Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

«Кыргызстанда ыңкылапты эски элита өзүнө ыйгарып алды»


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Узап бараткан жумада дүйнөлүк медиа каражаттары Кыргызстандагы окуяларга да кайрылып, өз талдоосун жарыялады.

Москвадагы Карнеги борбору үстүбүздөгү аптада «Улутчулдук жана криминал ортосунда. Кыргызстандагы революция бийликке кимди алып келди?» деген аталышта макала жарыялады. Борбор Азия боюнча эксперт Темур Умаров Садыр Жапаровдун бийлик сересине көз ирмемде көтөрүлүшү эки саясий активдин – радикалдуу риторика жана таасирдүү адамдар менен байланыштардын айкалышы экенин жазат. «Бирок экөөнү тең сактап туруу мүмкүн эмес, акыр аягында биринен баш тартууга туура келет», - дейт автор.

«Кыргызстандагы революцияны демократиянын жеңиши катары сыпаттагандар, атүгүл беларустарга үлгү кылып көргөзгөндөр болду. Бирок ыркы жок активисттер менен оппозиционерлер бири-бири менен мунасага келе албай жаткан чакта ыңкылапты эски элитадан чыккан тажрыйбалуу саясатчылар өзүнө ыйгарып алышты», - деп улантат эксперт. «Эң тез жана чечкиндүүсү – Садыр Жапаров 10 күндүн ичинде түрмөдөн чыгып, премьер-министр болууга, президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетүүгө мажбур кылып, анын ордун ээлөөгө жетишти».

Андан ары автор кыргыз улутчулдарынын колдоосу чоң роль ойногонун, бирок жакын арада Орусия жана Кытай менен стабилдүү мамилелерди калыбына келтирүүдө Жапаровго тарапташтарынын ишенимин жоготпоо максаты турарын белгилейт.

Жапаровдун буга чейинки ишмердигине, ал аралашкан чуулгандуу окуяларга токтолуп, түрмөдө отурганда аны колдоо акциялары тынбай уюштурулуп келгенин баяндайт.

Макалада мекен сыртында жүргөндө жана абакта отурганда Жапаров социалдык тармактарда өтө популярдуу болгону тууралуу да сөз кылынат. Анын социалдык тармактардагы аккаунттарына жазылып окугандардын жалпы саны 630 миңге жетери айтылган. Бирок бийликке келиш үчүн бул жетишсиз эле, Жапаровго таасирдүү кишилердин колдоосу да жардам берди. Өзү Ысык-Көлдөн чыккан, ал эми жакын досу Камчибек Ташиев Жалал-Абаддан болот, - деп улантат автор.

Жапаров-Ташиев тандемин кримавторитеттер колдойт деген сөздөр да айтылып жүргөнү, Ташиевдин Райымбек Матраимов менен жакшы мамиледе экени баяндалат.

«The Diplomat» басылмасы 22-октябрдагы санында «Кыргызстан конституциялык реформага даярданууда» деген аталыштагы макаласында Жогорку Кеңеш эч кандай талкуу же коомдук угууларсыз эле парламенттик шайлоонун мөөнөтүн караган беренелерди токтото туруу тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жактырганын жазат.

Андан ары БШК буга чейин парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилегени, парламент депутаттары өз мөөнөтүн эмки жылдын июнуна чейин узартып алышканы, шайлоо босогосу түшүрүлгөнү, №2 форманын жоюлганы баяндалат.

Макаланын автору 4-октябрдагы шайлоодон кийинки окуяларды тизмектеп, Райымбек Матраимовдун тез кармалып, тергөө менен кызматташарын айтып, 2 миллиард сом төлөп берүүгө көнгөнү бир топ шектенүүлөрдү пайда кылганын жазат. Ошондой эле кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармалганы, экономикалык мунапыстын жарыяланганы баяндалат.

Ошентип саясий олку-солку уланууда, эми талаш-тартыштар конституциялык реформанын айланасында, көбүрөк ыйгарым президентке же парламентке берилиш керекпи деген маселенин айланасында жүрмөкчү, - деген «The Diplomat» Кыргызстан Борбор Азиядагы жападан жалгыз парламенттик демократия экенин эске салат.

«The Financial Times» гезити мындан үч жума мурун эле Садыр Жапаров саясий каршылашын барымтага алуу үчүн 11 жылдык жазасын өтөп, темир тор артында отурганын, азыр болсо ал Кыргызстандын өкмөт башчысы жана презденттин милдетин аткаруучу болуп калганын жазат. «Кечээки кылмышкер Жапаровдун элдик нааразылык жана сот системасына басым аркылуу мамлекеттин башына келиши 15 жылдын ичинде шайланган лидерди төңкөрүүнүн үчүнчү учуру. Тоз-тополоңдор өлкөнүн саясий системасынын өзгөчөлүгү деген ойго түртөт», - деп улантат басылма.

Гезит Кыргызстандын геосаясатына, Жапаровдун таржымалына кайрылып, соңку кадамдарын, дайындоолорун талдап чыккан.

XS
SM
MD
LG