Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Шеримкулов: Атамбаевдин билдирүүсү эмоционалдуу болду


Медеткан Шеримкулов.
Медеткан Шеримкулов.

"Легендарлуу парламенттин" төрагасы Медеткан Шеримкулов “Азаттыкка” билдиришинче, президент Алмазбек Атамбаевдин “Ала-Тоо” аянттындагы сөзү өтө эмоционалдуу болду жана коомчулукта ар түрдүү реакцияларды жаратат:

- Менин жеке пикиримде, президент бул ойлорду аянтта эмес башка жерде деле айтса болмок. Бирок бул президенттин өзүнүн ою, өзүнүн чечими. Ал кайсы жерде, кандай мааниде сөз айткысы келсе, ал өзүнүн иши. Эми президенттин сөзүнө Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кандай жооп кылат, коомчулук кандай кабыл алат, мунун баары алдыда белгилүү болот. Чынын айтканда, президенттин сөзү өтө эмоционалдуу болду. Эми ага да эмоция менен жооп бербестен, акыл-эстүүлүк менен талдап, элди көчөгө чыгарабыз дебестен жооп берүү керек.

Медеткан Шеримкулов учурдагы коопсуздук маселелери күчөп турган маалда саясий чыңалуу элдин арасындагы тынчтык, коопсуздукка доо кетириши мүмкүн экенин кошумчалады.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев эгемендик майрамына карата куттуктоосунда мурунку президент Роза Отунбаева баш болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сынга алган эле.(BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG