Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:34

Евробиримдик: Бишкек демократиялык багытты карманышы кажет


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель (ортодо), Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери, Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев катышкан видео конференциясы, 17-ноябрь 2020-жыл.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель (ортодо), Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери, Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев катышкан видео конференциясы, 17-ноябрь 2020-жыл.

Евробиримдик менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин 17-ноябрдагы видео конференциясында Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу да учкай сөз болду. Бул тууралуу Еврошаркеттин тышкы маселелер боюнча башкы басма сөз катчысы Питер Стано “Азаттыкка” маегинде билдирди.

Ал Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери, ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев катышкан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу ой бөлүштү.

- 17-ноябрдагы видео конференцияда кайсы маселелер талкууланды? Кандай жыйынтык болду?

- Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин мындай жолугушуусу жыл сайын өткөрүлөт. Бул биздин абдан маанилүү регион менен кызматташтыгыбызды бекемдөөгө болгон ниетибизди көрсөтүп турат. Евробиримдик былтыр Борбор Азия боюнча стратегиясын кабыл алган. Биз бүгүнкү жыйында бул стратегиябыздын алкагындагы убадаларды аткарып жатканыбызды көрсөтөлү дедик.

Өзгөчө коронавирус кризиси менен коштолгон кыйын кырдаалда мунун мааниси чоң. Андыктан сүйлөшүүдө пандемиянын кесепетин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Июнь айында Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары демилге көтөрүп, Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен коронавирус маселесин видео конференция аркылуу талкуулаган. Анда Евробиримдик мындай кыйын кырдаалда сиздерди колдоого даяр экенин билдирген. Андан бери “Европа командасы” долбоорунун алкагында 134 миллион евро бөлүнгөн. Бул долбоор биздин өнөктөштөрүбүзгө кризистин кесепетин жөнгө салууга көмөк көрсөтүүнү көздөйт.

Ушунун баары талкууланды. Көп тараптуу мамиле жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара алакасын бекемдөө жолдору да сүйлөшүлдү. Себеби, коронавирус региондун өз ара кызматташтыгы маанилүү экенин көрсөтүп койду. Пандемиянын кесепетин жөнгө салуу жана калыбына келүү процессинде бири-бирибизди кантип колдой аларыбызды, бул жараянды экологияга шек келтирбестен, эл аралык стандарттардын алкагында алып баруу жолдорун талкууладык. Ошондой эле Ооганстан сыяктуу региондун туруктуулугуна байланыштуу маселелер, чөлкөмдөгү башка оюнчулар тууралуу да сөз болду.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель (солдо) жана Евробиримдиктин тышкы маселелер боюнча башкы басма сөз катчысы Питер Стано.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель (солдо) жана Евробиримдиктин тышкы маселелер боюнча башкы басма сөз катчысы Питер Стано.

- Сүйлөшүүлөрдүн алдында «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму Европа Биримдигин Борбор Азия министрлери менен жыйында адам укуктарынын абалына басым жасоого чакырган. Видео-конференцияда чөлкөмдөгү адам укуктарынын абалы талкууландыбы?

- Ооба, албетте. Адам укуктары Евробиримдик үчүн абдан маанилүү принциптердин бири. Биз өнөктөштөрүбүз менен сүйлөшүүлөрдө бул маселени дайыма көтөрүп келебиз. Бул тууралуу Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын министрлер деңгээлиндеги сүйлөшүүсүнөн кийинки бирдиктүү коммюникеде да айтылды.

Биз өнөктөштөрүбүзгө адам укуктары маселесинде артка чегинбей турганыбызды ачык айттык. Ошондой эле бул темага басым жасай турганыбызды, чоң маани берерибизди белгиледик.

Евробиримдиктин да жана Борбор Азиянын өкүлдөрү да мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуунун, демократиялык башкаруунун, гендердик теңчиликтин жана универсалдуу адам укуктарынын маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилешти. Бул маселелер Европа Биримдигинин дүйнө өлкөлөрү менен алакасында абдан чоң мааниге ээ. Андыктан адам укуктарынын абалы көтөрүлүп келет.

Бул жолку иш-чара адам укуктарына байланыштуу жеке учурларды өз-өзүнчө талкуулоого ылайыктуу эмес. Ошентсе да адам укуктары жана бул маселенин маанилүүлүгү бул жолу да көтөрүлдү.

Биз өнөктөштөрүбүзгө бул маселеде артка чегинбей турганыбызды ачык айттык. Ошондой эле бул темага басым жасай турганыбызды, чоң маани берерибизди белгиледик.

- Буга чейин Европа Биримдиги Кыргызстандагы октябрь айындагы саясий кризис боюнча тынчсыздануусун билдирген эле. Кыргызстандагы саясий окуялар тууралуу жыйында сөз болдубу? Өлкөдөгү соңку өнүгүүлөр боюнча Евробиримдиктин позициясы кандай?

- Кыргызстан боюнча позициябызды биз өткөн айдагы окуяларга байланыштуу билдирүүлөрүбүздө так айтканбыз. Биз үчүн Кыргызстандагы окуялардын өлкөнүн Конституциясынын чегинен чыкпаганы маанилүү. Кризис Баш мыйзамдын алкагында, мыйзам үстөмдүгү, жарандардын эркиндиги сыяктуу Кыргызстандын эл аралык коомчулуктун алдындагы милдеттенмелерин сыйлоо менен чечилиши кажет.

Биз Кыргызстан менен алака-катыштабыз. Кыргызстандын баш калаасында Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча өкүлү жана Евробиримдиктин делегациясы иштейт. Андыктан биз өлкөдөгү бардык саясий күчтөр менен, ошондой эле аралык өнөктөштөрүбүз менен байланыштабыз.

Биз жарандык коом толугу менен катышкан, кыргыз элинин мыйзамдуу талаптары эске алынган конструктивдүү жана инклюзивдүү диалогдун өткөрүлүшүнө кызыкдарбыз.

Жаңы президенттик жана парламенттик шайлоонун таза, акыйкат, эл аралык стандарттарга шайкеш, ЕККУнун байкоочуларынын көзөмөлү астында өткөнү маанилүү. Бул Кыргызстандын демократиялык багытын улантышы үчүн да маанилүү. Мындай багыт Кыргызстанга туруктуулук, экономикалык өнүгүү алып келип, элге мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаганы белгилүү. Буга чейинки жетишкендиктер жокко чыгып кетпеши үчүн жана коргоого алынышы үчүн мындай багытты кармануунун мааниси чоң.

Шайлоого катышуу үчүн президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып берген Садыр Жапаровдун элчилер, консулдар, эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушуусу. 13-ноябрь, 2020-жыл.
Шайлоого катышуу үчүн президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып берген Садыр Жапаровдун элчилер, консулдар, эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушуусу. 13-ноябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандагы кризисти чечүү үчүн ташталган кадамдар Конституцияга шайкеш болушу кажет жана кыргыз элинин өлкөнүн жаңы жетекчилигин ачык жана таза президенттик жана парламенттик шайлоодо тандоо мүмкүнчүлүгү болгону маанилүү.

Андыктан бүгүнкү жыйында Кыргызстандагы ички маселер тууралуу да учкай сөз болду. Албетте, талкуунун негизги темасы болгон жок. Кайсы бир өлкөдөгү ар бир кризистин, ар бир саясий кырдаалдын регионго таасири болбой койбойт. Бирок Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүз кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жатканын түшүнүп турабыз. Алар регионалдык өлкөлөр, Евробиримдик жана эл аралык коомчулук эмнени күтүп турганын жакшы билишет.

- 2019-жылы Евробиримдик Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын кабыл алганын белгилеп өтпөдүңүзбү. Еврошаркет чөлкөм менен кызматташтыкта так кайсы тармактарга артыкчылык берип жатат?

- Бул стратегияда Борбор Азия өлкөлөрүнүн түрдүү маселелерге туруштук берүү жөндөмүн өнүктүрүүгө басым жасалган. Анын ичинде саясий өнүгүү, экономикалык кырдаал, туруктуулук жана регионалдык кызматташтык сыяктуу маселелер бар. Коронавирус кризиси маалында бул айтылгандардын мааниси дагы арта түштү. Андыктан Евробиримдик региондун пандемиядан кийин калыбына келишине да көмөк көрсөтөт.

Жаңы президенттик жана парламенттик шайлоонун таза, акыйкат, эл аралык стандарттарга шайкеш, ЕККУнун байкоочуларынын көзөмөлү астында өткөнү маанилүү. Бул Кыргызстандын демократиялык багытын улантышы үчүн да маанилүү.

Биз мындай стратегиянын алкагында кызматташтыкты улантууга, Борбор Азиядагы өнөктөштөрүбүзгө колдоо көрсөтүүгө дилгирбиз. Себеби бул абдан маанилүү чөлкөм. Региондун чоң потенциалы бар. Биз бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн элдин жашоо деңгээлин жакшыртууга жана коомду өнүктүрүүгө багытталган аракеттерин колдойбуз.

- 17-ноябрдагы видео конференциянын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган коммюникеде Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрү келерки жылы Бишкекте экономикалык форум өткөрөрү белгиленген экен. Анын чоо-жайы белгилүүбү?

- Ооба, Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын экономикалык форуму кийинки жылы Бишкекте өтөөрү ырасталды. Коронавируска байланыштуу чектөөлөр тоскоолдук жаратпайт деп үмүттөнөбүз. Убакыт жакындаганда бул иш-чара тууралуу көбүрөөк маалымат берилет.

Биз мындай иш-чара аркылуу регион менен экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөй турганыбызды белгилегим келет. Себеби экономикалык кызматташтык, бизнес, соода жана инвестиция аркылуу коомчулукка көрүнүктүү жыйынтыктарды алып келе алабыз.

Инвестициялык алака, соода жакшырса, жумуш орундары түзүлөт жана элдин жашоосу жакшырат. Бул жарыяланган декларациялардан так бир жыйынтык чыгып жатат дегенди билдирет.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG