Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Аянтта атылган, ар жерде катылган курал...


7-апрель, 2010-жыл.
7-апрель, 2010-жыл.

2010-жылы апрель окуяларында жоголгон жүздөгөн курал-жарак, миңдеген ок-дарынын теңинен көбү табылбай калды.

Бийлик куралды өз эрки менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын, акчалай сыйлык берилээрин да жарыялаган. Бирок серепчилер мындай чаралардан жетиштүү майнап чыкпаганын айтып жүрүшөт. Апрель окуяларында жоголгон курал-жарак колдонулган, уюшкан кылмыштуу топтор, экстремисттик-террорчул уюмдардын өкүлдөрү катышкан бир канча кылмыш иштери да катталган.

Сатыбалдиев: Ак үйдөн да, сырттан да ок атылган

2010-жылдын 7-апрелине чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин укук жана тартип боюнча кеңешчиси, экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев “Азаттыкка” маек курду. Сатыбалдиев Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2010-жылы апрель окуяларында күч түзүмдөрүнөн баш-аягы бир топ ок-дарысы менен 865 даана курал-жарак жоголгон. Сегиз жылдын ичинде анын 350дөй даанасы гана табылган. Расмий эмес булактарда жоголгон куралдын саны алда канча көп болушу мүмкүн экени айтылып жүрөт.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын өкүлү Тилек Шаршеналиев курал-жарактарды табуу үчүн "Арсенал" өңдүү атайын операция маал-маалы менен өткөрүлүп жатканын айтып берди:

- Көбүнчө куралдар Талас облусунда жоголгон. Нарын, Ош облусунда жана Бишкек шаарында да болгон. Жоголгон куралдар кимдир-бирөөлөрдөн табылып калса "мыйзамсыз сактоо" беренеси менен кылмыш иши козголот. Эгер мылтыктарды өз ыктыяры менен алып келип берсе, анда иш козголбойт, жарандар эч кандай жазага тартылбайт. Бизде "кайсы жактан кандай мылтыктар жоголгон" деген номерлери менен тизме бар. Алынган мылтыктарды ошол номерлер менен салыштырабыз. Ошонун негизинде аныктайбыз. Эгер номери өчүрүлгөн болсо, анда аныктоо азыркы учурда кыйын болуп жатат.

Милициянын генерал-майору Талантбек Исаев 2010-жылы апрель окуяларынын убагында ички иштер министринин орун басары болуп турган. Ал коогалаң маалында Нарын облусунда болгонун, ички иштер органдары курал-жарактарды сактоого аракет кылышканын айтып берди:

Талантбек Исаев.
Талантбек Исаев.

- Негизи бул окуянын баары, ыңкылаптык маанай Нарында башталган. Таласта Болот Шерниязовду кармай коюшуп, эл тополоң чыгарып, ал жактагы окуялар кокусунан болуп кеткен. Мен 6-8-апрель күндөрү Нарында болчумун. Ал жактан жоготконго жол берген жокпуз. Облус боюнча куралдын баарын чогултуп Чүйдөгү Кара-Балта шаарына катканбыз. Бир жумадан кийин балдар Нарынга жеткирип беришкен. Апрель окуяларында көп курал жоголгону баарына эле белгилүү. Анча-мынчасы табылды. Көпчүлүктө курал-жарактын баарын "каралар" же дагы башка күчтөр алып кетти деп айтуу кыйын. Жөн эле жүргөн балдар деле ташып кетиши мүмкүн болчу. Ар кимдин колунда калды, сатылып кетти, жоголду, балким катылып жатат. Орустарда "дубалда илинип турган курал сөзсүз бир күнү атылат" деген сөз бар эмеспи. Табылбай калган курал бир күнү болбосо башка күнү кылмышкердин колуна түшөт. Жаман адамдардын колуна тийип атылышы да мүмкүн. Ошондуктан ал куралдарды издөөнү күчөтүш керек. Издеп таап, кайра ордуна коюш керек.

7-апрель, 2010-жыл
7-апрель, 2010-жыл

2010-жылы ошол кездеги Убактылуу өкмөт жоголгон курал-жарактарды кайтарып алыш үчүн атайын токтом кабыл алган. Ошонун негизинде өз эрки менен куралды кайтарып бергендерге сыйлык катары 1,5 миллион сом бөлүнгөн. Андан кийин дагы 10 миллион сом берилген. Курал-жаракты өз эрки менен кайтаргандарга сыйлык катары автоматка 4800 сом, ал эми тапанчага 3200 сом берилген. Бирок адистер көмүскө базарда автоматтын баасы 1-2 миң доллардан сатылаарын, ошондуктан мындай сыйлык акы өтө эле аздык кылаарын айтышкан.

2010-жылы апрель окуяларынын убагында УКМКнын төрагасынын орун басары болуп турган Артур Медетбеков таланып-тонолгон курал-жаракты кайтаруу боюнча айрым сунуштар эске алынбай калганын айтып берди:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

- Таласта апрель окуяларында 700дөн ашуун курал-жарак жоголуп кеткен. Андан кийин Бишкекте кандуу окуя болгондо "Форум" ишканасынын жанынан жүздөй курал-жарак, гранатомёт, граната, пулемёт жоголгон. Ак үйдүн алдынан да бир канча курал-жарак жоголгон. Курал-жаракты кайтарып алыш үчүн өзүнчө өнөктүк жүргөн, акча берилген, иш-чаралар болгон. Бирок андан эч кандай натыйжа чыккан жок. Ачыгын айтыш керек. Бизде көп жакшы өнөктүк, идеялар айтылат. Бирок башы башталып эле аягына чыкпай, ошол бойдон калып калат. Экинчиден, биз убагында курал-жарактарды кайтарыш үчүн ушул эле багытта иштей турган, башка иштер менен алектенбеген атайын ыкчам топ түзүш керек деп сунуш киргизгенбиз. Ал сунуштар кагазда эле калып калды.

Апрель окуяларында жоголгон курал-жарак тууралуу коңшу өлкөлөрдө да сөз болгон. 2011-жылы күзүндө Казакстандын ички иштер органдары Тараз шаарындагы террордук чабуулда колдонулган гранатомёт "Кыргызстандан сатылып алынган болушу мүмкүн" деген божомолун да жарыялаган.

УКМКнын мурунку төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев апрель окуяларында жоголгон куралдар колдонулган кылмыштарга токтолду:

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

- Көп жерлерде административдик имараттар, күч түзүмдөрүнүн бөлүмдөрү, аскер бөлүктөрү басылып алынды. Ошолордун арасында уюшма кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, экстремисттик-террорчул топтордун мүчөлөрү да бар экени ачыкка чыкпадыбы. Конкреттүү фактылар менен далилденип, керек болсо эл аралык экстремисттик топтордун колуна тийип, алар күч органдарынын кызматкерлерин атып өлтүрүп, ар түрдүү кылмыштар жасалганы сотто далилденди. Жоголгон куралдарды кайрадан талдап, иликтеп, издей турган мезгил келди.

Кеңешбек Дүйшөбаев 2011-жылдын башында болгон окуяны сөз кылып жатат. Ошол жылы 4-январда Бишкекте үч милиция кызматкери өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү делген адамдар Бишкектин жанындагы Беш-Күңгөй айылында табылып, атайын операция маалында жок кылынган. Атайын кызмат бул адамдарды "Жайшүл Махди" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү деп атаган. Бул окуяга байланыштуу ондон ашык адам кармалып, айрымдары өмүр бою, кээ бирлери сегиз жылдан 23 жылга чейин эркинен ажыратылган. Кылмышка колдонулган куралдар 2010-жылы апрель окуяларында Бишкектеги "Форум" имаратынын жанындагы күч кызматкерлеринен тартылып алынган куралдар экени аныкталган.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты, мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиев да куралдарды издөөнү күчөтүш керек деп эсептпейт.

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

- Биз убагында "Кербен" деген рейддерди өткөргөнбүз. Анын максаты аймактардагы мыйзамсыз курал-жарактарды алуу болгон. Ошондо Оштон, Таластан бир топ куралдарды алып келгенбиз. Азыр эми куралдарды кайтарып алуу деле кыйын болуп калды. Бирок бул багытта иштесе болот. Дагы рейддерди жүргүзүп, ыкчам иштерди көбөйтүп, жоголгон куралдарды тапса болот.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул маселе оңой эмес экенин, кесепети оор болоорун белгиледи. Анын айтымында, парламент жоголгон курал-жарактар боюнча көзөмөл жүргүзөт:

- Ал убакта кыйын абал болгон. Курал-жарактын көбү табылбай калды, сиңип кетти. Бирок бул жакшылап иликтениши керек. Автоматтар кылмышкерлердин же дагы башка кылмыштуу топтордун колуна тийсе, кесепети оор болот. Биз бул маселе боюнча ИИМден маалымат алабыз.

Кыргызстанда мындан башка да бир топ курал-жарак 2010-жылы июнь коогалаңында да жоголгон. Анын дагы көбү кайтарыла элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG