Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Нуссбергер: Баш мыйзамдын долбоорунда президенттин бийлиги көп


Президент Садыр Жапаров жана мурдагы президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси, 7-ноябрь 2020-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана мурдагы президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси, 7-ноябрь 2020-жыл.

Жакында Венеция комиссиясы жана Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) атайын кеңсеси Кыргызстанда 11-апрелде референдумга коюлганы жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Долбоорду иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү эл аралык эксперттердин сынын четке кагууда.

Венеция комиссиясынын Конституциянын жаңы долбоорун талдап чыгууга катышкан мүчөсү , юридикалык илимдердин доктору, Германиядагы Кельн университетинин профессору, кезинде Адам укуктары боюнча европалык соттун судьясы жана вице-президенти болгон Анжелика Нуссбергер "Азаттыкка" маек берип, тынчсыздануулардын чоо-жайын түшүндүрүп берди.

- Анжелика Нуссбергер айым биз менен баарлашууга убакыт тапканыңыз үчүн рахмат. ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсеси менен Венеция комиссиясы акыйкатчы Токон Мамытовдун өтүнүчүнүн негизинде Кыргызстандагы Конституциянын долбоору боюнча биргелешкен корутундусун жарыялады. Сиз мүчө болгон сегиз эксперттен турган топ Баш мыйзамдын долбоорундагы бир топ жоболор эл аралык стандарттарга шайкеш келбейт деп тапты. Алгач негизги жүйөлөрдү, же корутундунун өзөктүү жерлерин түшүндүрүп бересизби?

- Ооба, Венеция комиссиясынын жана ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин сегиз эксперти биз окуп чыккан Конституциянын долбоору эл аралык стандарттарга төп келбейт деп тапты.

Негизги маселе – долбоордо көзөмөлдөөчү жана тең салмактоочу чыныгы механизмдердин жоктугунда. Биз кыргыз эли президенттик башкаруу системасын тандаганын түшүнөбүз. Бирок президенттик системаларда да бийлик мамлекет башчысынын колунда топтолуп, башка органдар тарабынан көзөмөлдөнбөй калбашы үчүн күчтүү тең салмактоочу жоболор керек.

Кёльн университетинин профессору Анжелика Нуссбергер.
Кёльн университетинин профессору Анжелика Нуссбергер.

Биз Конституциядагы түрдүү беренелерди талдап чыккандан кийин сот системасынын көз карандысыздыгына олуттуу бир кийгилишүү бар экенин байкадык. Парламент өтө эле алсыз болуп калганын, президенттин ыйгарым укуктары өтө эле көп тараптуу экенин көрдүк. Ошондуктан биз Конституциянын ушул бөлүктөрүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.

Бул аракет Кыргызстандын Баш мыйзамдары боюнча тарыхын эске алганда өзгөчө маанилүү. Кыргызстан Конституциясын дайыма демократиялык стандарттарга төп келтирүүгө аракет кылып келген. Азыр өлкө башка тарапка багыт алганына кабатырланып турабыз.

- Айрым жоболорго кененирээк токтолсок. Бул долбоор менен Кыргызстан парламенттик системадан баш тартып, президенттик формага багыт алууда. Венеция комиссиясы менен ЕККУ кайсы бир башкаруу формасын сунуштабай турганын так белгиледи. Ошол эле учурда президенттин ыйгарым укуктары тууралуу тынчсыздануусун билдирди. Мындай камтамачылыкка долбоордогу кайсы беренелер негиз берүүдө?

- Президент жалгыз өзү дээрлик бүтүндөй мамлекеттик администрацияны, негизги жетекчилерди, анын ичинде Министрлер кабинетин, башкы прокурорду, балдар омбудсменин дайындап же кызматтан ала алат. Ал Жогорку соттун жана төмөнкү инстанциядагы соттордун судьяларын тандоого да катышат. Жергиликтүү кеңештерди таркатып жибере алат. Президент мыйзам долбоорлору боюнча демилге көтөрүп, референдум дайындаса болот. Ошондуктан биз бир адамга же президентке ашкере көп бийлик берилди деп эсептеп жатабыз. Эл аралык практика бул кооптуу кадам экенин көрсөтүп келет.

- Анжелика Нуссбергер айым, конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогондор, анын ичинде президент Садыр Жапаров бул долбоор мамлекетте тартипти орнотоорун, өлкөнүн маселелерине бир адамдын жоопкерчилик алышына мүмкүнчүлүк түзө турганын билдирип жатышат. Анын үстүнө, сиз да айткандай, 10-январда шайлоочулар президенттик башкарууну тандашпадыбы. Жогорудагы пикирлерге сиз кандай көз караштасыз?

- Эл президенттик башкарууга добуш бергени жана 2010-жылдан бери өкүм сүрүп келген парламенттик башкарууга көпчүлүктүн ичи чыкпаганы бышык. Бирок президенттик башкаруу бийлик бир эле адамдын колунда болот дегенди билдирбейт. Эл аралык практика көрсөткөндөй, көзөмөлдөөчү жана тең салмактоочу механизмдер канчалык көп болсо система ошончолук туруктуу болот. Бийликтен кыянат пайдалануу көрүнүшү ошончолук аз болот. Бул жерде бийликти кыянат пайдаланууга байланыштуу чоң коркунуч бар.

- Сиздер Конституциянын бул долбоору менен парламент алсырай турганын белгилеп жатасыздар. Долбоорду колдогондор болсо парламентте Министрлер кабинетин дайындоого макулдук берүү сыяктуу дале болсо көп ыйгарым укуктар болоорун айтып келишет. Президенттик системада парламенттин ролу кандай болушу керек?

- Бир тараптан, парламентте президенттин кадамдарын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болушу керек. Экинчи жактан, парламент мыйзам чыгаруучу орган болушу кажет. Кыргызстандагы Конституциянын долбоорунда президенттин мыйзамдар боюнча демилге көтөрүүгө жана референдум дайындоого укугу болот. Бул президент мыйзам чыгаруу бийлигине шек келтириши мүмкүн дегенди туюндурат. Ошондон улам биз система жетиштүү деңгээлде тең салмактанбай калды деп айтып жатабыз.

- Сот системасы тууралуу сөз кыла кетели. Эксперттердин корутундусунда Конституциялык сотту кайра калыбына келтирүү аракети оң көрүнүш катары белгиленген экен. Бирок соттордун көз карандысыздыгына байланыштуу маселелер жок эмес деп айтып жатасыздар. Кандай тынчсыздануу бар?

- Биз Конституциядагы айрым жоболор так эмес экенине камтама болуп жатабыз. Адатта Баш мыйзамдарда камтылышы керек болгон жоболор менен бышыкталган эмес. Мисалы, Сот адилеттиги боюнча кеңештин түзүлүшү, сотторду дайындоо, судьяларды кызматтан алуунун себептери. Булардын баары так эмес. Сот системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жана аткаруу бийлигинин бул тармакка кийлигишүүсүн алдын алуу үчүн бул жоболор ачык жана так жазылышы керек.

- ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсеси менен Венеция комиссиясы Элдик курултай боюнча да бир катар сунуштарды берген экен. Курултай маселеси көптөн бери коомчулукта талкууланып келсе да, ага жаңы Конституциянын долбоорунда өзгөчө орун берилип жатат. Элдик курултай тууралуу жоболор кандай түзөтүүлөргө муктаж?

- Жалпысынан, мамлекеттик бийликтин курамында салттуу бир органдын болушу балким жакшы идея. Бирок бул жаңы органдын ролу кандай болоору, парламент менен кандай кызматташары жетиштүү деңгээлде аныкталбай калган деп ойлойбуз. Буга курултайдын сотторду тандоодогу ролун мисал келтирсек болот.

Биз бул компромисттик чечим болгонун түшүнөбүз. Бирок бул орган парламенттин же башка бийлик бутактарынын ролун кайталап калбайбы деген кооптонуу бар. Бул бардыгын татаалдаштырып коёт. Өзгөчө мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарына келгенде Конституция так болушу кажет.

- Сиз жана сиздин кесиптештер Конституциянын долбоорунда позитивдүү өзгөрүүлөр да бар экенин белгилепсиздер. Долбоордо кандай оң түзөтүүлөр бар? Оң жылыштар көп элеби?

- Эми биз Конституциялык сот кайра түзүлөрүнө канааттанып турабыз. Венеция комиссиясы дайыма Конституциялык сотту конституциялык системанын маанилүү бөлүгү катары алга сүрөп келет. Бул позитивдүү өзгөрүү. Аны так белгиледик.

Адам укуктары Конституциянын өзөктүү жеринен орун алганын да оң жылыш катары бааладык. Ошентсе да айрым укуктарга азыр иштеп жаткан Конституциядагыдай кепилдик берилбей калганын байкадык. Жаңы долбоордо ал укуктар көбүрөөк чектөөгө туш болуп, так эмес терминдер менен коштолгон. Мындан улам адам укуктары боюнча бөлүмгө да сын жок эмес. Мисалы, тынч жыйынга чогулуу же кайсы бир уюмга кирүү эркиндигине байланыштуу бизде сын-пикир бар.

Венеция комиссиясынын сыны, Бишкектин жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:08 0:00

- Эми процедуралык маселелерге келсек. Ноябрь айында Венеция комиссиясы мөөнөтү бүтүп бараткан кыргыз парламентинин ыйгарым укуктары чектелүү экенин, андыктан депутаттар конституциялык реформа сыяктуу олуттуу чечимдерди кабыл албашы керек экенин билдирген. Бирок Конституциянын жаңы долбоорунун демилгечилери өлкө туш болгон өзгөчө абалды эске алганда алардын Баш мыйзамды өзгөртүүгө толук укугу бар экенин айтып жатышат. Жаңы Конституцияны даярдоо жана аны кабыл алуу процесс тууралуу эмне айта аласыз?

- Эксперттердин тобу бир катар маселелерди аныктады. Сиз айткандай, бул Кыргызстан үчүн өткөөл мезгил. Венеция комиссиясы мындай учурда жаңы Конституцияны кабыл албоого, алыска кетпөөгө чакырып жатат. Эң башкысы азыркы Баш мыйзамдагы Конституцияны өзгөртүүгө байланыштуу так эрежелер сакталган жок.

Экинчиден, ачык-айкындуулуктун жетишсиз болгону. Конституциянын долбоору бардык адамдар ой-пикирин билдире алгыдай, жарандык коомдун позициясы эске алынгыдай деңгээлде талкууланган жок.

Мындан тышкары легитимдүүлүк маселеси бар. Президент эски Конституция менен шайланды. Ал жаңы Конституция менен да президент бойдон кала берет. Бул өткөөл жободо белгиленген. Бирок шайлоочулар январь айында аны шайлап жатышканда жаңы Конституциядагыдай ыйгарым укуктары болоорун билген эмес. Биз бул жерде маселе бар экенин көрүп жатабыз.

Ошондой эле Конституциянын долбоору шашылыш референдумга чыгарылганына да тынчсызданып турабыз. Бул мөөнөт жарандык коомго талкууларга толук катышууга, Венеция комиссиянын сунуштарын да дыкат окуп, өз ара жыйынтык чыгарууга өбөлгө түзбөйт.

- Бирок Конституциялык кеңешменин жетекчилиги долбоорду иштеп чыгуу жараянына ондогон адамдар катышканын, жүздөгөн адамдардан сунуш келип түшкөнүн айтып жатпайбы. Буга эмне дейсиз?

- Сиз айткан Конституциялык кеңешменин өзү азыркы Баш мыйзамда каралган орган эмес. Бул жарлыктын негизинде түзүлгөн орган. Бул органдын түзүлүшү ачык-айкын болгон жок. Эгер жаңы Конституция узак убакытка колдонулсун, туруктуу болсун десек, ал документти иштеп чыгуудагы бардык баскычтар маанилүү болушу керек. Ал эрежелер азыркы Конституцияда жазылган. Биз эл аралык эксперттер катары сунуштаар элек, бардык тараптарды “бул мыйзам чегинде даярдалган жаңы Конституция” деп ынандыруу үчүн бул эрежелер сакталышы керек.

- Эми референдумга 20 күндөн аз убакыт калды. Конституциянын бул долбоорунун тагдырын шайлоочулар чечмекчи. Сиздерде бир топ сунуш жана тынчсыздануулар бар экен. Аларды убагында кыргыз бийлигине жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болдубу?

- Венеция комиссиясы кайсы бир мыйзам же Конституция боюнча корутундусун чыгарардан мурун бийлик менен пикир алмашууга дайыма аракет кылат. Биз омбудсмен жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жакшы пикир алмаштык.

Бирок биз парламенттин спикерин кызматташууга, биз менен диалог курууга, өз пикирин билдирүүгө чакырганбыз. Тилекке каршы алар тараптан жооп болгон жок. Андыктан бизде Конституциянын долбоору боюнча өз талдоолорубузду алар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Биз өткөн жумада Венеция комиссиясында өз корутундубузду кабыл алып жатканыбызда референдум ушул текст менен белгиленип калганын билдик. Андыктан эл аралык коомчулук менен кызматташуу биз каалагандай болгон жок.

Менимче, эл аралык коомчулук болочоктогу өнүгүүлөргө кабатырланып тургандай сезилет. Себеби бул Конституцияга көзөмөлдөөчү жана тең салмактоочу принциптер кошулбай калды. Венеция комиссиясы талкууну улантууга, жакшыртуучу жоболорду кабыл алууга дайым даяр. Биз кырдаал туруктуу бойдон калат деп үмүттөнөбүз. Бирок биз санааркап турабыз.

- Сиздердин корутунду жарыялангандан кийин өзгөчө социалдык тармактарда Кыргызстан Венеция комиссиясынын айткандарын эске алыш керекпи же жокпу деген пикирлерди көрүп жатабыз. Балким риторикалык суроодой угулушу мүмкүн. Ошентсе да Кыргызстан эмне үчүн Венеция комиссиясынын сунуштарын эске алышы керек деп ойлойсуз?

- Сунуштарга кулак салуу эч качан кемчилик болгон эмес. Угуп туруп, ынанганыңызды же ынанбаганыңызды дайыма айта аласыз. Пикирлерди угуу деген ачык болуу дегенди билдирет. Бул эл аралык коомчулуктун бири-бири менен кызматташуусундагы жөнөкөй принцип.

Бул чет элдик эксперттердин сиздердин Конституция боюнча талдоосу гана болду. Кыргыз элинин туура же туура эмес пикирди тандоо укугу бар. Бирок диалог маанилүү. Менимче, Кыргызстандын эли эл аралык коомчулуктун жана жалпы стандарттар тууралуу эл аралык талкуулардын бир бөлүгү болууга кызыкдар.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG