Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Убактылуу өкмөт Атамбаевге жооп кайтарды


Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев. 26-апрель, 2010-жыл
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев. 26-апрель, 2010-жыл

Баш мыйзамдын айланасындагы талкуу мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ортосуна жарака кетирди.

Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү өздөрүнүн мурдагы санаалашы, азыркы президенттин бүгүн майрамда айткан кескин сынына жооп кайтарды.

2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевдин сынынан соң бүгүн чукул жыйынга чогулду. Анын жыйынтыгында коомчулукка атайын билдирүү жасашты.

Ага кол койгон саясатчылар тобу Атамбаевдин бүгүнкү жоруктарына нааразылыгын билдирип, экс-президент Роза Отунбаевадан расмий түрдө кечирим сурашын талап кылышты.

“Биз Атамбаевдин аны бийликке колунан кармап алып келген өлкөнүн экс-президенти Роза Отунбаевага карата негизсиз асылуусуна терең нааразы болдук. Мындай кадам өлкө башчысы эле эмес, өзүн мырза санаган ар бир адамга жарашпайт. Биз өлкөнүн үчүнчү президенти Роза Отунбаеванын кадыр-баркын чечкиндүү түрдө коргойбуз жана азыркы президент Атамбаевдин кечирим сурашын талап кылабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тууралуу кескин сын пикирин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата Ала-Тоо аянтындагы салтанат учурунда билдирген.

Президент убагында өзү да мүчө болгон Убактылуу өкмөттүн Конституцияны өзгөртүүгө каршы чакырыгына токтолуп, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев жана Азимбек Бекназаров башында турган саясатчылардын аракетин сынга алды:

- Мени бийликти узурпациялайт деп айыпташууда. Отунбаева, Текебаев, Бекназаров, Дүйшөбаев, Шерниязов башында турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кайрылуусу да ушундай ушактардын бири. Алардын 2010-жылы жарандар референдумда парламенттик башкаруу системасын ишеним менен тандап алды дегени калп. Анткени, биринчиден 2010-жылдагы Конституция өлкөдө парламенттик башкарууну киргизген эмес.

Атамбаев: Убактылуу өкмөт түзүүгө каршы болгом
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00

Президент Атамбаев Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын дарегине ачуу сөздөрдү жолдоду. Атамбаевдин жүйөсүндө, 2010-жылдагы референдумда шайлоочулар Отунбаеваны президент катары шайлоо жөнүндө эч кабары болгон эмес.

- Убактылуу өкмөт, анын ичинде Отунбаева мен Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттик мөөнөтүмдү узартып алат деп коркуп жатышат. Анткени мындай көрүнүш 2010-жылдагы референдум учурунда болгон. Ар ким өзүнө карап иш кылат.

Атамбаев Убактылуу өкмөткө сөөмөй кезеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Атамбаев өз сөзүндө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө башка да катуу сындарды айтты.

2010-жылдагы революциядан кийин утурумдук өкмөт түзүүгө каршы чыкканын жана Баш мыйзамды өзгөртүү аракеттерине да макул болбогонун белгиледи.

Ошондой эле Атамбаев Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн катышы бар делген 2010-жылдан соңку талап-тоноочулук, банк уячаларынан акча жоголушу сыяктуу жаңжалдарды санап, ага күнөөлүүлөр жооп берет деп эскертти.

Салтанатта катышып жаткан экс-президент Роза Отунбаева Атамбаевдин жогорудагы сөздөрүн айтып жаткан кезде аянттан кетип калды. Муну көпчүлүк Отунбаеванын президенттин сөздөрүнө жообу катары баалады.

Эгемендик: Отунбаева аянттан кетип калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00

Ал эми Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевге жооп кайтарышты. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент бүгүнкү билдирүүсү менен өлкөнү уят кылганын айтып чыкты.

- Атамбаев бул күнү элдин башын бириктирген, ынтымакка чакырган сөздөрдү айтышы керек болчу. Мына ошондо чыныгы президенттин, лидердин деңгээли болмок. Бирок Атамбаевдин бүгүнкү сөзү Кыргызстанды уят кылды. Эгер өлкө жетекчисинин деңгээли ушул болсо, мындай мамлекеттин келечеги кыйын болот.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Эмилбек Каптагаев президенттин билдирүүсү өлкөдө саясий жаңжалга себеп болорун айтууда:

- Президенттин сөзү абдан чоң саясий жаңжалдын башаты. Бул абдан туура эмес иш болуп калды. Азыр өзүнүн жеке оюн айтып жатат. Бул боюнча Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өз пикирин билдиришет.

Ал улут лидеринин сөзүн айта алган жок.Тескерисинче, ал өзүнүн кечээги жана учурдагы санаалаштарына ачуу сөздөрүн айтуу менен өзүн саясий изолязациялоого алып барды.
Элмира Ногойбаева

Президент Атамбаевдин эгемендик күнүндөгү өз санаалаштарына ачуу сыны коомчулукта кызуу талкууларды жаратты. Көпчүлүк өлкө үчүн маанилүү күндө мындай кескин билдирүүлөрү орунсуз болду деп сындашууда. Саясий эксперт Элмира Ногойбаеванын баамында, бүгүнкү кырдаал өлкөдөгү саясий кырдаалга терең таасирин тийгизет:

- Бул Алмазбек Атамбаевдин келечекке стратегиялык көз карашы жок экенин көрсөттү. Акыркы күндөрү кайгылуу окуялар болуп, эл президенттин колдоосуна муктаж болуп турганда калкка үмүт жараткан, ишеним берген сөздөрдү айтышы керек болчу. Бирок ал улут лидеринин сөзүн айта алган жок. Тескерисинче, кечээги жана учурдагы санаалаштарына ачуу сөздөрүн айтуу менен өзүн саясий изолязациялоого алып барды. Мунун кесепти ал үчүн оңой болбойт. Ал эми жалпысынан өлкөбүздү кызуу, саясий жаңжалдарга бай жыл күтүп турат окшойт.

Ал эми "Легендарлуу парламенттин" төрагасы Медеткан Шеримкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, президент Алмазбек Атамбаевдин “Ала-Тоо” аянттындагы сөзү өтө эмоционалдуу болду жана коомчулукта ар түрдүү реакцияларды жаратат. Ал өзү да бүгүн аянттагы майрамдык салтанатта болгон.

- Менин жеке пикиримде, президент бул ойлорду аянтта эмес башка жерде деле айтса болмок. Бирок бул президенттин өзүнүн ою, өзүнүн чечими. Ал кайсы жерде, кандай мааниде сөз айткысы келсе, ал өзүнүн иши. Чынын айтканда, президенттин сөзү өтө эмоционалдуу болду. Эми ага да эмоция менен жооп бербестен, акыл-эстүүлүк менен талдап, элди көчөгө чыгарабыз дебестен жооп берүү керек.

Медеткан Шеримкулов учурдагы коопсуздук маселелери күчөп турган маалда саясий чыңалуу элдин арасындагы тынчтык, коопсуздукка доо кетириши мүмкүн экенин кошумчалады.

Буга чейин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликке ачык кайрылуу жолдоп, анда азыркы Конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана ѳлкѳдѳ авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырышты. Кайрылууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер кол койгон.

2010-жылы апрел ыңкылабында мурдагы президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылган соң Убактылуу өкмөт түзүлүп, бийликти колуна алган. Ага Бакиевдин режимине каршы күрөшкөн 14 саясатчы мүчө болуп кирген, төрайымдыгына Роза Отунбаева дайындалып, ошол жылдын 27-июнундагы жаңы Баш мыйзамды кабыл алууга чейин аткаруу бийлигинин милдеттин аткарган. Кийин референдум өткөрүлгөн соң, Убактылуу өкмөт таратылып, Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти деп жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG