Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Кандай башкаруу формасы керек?


Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири.
Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири.

Cаясатчылардын ортосунда парламенттик жана президенттик башкаруу формалары, партиялык жана бир мандаттуу система боюнча талкуу жүрүп жатат.

Бир мандаттуу системага макул болбогондор «парламентти акчалуу олигархтар ээлеп алат» деп чочулашса, партиялык тизмеге каршы чыккандар «шайлоочулар добуш берүүгө катышканы менен тандоо укугунан ажырайт» деп жатышат.

Парламентти бир мандаттуу системага өткөрүү маселеси Жогорку Кеңеште айрыкча акыркы күндөрү өзгөчө кызыды.

Маселен, 4-ноябрда Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагалыгынан өз каалоосу менен кетерин жарыялап жатып, коомдо талашка түшүп жаткан шайлоо системасы жөнүндө пикирин да билдирди. Исаев бир мандаттуу шайлоо системасы жалаң гана байлардын депутат болуп келишине шарт түзөт деп эсептейт. Исаевдин ишениминде партиялык система аймактык ажырымга жол бербейт.

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«Бир мандаттуу системаны да көргөнбүз, - деди ал. - 2005-жылы бир мандаттуу система менен шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына эл нааразы болуп революцияга айланган. Экинчиден, үчүнчү чакырылышта бир да аял депутат өткөн эмес. Бүгүнкү күндө акчасы жок, элдин ичинде кадыр-баркы бар ар кандай саясий күчтөрдүн, ар кандай коомдун катмарынын өкүлдөрү партиянын арты менен депутат болууга мүмкүнчүлүгү бар. Жарымы бир мандаттуу системадан болсо, анда ошол жарымында жалаң бай, олигархтар келет. Анткени округдар көбөйөт, жок дегенде 80 миңдик округдар болот. Элестеткиле, 80 миң шайлоочу бар округдан эч качан колунда жок адам депутат боло албайт».

Ушундай эле ойду Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев да айтып жатат. Ал азыркы тапта президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуш кылып жаткан бир мандаттык шайлоо системасы өлкөнү 30 жыл артка тартарын билдирген. Ал «Түркмөнстандын, Өзбекстандын катарына барып кошулабыз» деген.

«Бизде саясатчылар элге жөнөкөй проблемаларды эле алып чыгып, «депутаттардын саны көп, 120 депутат ашыкча» деп жатышат. Депутаттардын санын өзгөртүүдөн эч нерсе болбойт. 90 депутат болсо деле азыркыдай абалда калабыз. Бизде маселенин маңызы - мамлекеттик түзүмдө, министрликте иштегендерди азайтууда эмес. Маселе - максатты туура коё билүүдө. «Эми президенттик система орнойт» деп жатышат. Анда биз 30 жыл артка кетебиз. Түркмөнстандын, Өзбекстандын катарына барып кошулабыз», - деген эле Өмүрбек Текебаев.

Текебаевдин бул билдирүүсүнө президенттин аппараты дароо жооп кайтарды. Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек "Кыргызстандагы саясий партиялар иш жүзүндө жабык акционердик коомго айланып калгандыктан парламенттик башкаруу системасы өз натыйжасын бере алган жок" деп эсептейт.

Галина Байтерек конституциялык реформа жүргүзүүдө өлкөнүн соңку 30 жылдык тажрыйбасын эске алуу зарыл экенин, партиялар жүргүзгөн саясаты үчүн жоопкерчиликте болбогонун айтты. Ал соңку он жылда саясий партиялар таасир талаш менен алек болуп келгенин, мунун баары мамлекеттик башкаруу системасына терс таасирин тийгизгенин белгиледи.

Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы президенттик башкаруу дароо эле авторитардык режим болуп эсептелбей турганын айтып, андайга жол бербеш үчүн реалдуу механизмдер болорун кошумчалады жана мамлекеттик башкаруунун оптималдуу формасын эл өзү тандай турганын айтты.

Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жолугушууларда суроолорго жооп берип жатып:

«Кыргызстан эч качан Түркмөнстандагыдай болбойт. Айрым саясий күчтөр оозуна алы жетпей ушинтип айтып жатат. Оппозициялык күчтөрдү бийликке тартып жатам», - деген эле.

Садыр Жапаровдун билдиргенине караганда Баш мыйзамдын долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык система менен шайланып келери жазылган.

Ошондой эле Жапаров 2-ноябрда Баткен облусундагы иш сапарында конституциялык реформа тууралуу коомчулукта айтылып жаткан сын-дооматтарга:

«Партиялык система 10 жылда өлкөнү талкалады. Кландык системаны жаратып, баарыбызды бай-кедейге бөлдү. Коррупциянын гүлдөшүнө алып келди. Элдин суроо-талабын аткаруу максатында биз конституциялык реформага барабыз. Азыр референдум жана реформа боюнча тиешелүү эксперттер, адистер иштеп жатат. Эл менен акылдашмайынча эч кандай референдум болбойт», - деп жооп берген.

Кыргызстанда бир мандаттуу парламент буга чейин акыркы ирет 2005-жылы шайланган. Ал учурда депутаттардын саны 75 болчу. Мындан тышкары азыркыдай жаштарга, аялдарга жана башка улуттарга деген квота жок эле. Кийин 2010-жылдагы референдумдан кийин депутаттардын саны 120га көбөйгөн.

Тарыхчы жана журналист Кыяз Молдокасымов Кыргызстан чыныгы парламентаризм системасын көрө элек экенин айтты:

Кыяз Молдокасымов.
Кыяз Молдокасымов.

«Биз «парламентаризмди курабыз, парламенттик башкарууда болобуз» деп эңсеп келебиз. Бирок биз буга чейин эч кандай парламенттик башкарууда жашаган жокпуз. Бир кезде, 1993-жылдагы Конституция өзгөрүлө электе болгон болушу мүмкүн. Ошол кездеги президент Аскар Акаев «Англиянын королевасы болуп калат экенмин» деп арданган учурда парламенттин курамы өтө күчтүү болчу. Ошол кезде Кыргызстан парламенттик башкарууга жакындап барган. Ал эми кийин партиялык тизме түзүлүп, фракциялар менен коалицияга биригип парламентке окшогон. Бирок аны парламенттин клону деп койсо деле болот. Биз толук парламенттик башкарууга өтө элекпиз. Партиялык тизме партия лидерлеринин акча чогулткан бизнесине айланып калган. Чыныгы партиялык тизме – бул идея, идеологиянын талаштары менен элди ынандырып, шайлоодон утушу керек. Бирок буга чейинки кыргыз шайлоосу олигархтардын талаш-тартышы менен өтүп келди.

Ал эми бир мандаттуу системага өтүүнү артка кайтуу деп түшүнөм. Бир мандаттуу система эгемендик доордон кийин 1995-жылга чейин өзүн актаган. Бирок ал бузулуп, акчалуулар шайлоодон утуп келишти. Акыл-эстүүлөр, аялдар, жаштар бул системада жеңишке жетишпейт».

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгышкан. Акциядан кийин башаламандык башталып, өлкөдө бийлик алмашкан. Боршайком парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген, бирок парламент бул өнөктүктү конституциялык реформадан кийин уюштуруу тууралуу мыйзам кабыл алып, аны Садыр Жапаров колдогон.

Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоонун датасы аныктала элек. Жаңы бийлик ага мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа өткөргөндөн кийин киришерин билдирүүдө. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өткөнү жатат.

XS
SM
MD
LG