Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Зулпиев: Баш мыйзамдын долбоорун 80 депутат сунуш кылып жатат


Бектур Зулпиев.
Бектур Зулпиев.

Конституциянын коомдук талкууга чыгарылган жаңы долбоорунун авторлору – парламенттин 80 депутаты. Бул тууралуу 18-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» көрсөтүүсүндө президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев билдирди.

Зулпиев Баш мыйзамдын долбоору жашыруун иштелип чыкканы тууралуу айыптоолорду четке кагып, төмөнкүлөрдү билдирди:

«Демилге көтөрүп жаткан 80 депутат кол коюп, автор болуп чыгып жатат. Коомчулукта көп демилгечи топтор бар. Президенттик аппаратка, Жогорку Кеңештин аппаратына 40-50дөй долбоор киргизилген. Ошонун баарын карап чыксын деп эл талап кылып жатат. Жашыруун эмес. Депутаттар карап чыгып, акыркы вариантын даярдайт деп ойлойм».

Журналисттер тизмеси жарыяланган депутаттардын жоон тобу долбоорду иштеп чыгууга катышпаганын аныктап чыгышты. Айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер долбоор жашыруун даярдалды деген көз карашта болуп жатышат. 80 депутат кол койгон долбоор тууралуу кабары болбогонун «Эксперттер талдайт» теледолбоорунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев да билдирди:

«Аксак, жалтак, жарым жан парламент болуп жатсак. Ушундай тарыхый, оор маселени алып чыкканда жашыруун албастан, эл-журт даярдаса биз формалдуу түрдө киргизип берсек болмок».

Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Укук коргоочулар жана айрым саясатчылар эгер бул долбоор кабыл алынса Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын айтып жатышат.

Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жоктугун, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG