Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Бекназаров: Чотонов менен Шыкмаматовду кызматка Атамбаев койгон


Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Бул тууралуу бүгүн Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Текебаев-Чотонов сотунда көрсөтмө берип жатып билдирди. Ал 13-майда бир нече жыйын болгонун, анда өлкө түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн 2 млн сом бөлүү боюнча талкуу болгонун айтты. Ошондой эле экономика тармагы ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө болгону, кадр маселеси ошол аркылуу чечилгенин айтты.

“Чотонов менен Шыкмаматовду менин сунушум менен Атамбаев дайындаган. “Мегаком” Убактылуу өкмөттүн декрети менен Атамабевге өткөрүлүп берилген. Бакиевден алынган мүлккө кайра рейдерлик болбойт. Ага эч ким ээлик кылбашы керек, ага арест салуу керек деп айткам”. Дүйшөнкул Чотонов ошол убакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигин, Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген", - деди Бекназаров.

Ушул тапта Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу ишти карап жатат. Бүгүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Болот Шерниязов жана Камчыбек Ташиев көрсөтмө берүүдө. Буга чейинки соттук отурумдарда Убактыгуу өкмөттүн Роза Отунбаева баштаган башка өкүлдөрү көрсөтмө беришкен. (КЕ/ZKo)

XS
SM
MD
LG