Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:57

Каптагаев: Атамбаев төрдө жалгыз отургусу келген


Эмилбек Каптагаев

Бермет Букашеванын "Бийлик сырлары" автордук долбоорунда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев бакиевдик бийликтин кулашы, апрель, июнь окуялары жана бийликтеги үзөңгүлөштөрү тууралуу айтып берди.

Букашева: Сиздин «Кандуу жол» китебиңизде жазылгандардын баары дал өзүндөй болгонун кийин иликтөө ырастады. Ошол кандуу кылмышка тиешеси барлардын бири сизге жашыруун сырды шыбырап койду беле?

Каптагаев: Жок, эч ким айткан эмес, бирок кийин баары 99% так келбедиби. Мурда милицияда иштеген Болот Шер экөөбүз кандай болушу мүмкүн экенин болжолдоп чыкканбыз.

Букашева: Кызык экен. Революция алдында ошол китеп Бакиевдердин айыбын ачкан айныксыз жүйө, дегеле ошол революцияда жазгандарыңыз чоң роль ойноду окшойт. Убактылуу өкмөттө аппарат жетекчисинин ордун ээлешиңизге мунун байланышы жокпу?

Каптагаев: Жок, байланышы жок.

Букашева: Анда эмне үчүн бул кызматты сизге беришти?

Каптагаев: 2010-жылдын февралында Курултайды уюштуруу комитети түзүлгөн. Уюштуруу комитетинин башчылыгына Роза Отунбаева, ал эми орунбасарлыгына мен шайлангам. Буга чейин түзүлгөн Бириккен элдик кыймылдын катчылыгын, уюштуруу иштерин мен башкаргам.

Букашева: Түшүнүктүү. Буга чейин оппозициянын администрациясын сиз жетектеген турбайсызбы?

Каптагаев: Ошондой болду. Март айында Курултай өттү. Анда Курултайдын борбордук аткаруу комитети түзүлүп, анын төрайымдыгына Роза Отунбаева, орунбасары болуп Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Дүйшөн Чотонов, Исмаил Исаков жана башкалар шайланган. Бизди камакка алгандын эртеси, 7-апрелде УКМКнын утурумдук абагынан кечки саат 6:30да чыгып Эски аянттагы Жогорку Кеңештин имаратына келдик. Эл бизди колуна көтөрүп келди, Роза Исаковна да келди, анан ишке кириштик. Аянт ал кезде тынчый элек болчу, ок атылып аткан.

Букашева: Бакиев анда Ак үйдө беле?

Каптагаев: Ооба.

Букашева: Сиздерди СИЗОдон кимдер чыгарды?

Каптагаев: Ким экенин билбейбиз.

Букашева: Кийин тактабадыңарбы?

Каптагаев: Тактаган жокпуз.

Букашева: Силерди отургузганда мынчалык эрте чыгабыз деп ойлогон жоксуздар да, эртеси эле адамдар колуна көтөрүп келип бийликке отургузуп коёт деп. Чынында революцияны эл кылды да?

Каптагаев: Ооба, апрель окуяларынын айланасында учурма кептер аябай эле көп, кутумчулук болгон эмес, 7-апрелге биз бардык жерде курултайларды өткөрүүнү ойлогонбуз, революцияны эл өзү жасады.

Букашева: Четтен кийлигишүү болбодубу?

Каптагаев: Жок, болгон жок.

Букашева: Орусия эч нерсе кылган жокпу?

Каптагаев: 20-марттан баштап орусиялык ЖМКлар Бакиевдердин коррупциясы, Гуревич жана башкалар тууралуу материалдарды көп жарыялай баштады. Мунун баары, албетте, өз таасирин тийгизди.

Букашева: Ошондой кубаттуу маалымат чабуулунан улам кыргыз оппозициясы менен Кремлдин жашыруун макулдашуусу болгон беле деген ой кетет. Кийин алар "карагыла, биз силерге кандай жардам кылдык" деп айтышкан жокпу?

Каптагаев: Айтышкан жок. Кызыгы ушул 5-мартта Темир Сариев колдоо, көмөк сурап Москвага учуп барган, бирок ал жерден оң жооп алалбай келген.

Букашева: Анан, сиздер топтошкон жигиттер Убактылуу өкмөттүн төрайымдыгына кантип аял кишини отургузуп койдуңар?

Каптагаев: Апрелге чейин эле, мартта Роза Отунбаева Курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы болгондон кийин иш жүзүндө оппозициянын башчысы болуп калган.

Букашева: Анын жетекчилигине эч ким каршы болбодубу? Бийлик үчүн ич ара күрөш болгон жокпу?

Каптагаев: Ал кезде эки лидер - Атамбаев менен Текебаев эле. Экөө тең оппозицияга жүз пайыз толук таасир көрсөтө аларына ишенбей турушкан.

Букашева: Баары мырзалыгын көрсөтүштү деңиз?

Каптагаев: Жалпысынан алганда ошондой эле болду, бирок бир гана маселе - Атамбаевдин ыйгарым укуктары боюнча талаш-тартыштар чыккан. Аны биринчи орунбасар кылышты, ал болсо премьер-министрдин укуктарын толук алууну каалап аткан, анткени президент менен парламент спикеринин укуктары Отунбаевага өтүп калган. Бирок биз баарыбыз жалпы жетекчилик менен өкмөт башчылыгы Отунбаевада гана болсун деп чечип койгонбуз.

Букашева: Кийин Интернетте жайнап чыккан телефондогу сүйлөшүүлөрдү тыңшоолорду ким уюштурган?

Каптагаев: Анын айрымдарын Атамбаевдин командасы жасады, мисалы, Сариев менен Бекназаровдун телефондогу сүйлөшүүлөрүн. Башка бирөөлөр да Атамбаевди тыңшоо үчүн муну жасашты окшойт. Убактылуу өкмөттү жаманатты кылууга кызыкдар күчтөр көп болчу.

Букашева: Ички жана сырткы күчтөрбү?

Каптагаев: Мүмкүн сырткы күчтөр да болгондур. Тигиниси да, мунусу да. ИИМ сатып алган тыңшоочу аппараттар, УКМКнын 9-башкармалыгы пайдаланган жабдуулар ошондо уурдалып кеткен.

Атамбаев менен Текебаевдин тиреши

Букашева: УКМКны Атамбаев тейлечү беле?

Каптагаев: Башында, 7-апрелде укук коргоо органдарын тескөө Бекназаровго жүктөлгөн, бирок 23үнөн тарта күч структуралары толугу менен Атамбаевге өткөн. Анан ал түштүккө барып келип "ал жерде баары ыдырап кетиптир, мага биринчи орунбасар катары полномочие бергиле, ал жерге тартипти орнотом" деп жатпайбы. Кийин Ош окуялары чыкканда дайынын билгизбей коркуп, жашынып жатып алды, күч кызматтарынын куратору экенин оозуна албай калды. Атамбаев убагында зарыл иштерди жасабай, жагдайды бекем кармап тура албаганы үчүн убакыттан уттурдук.

Букашева: Бул эми күч структураларын Атамбаевдин колуна берип койгон Роза Исаковнанын кемчилиги да.

Каптагаев: Ошондой болуп калды, ишеним арткан да.

Букашева: Июнь окуялары тушунда антип жашынып жатып алганда өлкөгө мындай кишинин кереги жок экенин билиши керек эле. Эмнеге анан президенттик бийликти Атамбаевге берди, анын оң колу болуп жүргөн сиз Отунбаеваны айныткан жоксузбу? Мамлекет үчүн камтама болбодуңузбу?

Каптагаев: ​Ал учурда биз буга маани берген эмеспиз. Бардык талапкерлердин ичинен, маселен, Атамбаев менен Текебаевдин атаандаштыгынан Атамбаев утуштуу болчу. Жеке мүнөздөмөсү жагынан Атамбаев кыйла татыктуураак, башкасын айта албайм, мага жана Роза Исаковнага ошондой сезилген.

Букашева: Ал президент болгондон кийин чыныгы жүзү кандай экенин көрдүңөрбү?

Каптагаев: ​2016-жылга чейин андайы билинген жок, баары дурустай эле келаткан. Кийин ал Конституцияны жамаачылап, алгачкы долбоорун жарыя кылганда биз, Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү каршы чыктык. Себеби мунун баары биздин идеяларга каршы келчү. Атамбаев премьер-министрге абсолюттук дегидей бийликти берип, ойго келбес иштерди, айталы Конституциялык жана Жогорку соттордун жыйынтык чечимдерин премьер-министр менен макулдашуусу керектигин жаздыртпадыбы.

Букашева: Ал айткан-дегенинен чыкпаган кол бала премьер-министрди каалаганбы?

Каптагаев: Каалабай эле бул кызматты өзүнө алгысы келди окшойт. Бул биздин 2010-жылы негиз кылган линияга караманча каршы келчү. Атамбаевдин миссиясы сыртын жети кабат жез тулга менен бекитип алган премьер-министрлик орунду өзүнө даярдап албастан, туруктуулукка жетишкен өлкөнү кийинки президентке өткөрүп бериши керек эле. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү каршы чыккандан кийин ал мурдагы сунушунан кайтты. Бирок иш жүзүндө эч нерсесин өзгөртпөй, "аңкоо" референдумун өткөрдү.

Букашева: Атамбаев менен Текебаевдин тиреши кайдан чыкты? Көралбастык себеп болдубу же ич күйдүлүкпү?

Каптагаев: Бул башынан келаткан нерсе. Орун бирөө эле - президенттик орун. Экөө тең өмүр бою мына ушул орунга даярданып келишпедиби. Атамбаев президент болгондон кийин Текебаев бул орунга отуруп калбасын деп аны түп-тамырынан жок кылгысы келген. Жалгыз эле аны эмес. Атамбаев - кыргыз асманындагы жаркыраган жалгыз чолпон жылдыз болгусу келчү. Бул анын оорусу эле. Путин экөө жолукканда ачык эле «эки революцияны жалгыз өзүм жасагам» деп айтып жатпайбы.

Акаев менен Бакиевди жаманатты кылып, Отунбаеванын баркын кетиришке өзү жанталашып киришип, саясий айдыңда жалгыз гана өзү, айласы куруган өлкөнү алдыга сүрөп, таңкалычтуу ийгиликтерди камсыз кылган тарыхый фигура катары төрдө отургусу келген. Анын оорусу ушул. Ачык эле айтайын, бул өтүшүп кеткен илдет.

Букашева: Мурда бул оорусун билген эмес белеңер? Же бул белгилүү формуладагыдай: бийлик адамды бузат, абсолюттук бийлик адамды айныксыз бузат дегендикпи?

Каптагаев: Анысын билбейм. Бул оору анын бийлиги менен биригип ачыкка чыгып калды.

Букашева: Оппозициядагы эки саясатчы Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин сотторунда сиз жактоочулардын күбөсү катары чыктыңыз…

Каптагаев: Садыр Жапаров боюнча. Сотто мен ачык эле айттым, Жапаровдун жактоочусу болгум келбейт, мен тууралуу калптарды, ушактарды Садыр Жапаров тараткан. Мунун баарын анын абийирине койдум.

Букашева: Ошентип айкөлдүк кылдыңыз окшойт?

Каптагаев: Жок, бул айкөлдүк эмес. Тек, бул жерде барымтага алууга байланышкан ишти тергөө ачыкка чыгарышы керек. Кылмыш иши ачылышы абзел, күнөөлүүлөр жазалансын. Бирок УКМК эмнегедир бул ишти жасабай жатат. Садыр Жапаровду жөн эле барымтага кармоону уюштуруучу жана буюртмачы деп кошуп коюшту, буга эч кандай далил деле жок.

Текебаев тууралуу айтсам, анда мындай күмөн жок. Андагы негизги учур – 13-май. Маевский "2010-жылы 13-майда Текебаев менен кездешкем" деп жатат. Прокуратуранын айыбы да ушуга негизделген: ал мезгилде Текебаев кызматтагы адам болчу, демек аны коррупцияга айыптоого болот.

Бирок 2010-жылдын 13-майы биздин жакынкы тарыхыбыздагы маанилүү күн. Бул күнү Ош менен Жалал-Абадда облус губернаторлору Сооронбай Жээнбековду Ошто, Бектур Асановду Жалал-Абадда кабинетинен кууп чыгышкан. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошол күнү саат 2де чогулганбыз.

Кудум Смольныйдагыдай иш кайнап турган. Текебаев мына ушул отурумда болгон. Чотонов да отурган, ал эле эмес Чотонов кечки саат 5:30да Исмаил Исаков баштаган атайын кызматтын, ИИМдин биртоп генерал, полковниктерине кошулуп тик учак менен Ошко кетишкен. Маевский болсо "саат экиде Текебаевдин кабинетине келгенбиз, ал жерде бешке чейин отурганбыз, андан «Супарага» барып түн киргенче ошол жерде отурганбыз, арак ичкенбиз" деп жатат. Чотонов алар менен түнгө чейин отуруп кантип арак ичет, ошол күнү ал вертолет менен Ошко учуп кетсе?

Букашева: Бул жүз пайыздык алибиби?

Каптагаев: Миң пайыздык алиби. Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра караш үчүн жаңы жагдайларды табышка олуттуу укуктук иликтөөлөрдүн деле кереги жок. Жаңы жагдайга президент Сооронбай Жээнбековдун көрсөтмөсү же маеги эле жетиштүү, ал 13-майда эмне болгонун айтып берсе эле болот. Ал облустун губернатору болчу, ошол күнү кабинетинен кууп чыгышкан.

Эгер ал ошол күнү эмне болгонун айтып берсе, ишти кайра кароого жетиштүү негиз болуп берет, себеп дегенде, ошол эле Чотонов, Исаковдордун аракети менен кайра өз ордуна отурган. Имаратты басып алгандар чыгышкан, кабинетти бошотуп беришкен.

Июнь окуясы, ФСБ жана орус генералдары

Букашева: Кызык экен, президент өзү күбө деңиз. Мен сизден Ош окуялары тууралуу сурагым келип турат. Аны кимдер уюштурган?

Каптагаев: Тилекке каршы, ушу кезге чейин анын ички механизми ачыла элек. Мен эки учурга көңүл бургум келет. Биринчиси - Ислам Каримов БУУнун трибунасынан муну уюштурган үчүнчү күчтөр тууралуу айтты. Экинчиси - былтыр май айында баатыр энелерди сыйлап жатып Атамбаев да ушул окуяларга токтолуп, "400дөн ашуун адамдын канын төгүүгө күнөөлүү кошуна дос өлкөнүн генералдарын билем" деп айтты. Атамбаев менен Каримов бул тууралуу айтып жаткандан кийин үчүнчү күчтөрдүн бул ишке катышканы боюнча атайын иликтөө жүргүзүү зарыл.

8-июнда, каргашалуу окуяларга эки күн калганда мен Бишкекте Рушайло менен жолуккам, ал ошондо бир топ чагымчыл сөздөрдү айткан. Мен ага ошондо ачык эле эгер түштүктө апаат болсо ал күнөөлүү болорун эскерткем. 9-июнда Ошто орусиялык төрт генерал жүргөн. ФСБнын топтошкон кызматкерлери бар эле. Эгер бир алаамат башталып кетсе, ушунчалык кубаттуу ФСБ аны билбей калышы мүмкүнбү же жокпу деген суроо чыкпай койбойт.

Анан 10-июнда апаат башталды. Эми азыр эмоциялар басылгандан кийин ошол апаатты иликтөө боюнча коомдук комиссия түзүп, өткөндөрдү дагы бир ирет кылдат иликтөө зарыл. Баары номуру жок машиналардагы адамдар кыргыздарды да, өзбектерди да атышканын айтышат. Баары кайсы бир снайперлерди, кийин орус снайперлерин кармашканын айтышат, суракка алышканын айтышкан, видеосу да бар болчу – анан баары кумга сиңгендей жок болду, биз аягын таппай калдык.

Букашева: Эсиңиздеби, мунун баарын Бакиевдер уюштурду деген УКМКнын бүтүмү чыккан? Максим менен Жаныштын телефондогу сүйлөшүүлөрүн укканбыз.

Каптагаев: Алардын катышы бар. Криминалдык түзүмдөрдүн да тиешеси бар. Баары бир түйүнгө байланган. Маевканы өрттөө аракети, Александровка, анан Искрадагы өрттөр…

Булардын бети ачылбай калды, Улуттук коопсуздук кызматы ушу кезге чейин алсыз бойдон калууда.

Бүт УКМК өзүнүн негизги милдетинен четтеп, Улуттук коопсуздук кызматы президенттин колундагы жазалоочу курал болуп калбадыбы. Прокуратура мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөө милдетин таштап чыга берди. Азыр эми азыноолок үмүт пайда болду. Мүмкүн эми күчтүү улуттук коопсуздук, кубаттуу ички иштер кызматын, башкы прокуратураны бир катарга коербуз.

Букашева: Жаңы бийликтин бул жааттагы аракети боюнча сизде оптимизм бар окшойт.

Каптагаев: Оптимизм деле жок, бирок үмүт бар.

Маектин орус тилиндеги толук вариантын бул жерден көрүңүз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG