушунда маалымат каражаттарында аталган.

Тагыраагы, 2020-жылдын 6-октябрында Жогорку сот мурдагы түнү тарапкерлери абактан бошоткон Садыр Жапаровдун "Адамды барымтага алуу" беренеси боюнча мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти сотко чейинки өндүрүшкө Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Ушул чечимди чыгарган соттук коллегиянын курамына Нургүл Бакирова, Кеңешбек Токтомамбетов жана Нурмамбет Эшалиев кирген.

Садыр Жапаровдун иши токтомдун фотосу. 24.kg сайтынан алынды
Садыр Жапаровдун иши токтомдун фотосу. 24.kg сайтынан алынды

Дал ушул чечимди бетине кармаган Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү Садыр Жапаровду "Достук" мейманканасында премьер-министрдин милдетин аткаруучулукка шайлашкан болчу.

Бир учурда Бакирова менен биргеликте "Ата Мекен" партиясынан парламентке ат салышкан, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Жогорку соттун жаңы төрайымынын дайындалышына былтыркы октябрдагы чечимдин салымы болушу мүмкүн деп болжолдойт:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

“Былтыр октябрда Садыр Жапаровду актаган чечим чыгарган соң эле биз дал ушундай чечимдерди кабыл алган соттук коллегиянын мүчөлөрү Бакирова же Жоомартов (Садыр Жапаровду башка иш боюнча актаган) Жогорку соттун кийинки төрагасы болот деп айтып чыкканбыз. Биз айткандай эле, Бакирова төрайымдыкка шайланыптыр”.

Негизи Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымдыгына 22-апрелде расмий бекигени менен ага чейин эле бул милдетти аткарып келе жаткан. Соттун буга чейинки төрайымы Гүлбара Калиевага карата былтыр күзүндө УКМК иликтөө баштаган. Ал "Жергиликтүү сот" долбооруна байланыштуу коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында шек саналууда.

Гүлбара Калиева
Гүлбара Калиева

Тергөөнүн жүрүшүндө Башкы прокуратура Калиеваны жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Тартип комиссиясына кайрылып, аталган кеңеш быйыл мартта макулдук берген. Президент Садыр Жапаров 31-мартта Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуу сунушун Жогорку Кеңешке жолдоп, парламент ал сунушту колдогон. Гүлбара Калиева өзүнө карата коюлган айыптарды “негизсиз” деп баалап, өзүнө карата саясий куугунтук жүрүп жатканын билдирген.

Калиевага дал ушул иш боюнча иликтөө жүрүп жаткан маалда эле Нургүл Бакирова Жогорку соттун атынан расмий иш-чараларга катышып жүргөн.

Жогорку соттун алдындагы жоопкерчиликтүү милдет

Эми Нургүл Бакирова өлкөнүн башкы сотун жетектөөгө расмий түрдө шайланды. Мыйзам боюнча Кыргызстанда Жогорку соттун төрайымы өлкөдөгү бийликтин бир бутагынын жетекчиси жана бир катар ыйгарым укуктарга ээ. Ал Кыргызстандын мамлекеттик жетекчилеринин бийликтеги протоколдук ирээти боюнча төртүнчү орунда турат.

Эксперттер сот бийлиги көз карандысыз бийлик бутагы болуш үчүн Жогорку соттун төрагасынын адискөйлүгү жана принципиалдуулугу абдан чоң мааниге ээ экенин айтышат.

Маселен, парламенттин депутаты Мирлан Жээнчороев коомдо сот реформасы жана адилеттикке талап күч болуп турганда Жогорку соттун жетекчиси өзүн көрсөтүшү керектигин билдирүүдө:

Мирлан Жээнчороев
Мирлан Жээнчороев

“Жогорку соттун төрайымы Кыргызстанда сот бийлигинин жетекчиси. Алардын каржылоосу да өзгөчө жүргүзүлөт. Жаңы төрайымга азыр эрк керек. Эгер эрки болсо эгемен иш алып барганга, башка бийлик бутактарына көз каранды болбой, мыйзамга гана баш ийип иш алып барууга мүмкүнчүлүгү бар”.

Бирок мурдагы судья Клара Сооронкулова бул жолу деле Жогорку соттун төрайымын тандоодо бийлик өз кишисин алып келүү аракетинде болгонун айтып, өзгөрүү болоруна үмүтү аз экенин айтты.

“Азыркы шартта Бакированын өз алдынча иш алып барышына эч ишеним жок. Бийлик менен кызматташат деп ойлойм. Анткени, учурдагы жетекчиликке лоялдуу, тил алчаак адамды тандап туруп, атайын коюшту окшойт. Мен Нургүл Бакированын бул тармакта көз карандысыз иш алып бара турганына көзүм жетпейт”.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Акыркы 20 жылдай убакыттан бери улам бир саясий чыңалуу, бийлик алмашуусун башынан өткөрүп жаткан Кыргызстанда сот органына карата нааразылык күч.

Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.

Жогорку соттун Бишкектеги имараты
Жогорку соттун Бишкектеги имараты

Өлкө башына келген ар бир президент сот реформасын ишке ашырууну убада кылып, бирок коомчулукта анын жыйынтыгы сезилбей жатканы көп айтылат. Айрыкча, акыркы жылдары сот системасы президенттик бийликтен көз каранды болуп, маанилүү чечимдер ич ара макулдашылганы парламентте улам көтөрүлүп келет.

Былтыр октябрдан соң өлкө башына келген Садыр Жапаров да сот реформасын ишке ашырууну убада кылган. Ал президенттикке чейин бир нече жыл сот адилетсиздигинин запкысын чеккенин айтып, бул тармакта өзгөрүүлөр болоруна басым жасаган.

Акыркы жолу өткөн аптада Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолукканда Садыр Жапаров реформа зарыл экенин дагы бир жолу кайталады:

Cадыр Жапаров
Cадыр Жапаров

“Кыргызстандагы сот системасынын абалы кандай экенин айтпаса деле билесиздер. 30 жылдан бери ар кандай соттук-укуктук реформалар жасалып келсе дагы, сот органдары өздөрүнүн эң негизги милдеттерин - мыйзамдуулукту сактоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү боюнча милдеттерин толук аткарбай келет. Мындай абалдан тез аранын ичинде чыгышыбыз зарыл, анткени сот иштериндеги негативдүү тенденциялар жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн негиздерине жана жалпы улуттук коопсуздукка залал келтирбей койбойт".

Эксперттер ушундай кырдаалда бийлик реформаны ишке ашырам десе Жогорку соттун төрагасынан тарта, бардык соттук чечимдерге кийлигишпеши керектигин белгилешет.

Жаңы бийликтин сотту реформалоо убадасына карабай азырынча кандайдыр бир өзгөрүү байкалбай жатканын адвокат Бактыбек Жумашев билдирүүдө:

“Чынын айтсак, азырынча өзгөрүү сезилген жок. Ак үйдү карап, ал жактан кандай сөз чыгат дегендей эле иш алып барып жатышат. Канча төрага, төрайым алмашканы менен реформа болбосо эч нерсе өзгөрчүдөй эмес. Азырынча андай реформа байкала элек. Мурдагы эле нук менен бара жатканын көрүп жатабыз”.

Кыргызстандын 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамына ылайык, Жогорку соттун төрагасын судьялар тандашат. Бирок быйыл 11-апрелдеги референдумдун баштапкы жыйынтыгы боюнча жактырылган Конституцияга ылайык, мындан ары Жогорку соттун төрагасын парламенттин макулдугу менен президент дайындайт. Демек, Жогорку соттун президентке көз карандылыгы дагы күчөшү ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG