Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:40

Парламенттик кайра шайлоо кийинки жылга калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды.Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров алып чыккан бул долбоорду 83 депутат колдоп берди.

Мыйзам долбоорунда «Конституциялык реформа, Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөр 2021-жылдын 21-январына чейин аякташы керек» экени белгиленген. Ал эми Жогорку Кеңештин кайра шайлоосун «конституциялык реформадан соң 2021-жылдын 1-июнуна чейин өткөрүү» сунушталган.

Парламенттик шайлоону конституциялык реформадан кийин бир мандаттуу шайлоо системасы менен өткөрүүнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров баштаган жаңы бийлик колдоп жатат.

Парламентке келген жаңы мыйзам долбоору

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов айтымында, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаалды, эпидемиологиялык жана экономикалык абалды эске алуу менен президентти жана парламентти шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын айрым нормаларын токтото туруу долбоору иштелип чыкты.

Анда парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынганга чейин жылдыра туруу каралган.

Мамытов мыйзам долбоорун фракция лидерлери, жалпысынан онго жакын депутат иштеп чыкканын, арасында фракция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов жана башкалар бар экенин, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү конституциялык реформа бүткөндөн кийин киргизилерин айткан.

Мыйзам долбоорунда "конституциялык реформа, Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөр 2021-жылдын 10-январына чейин аякташы керектиги" белгиленген. Ал эми Жогорку Кеңештин кайра шайлоосун "конституциялык реформадан соң 2021-жылдын 1-июнуна чейин өткөрүү" сунушталган.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кезексиз президенттик шайлоо мыйзамга ылайык өтүшү керектигин, ал эми парламенттик шайлоону конституциялык реформадан кийин өткөрүү тууралуу сунушту колдоп жатканын айтты.

«Ошол сунушту мен бир гана шарт менен колдодум – бүгүнкү парламенттик башкаруу системасы сакталып калышы керек, бирок өкмөт жана премьер-министрдин укугу күчөйт, президент өзүнүн ыйгарым укугун жоготуп, аксакалга айланат, аны эл эмес, шайлоочулар коллегиясы шайлайт. Бизге өкмөттөн жана кээ бир фракциялардан сунуш түштү. Кыргызстанда акча жок, экономикалык кризистебиз, пандемиянын экинчи толкуну келди, өлкө саясий стабилдүүлүк жолуна түшө элек, эки шайлоо бир убакытта өтсө, ар бирине 500 миллион сом кетет, эл шайлоо системасынын кээ бир жоболоруна нааразы болгондуктан аны өзгөртпөй туруп шайлоо өткөрүү да элдин пикирин эске албагандык болот деп парламенттик шайлоону жазга чейин жылдырып, ага чейин Конституциянын кээ бир жерлерине өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизсек деген сунуш түштү».

Буга чейин депутат, "Бир Бол" фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов парламентте же толук президенттик, же толук парламенттик башкарууга өтүү тууралуу сунуштар айтылып жатканын билдирген.

Сулайманов азыр Баш мыйзамды өзгөртүп, мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо тууралуу демилгелер көтөрүлүп жатканын айтты, бирок азырынча бул тууралуу «расмий кагаз түшө элек» экенин билдирди:

«Эки түрдүү талап болуп жатат – же толук президенттик башкарууга, же толук парламенттик башкарууга өтөлү, аралаш болбойт экен деген. Шайлоо жылып калышы мүмкүн. Айтыш кыйын, балким эки-үч ай же андан ашык».

Кыргызстанда 2010-жылы референдум өткөндө өлкө парламенттик башкаруу системасына өткөнү айтылган. Бирок талдоочулар парламентке укук көбүрөөк берилгени менен иш жүзүндө бийлик бир адамдын – президенттин колунда топтолгонун белгилеп келишет.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Боршайком: парламенттик шайлоо 20-декабрда өтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

22-октябрь президенттик шайлоонун датасын аныктоо мөөнөтүнүн акыркы күнү болчу.

Cадыр Жапаров: Азырынча конституциялык реформа өткөрө албайбыз

16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда конституциялык реформаны парламенттик кайра шайлоо өткөндөн кийин гана уюштурса болорун айткан.

Жапаров ошондой эле президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү, парламенттик шайлоо уюштуруу эрежелери боюнча да пикирин билдирген:

«Президенттик шайлоонун күнүн аркы жумада белгилейбиз. 10-январдан ары өтпөшү керек экен, анткени 90 күн ичинде болууга тийиш. Парламенттик шайлоо боюнча: бир мандаттуу дегенди азырынча мен туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча партиялык система менен өтүшү керек экен. Эгерде антип өткөрбөй, конституциялык реформага барабыз десек, анда мыйзам чегинен четтеп кетчүдөй экенбиз. 3% түшүрөлү деген сунуш болуп жатат, аны өзүңүздөр чечиңиздер, бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат, 5% түшүрсө болот го. Беш миллиондук күрөөнү бир миллионго түшүрсөңүздөр. 120 деген санды 70 же 90го түшүрүп, ушул парламенттик шайлоо менен келип, андан кийин гана конституциялык реформага барсак туура болот экен».

Конституциялык реформага карата чочулоолор

22-октябрда «Реформа» партиясы Конституцияны өзгөртүү тууралуу сунушка байланыштуу билдирүү таратты.

Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын эрктүү болууга, жеке максатын көздөп, саясий интригаларга аралашпай эл алдындагы милдетин так аткарууга чакырык ташталган.

«Кимде ким бийликти кармап калууга, өз позициясын бекемдөөгө, конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө, Конституциянын жаңы долбоорун коомго күч менен сунуштоого аракет кылса, анда алардын баарына 2020-жылдын 5-октябрындагы элдик толкундоонун максаты бийликти басып алуу жана конституциялык реформа болбогонун эскертип койгубуз келет», - деп айтылат билдирүүдө.

Партия учурдагы саясий кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу «парламенттик жана президенттик шайлоону мыйзамдардын алкагында өткөрүү» экенин белгилеген.

Кыргызстандын Баш мыйзамы 1993-жылы кабыл алынган. 27 жыл ичинде ал он чакты жолу өзгөрдү.

2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин референдум аркылуу кабыл алынган Конституцияга парламенттик башкаруу киргизилген жана ал "Конституция 2020-жылга чейин өзгөртүлбөй" турганы белгиленген.

Ага карабай Кыргызстандын Баш мыйзамы акыркы жолу 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн. Ошол кездеги бийлик мындай кадамын "Конституциянын мурдагы редакциясындагы айрым "миналарды жоюу керектиги" менен түшүндүргөн.

Конституцияга киргизилген акыркы өзгөрүү коомдук-саясий-чөйрөдө ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасынын өзүм билемдиги катары бааланган. Ал өз кезегинде Атамбаевдин Убактылуу өкмөттөгү саясий санаалаштары менен мамилесинин бузулушуна, кол үзүшүнө алып келген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG