Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

“Конституцияны жаңы парламент кабыл алсын”


“Конституция таңууланбашы керек”
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:16 0:00

Венеция комиссиясынын ардактуу төрайымы Ханна Сухоцка Жогорку Кеңештин парламенттик шайлоону жылдыруу тууралуу чечими жана Конституцияны өзгөртүү аракеттери тууралуу пикирин билдирди.

18-ноябрда Европа кеңешинин консультациялык органы болгон Венеция комиссиясы “Кыргызстандын учурдагы парламентинин конституциялык реформаны жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок” деген бүтүмүн жарыялады.

Бул корутунду Кыргызстандын Конституциялык палатасынын 4-ноябрдагы өтүнүчү менен даярдалган. Андан мурда «Реформа» партиясы Жогорку Кеңештин парламенттик шайлоону жылдыруу тууралуу чечими боюнча Конституциялык палатага арыз жазган эле. Жогорудагы корутундунун чоо-жайы тууралуу Венеция комиссиясынын ардактуу төрайымы, Польшанын мурдагы премьер-министри Ханна Сухоцка “Азаттыкка” маек курду.

- Ханна айым, Венеция комиссиясынын “Кыргызстандын азыркы парламенти конституциялык реформаны жүргүзө албайт” деген тариздеги тыянагына негиз берген мыйзамдык жагдайларды түшүндүрүп бересизби?

- Сиз өзүңүз жакшы билгендей, бул абдан татаал маселе. Кыргызстанда парламенттик шайлоо болду. Бирок анын жыйынтыктары жокко чыгарылды. Эски парламент алигиче иштеп жатат. Жаңы шайлоо декабрь айына белгиленген болчу. Бирок кыргыз парламенти конституциялык реформаны жүргүзүү үчүн шайлоону кийинкиге жылдырып койду. Эгер буларды чогултуп карай турган болсок, анда мунун баары мыйзам үстөмдүгү принцибине шайкеш келбейт.

Парламенттик шайлоону июнь айына чейин жылдыра туруу жөнүндө жаңы мыйзам Жогорку Кенештин ыйгарым укуктарын сегиз айдан ашык убакытка узартып койду. Венеция комиссия мындай кырдаалга байланыштуу пикирин жарыялап, ушундай мезгилде абдан маанилүү реформалар жүргүзүлбөшү керек деген тыянакка келди. Себеби учурда өтө туруксуз абал өкүм сүрүп жатат.

Биринчиден, азыр шайлоо өнөктүгү жүргүзүлө турган мезгил. Шайлоо өнөктүгү маалында, анын үстүнө Баш мыйзамды өзгөртүү талкууларына негиз жок кезде кантип конституциялык реформа жүргүзүлсүн? Мындан тышкары шайлоону өткөрүүнүн убактысы да бузулуп жатат. Ушундан улам азыр Конституцияны өзгөртүүгө болбойт.

Мындан тышкары учурдагы парламент жаңы парламенттин шайланып келишин күтүп жатат. Азыркы парламенттин мөөнөтү бүткөн учурдан жаңы эл өкүлдөрү шайланып келгенге чейинки убакыт аралыгында Жогорку Кеңештин техникалык гана функциясы болушу керек. Азыр парламент конституциялык реформа сыяктуу абдан маанилүү чечимдерди эмес, техникалык гана чечимдерди кабыл алышы кажет.

Жогорку Кеңештин 21-октябрда Ала-Арча резиденциясында өткөн жыйыны.
Жогорку Кеңештин 21-октябрда Ала-Арча резиденциясында өткөн жыйыны.

- Сиз азыркы парламенттин техникалык функциясы гана бар деп айтып жатасыз. Андай болсо учурдагы парламенттин ыйгарым укугу канчалык чектелген? Деги эле Жогорку Кеңештин алигиче ишин улантып жатышы канчалык мыйзамдуу?

- Бул Кыргызстан үчүн эле эмес, көп мамлекеттер үчүн маанилүү. Себеби, бир топ өлкөдө парламенттин алмашуу мөөнөтү Кыргызстандагыдай сүрөттөлгөн. Мисалы, Польшанын Конституциясына ылайык, жаңы парламент биринчи сессиясына чогулганда эски парламенттин ыйгарым укуктары токтойт. Ошол эле учурда эски парламенттин мандаты бүткөн күндөн жаңы парламенттин биринчи сессиясына чейинки бир мөөнөт бар. Бул мөөнөт ичинде эски парламент иштей берет. Бирок бул парламенттин кандай функциялары болот? Бул суроонун жообу анык. Бул мөөнөттө эски парламенттин чектелүү гана укугу бар.

Азыркы парламенттин мөөнөтү бүткөн учурдан жаңы эл өкүлдөрү шайланып келгенге чейинки убакыт аралыгында Жогорку Кеңештин техникалык гана функциясы болушу керек. Азыр парламент конституциялык реформа сыяктуу абдан маанилүү чечимдерди эмес, техникалык гана чечимдерди кабыл алышы кажет.

Венеция комиссиясынын корутундусунда бул “пророгация мөөнөтү” деп мүнөздөлгөн. Мындай мөөнөт ичинде парламент ишти үзгүлтүккө учуратпаш үчүн гана өтө зарыл чечимдерди кабыл ала алат. Мындай шартта парламенттин мүмкүнчүлүгү чектелүү болот. Мындай чектелген ыйгарым укук менен бүтүндөй Конституцияны даярдап, кабыл алуу мүмкүн эмес.

Ооба, биз мындай шартта абдан керектүү болсо гана, парламент Конституцияга өтө майда, техникалык өзгөртүү киргизе аларына макулбуз. Ошондой болсо да бул өзгөрүүлөр шайлоо процессин үзгүлтүксүз өткөрүүгө багытталышы керек. Бирок парламент Конституцияны толугу менен өзгөртө албайт. Мындай аракет эрежелерге жана парламенттин мандатына каршы келет.

- Сизге маалым болгондой, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутатынын демилгеси менен жаңы Конституциянын долбоору талкууга коюлбадыбы. Сиз айткандарды эске алганда жогорудагы 80 эл өкүлүнүн чечими канчалык мыйзамдуу болот?

- Алдыда айтканымдай, парламенттин ыйгарым укуктары чектелүү болушу керек. Себеби мыйзам үстөмдүгүнүн талабы ушундай. Мандаты бүткөн парламент мындай олуттуу реформаны жүргүзбөшү кажет. Биз корутундуда так белгилегенбиз, Конституцияны кабыл алуу жараяны абдан татаал. Бул техникалык эле маселе эмес.

Мындай процесске оппозиция, жарандык коом катышышы керек. Жөн гана долбоорду сунуштап, анан көпчүлүк добуш менен кабыл алып койчу иш эмес. Конституцияны кабыл алуу үчүн коомдо орток пикир болушу керек.

Андыктан, шайлоолор маалында мындай олуттуу реформаны жүргүзүүгө убакыт да жок. Конституцияны жазып чыгабыз дегендер Брюс Акермандын “Конституциялык реформа жүргүзүүнүн мезгили, маалы” тууралуу эмгектерин карап чыгышы керек.

Менин оюмча, азыр Кыргызстанда Баш мыйзамды кабыл алуу үчүн ошондой “конституциялык мезгил же негиз” жок. Андай болбосо жаңы Конституция бардык жарандар үчүн башкы мыйзам боло албайт. Бийликте турган бир ууч топтун гана куралы деп саналып калат.

- Конституциялык негиз же мезгил болушу керек деп жатасыз. Кандай учурда Конституцияны өзгөртүүнүн мезгили келди деп айта алабыз?

- Мен алдыда айткандай, Баш мыйзам боюнча реформа парламенттик шайлоодон кийин болушу керек. Бул жаңы парламент карай турган маселе. Венеция комиссиясынын ою боюнча, азыр шайлоо жараяндарын аягына чыгаруу зарыл. Себеби, парламенттин беш жылдык мөөнөтү бүттү. Эски парламенттин мөөнөтүн узартуу аракети эрежелерге каршы келет.

Кандай айтсам, бул бийликти колго алуу үчүн секирик жасоо дегенге барабар. Ошондуктан, менин оюмча, парламенттик шайлоодон кийин гана Конституцияны өзгөртүүнүн убак-сааты келет.

Себеби октябрь айындагы парламенттик шайлоодон кийин элдик толкундоо болду. Ушундай кырдаалда Баш мыйзамды кабыл алууга болбойт. Андай Конституция бүтүндөй өлкөнүн эмес, бир эле адамдын Конституциясы болуп калат.

- Кыргызстан Европа кеңешинин консультациялык органы саналган Венеция комиссиясынын мүчөсү. Ага ылайык, кыргыз тарап жаңы Конституциянын долбоорун сиздердин талдооңуздарга сунушташы керекпи?

- Венеция комиссия кайсы бир мүчө мамлекеттен келип түшкөн мындай өтүнүчтү карап чыгууга даяр. Мамлекеттик орган гана мындай өтүнүчтү жөнөтө алат. Кайрылуу болсо, Венеция комиссиясы өз корутундусун даярдап, мыйзам үстөмдүгүнө жана демократиялык принциптерге шайкеш келген Баш мыйзамды даярдоого көмөктөшө алат.

Жакынкы күндөргө чейин президенттин милдетин аткарып келген Садыр Жапаров жана мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, Бишкек, 16-октябрь 2020-жыл.
Жакынкы күндөргө чейин президенттин милдетин аткарып келген Садыр Жапаров жана мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, Бишкек, 16-октябрь 2020-жыл.

- Венеция комиссиясынын корутундусунда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун кийинкиге жылышына байланыштуу башка бир топ маселелер белгиленген экен. Алардын чоо-жайын түшүндүрө кетесизби?

- Алар башында мен айткан жагдайлар. Кыргызстандын мыйзамдарында өлкө ушундай кырдаалга туш болгондо керек болуучу, шайлоонун шайма-шай өтүшүн камсыз кылуучу айрым жоболор бар. Мындай шартта чечим кабыл ала турган тиешелүү орган [Борбордук шайлоо комиссиясы] бар. Бул мамлекеттик мекеме чечим кабыл алып, жаңы шайлоону дайындаган. Андыктан Венеция комиссиясы бул чечимдер Конституцияга ылайык болгонун айтып жатат. Себеби жаңы шайлоо саналуу убакыттан кийин гана, декабрь айында өткөнү жаткан.

Бизде күмөн саноо, кооптонуу пайда болуп жатат. Эгер бул процедуралар ушунчалык бузулуп жатса, Конституцияга байланыштуу процедуралар бузулбайт деп кантип ишенебиз? Конституцияны жаңы парламент кабыл алышы керек.

Бирок Жогорку Кеңеш кабыл алган жаңы мыйзам парламенттик шайлоону кийинки жылдын июнь айына чейин жылдырууга жол ачты. Шайлоо өнөктүгү маалында конституциялык документтин мындай жол менен өзгөртүлгөнү мыйзам үстөмдүгүнө каршы келет. Айрыкча, жаңы мыйзамды кабыл алуу процедуралары да стандарттарга төп келбей жатат. Анткени документ өтө шашылыш, кыска убакыттын ичинде жактырылды. Ошондуктан, Венеция комиссиясы парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча мыйзамды кабыл алууда процедуралар бузулганын кескин сындады.

Булардын баарын эске алганда, бизде күмөн саноо, кооптонуу пайда болуп жатат. Эгер бул процедуралар ушунчалык бузулуп жатса, Конституцияга байланыштуу процедуралар бузулбайт деп кантип ишенебиз? Конституцияны жаңы парламент кабыл алышы керек.

- Ошондо бул айтылгандардын баарын эске алсак, Кыргызстан демократиялык принциптерден тайбай, эл аралык стандарттарды сакташы үчүн Венеция комиссиясы кандай сунуштарды берет?

- Биз азыр Кыргызстандын Конституциялык палатасынын чечимин күтүп жатабыз. Себеби парламенттик шайлоонун жылдырылышы боюнча чечимге байланыштуу палатага арыз келип түшкөн. Андыктан күтөлү. Конституциялык палатага басым көрсөтпөшүбүз зарыл.

Венеция комиссиясы Европанын стандарттарын, Конституциялык өзгөртүүлөр боюнча документтерди эске алуу менен тыянак чыгарып жатат. Комиссия парламенттик шайлоону жылдырбай, тез арада өткөрүш керек деп эсептейт. Жаңы Конституцияга байланышкан маселеси күтүп турушу керек. Ал арада, албетте, башка мекемелер, депутаттар жана адистер Баш мыйзамдын долбоорун даярдай берсе болот.

Себеби Конституцияны даярдоо оңой-олтоң иш эмес. Баш мыйзам талкуу менен кабыл алына турган документ. Аны бир эле орган же бир ууч топ таңуулабашы керек. Бул Венеция комиссиясынын пикири. Конституциянын долбоорун көрөлү. Андан соң чыныгы талкуу болушу зарыл.

- Президенттик аппараттын өкүлдөрү мындай Баш мыйзамды азыр өзгөртүү маанилүү экенин, долбоор оңдоп түзөлөрүн билдирип жатат. Жакынкы күндөргө чейин президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаров да “он жылдык тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын көрсөттү” деп билдирди. Эгер жаңы Конституциянын долбоору январь айында референдумга коюла турган болсо, Венеция комиссиясынын позициясы кандай болот?

- Биринчиден, биз парламенттик шайлоону жылдырууга байланыштуу Конституциялык палатанын чечимин күтүшүбүз керек. Баш мыйзамды даярдоого азыр мүмкүнчүлүк жок. Учурдагы парламенттин ыйгарым укуктары көпкө узарбашы керек. Анын Конституцияны кабыл алууга жетиштүү укугу жок.

Венеция комиссиясынын корутундусу Кыргызстанга Европанын стандарттарына ылайык иш алып барууга көмөктөшөт. Конституциялык палатанын чечимин жана жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу аракети кандай өнүгө турганын күтүп, көз салып туралы.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG