Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Атамбаев Убактылуу өкмөткө сөөмөй кезеди


Атамбаев Убактылуу өкмөткө сөөмөй кезеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Президент Алмазбек Атамбаев эгемендиктин 25 жылдыгы менен куттуктап жатып убагында өзү да мүчө болгон Убактылуу өкмөттү катуу сынга алды. Кечээ Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликке ачык кайрылуу жолдоп, анда азыркы Конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана ѳлкѳдѳ авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырышты. Кайрылууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер кол койгон. Алар президентти, Жогорку Кенештин депутаттарын 2020-жылга чейин Конституцияны ѳзгѳртүүдѳн баш тартууга чакырып, учурдагы Конституцияны ѳзгѳртүү 2020-жылдын 1-сентябрынан кийин гана мүмкүн экенин айтышкан.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG