Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

«Элдик курултайга ыйгарым укуктарынын негизинде курултайдын төрагасынын, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчётторун угуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген ордуна ылайык эместиги жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилет», деп жазылган долбоордун негиздемесинде.

Жаңы долбоордо президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт. Президент мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт.

Жогорку Кеңештин тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык беш жылдык мөөнөт менен 90 депутатты шайлоо тууралуу сунуш киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланары менен социалдык тармактарда кызуу талкуу башталып, айрымдар «бийликти бир колго топтоо» катары сындап жатышат.

XS
SM
MD
LG