Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

“Жайшүл Махдинин” мүчөлөрү соттолду


Милиция кызматкерлерин өлтүргөндөрдү кармоо боюнча операциядан кийин, Беш-Күңгөй, 4-январь, 2011-жыл
Милиция кызматкерлерин өлтүргөндөрдү кармоо боюнча операциядан кийин, Беш-Күңгөй, 4-январь, 2011-жыл

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту “Жайшүл Махди” террорчул уюмун түзүп, бир катар кол салууларды уюштурган деп шектелген он үч адамга өкүм чыгарды.

Алардын башында турган деп табылган Эдил Абдрахманов, Бакыт Кенжегулов жана Данияр Кыдыралиев өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм кылынды. Соттолгондордун биринин адвокаты Акин Токталиев адилетсиз өкүм болгонун айтып, ал боюнча шаардык сотко даттана турганын билдирди.

Беш кылмыш эпизодуна кириптер болгон топ

Аталган уюм 2010-жылы 30-ноябрда сот отуруму өтө турган спорт сарайындагы жардырууга катышы бар деп жарыяланган. Андан соң АКШнын жараны Ричардга кол салуу, андан тартылып алынган машинеге эртеси жарылуучу жабдуу орнотуп, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жанына койуп кеткен факты катталган.

Жыл айланбай 2011-жылы 4-январда баш калаада үч милиция кызматкери өлтүрүлгөн. Кылмышкерлер Беш-Күңгөйдөн табылып, атайын операция учурунда жок кылынган.

Беш-Күңгөйдөгү операциядан кийин
Беш-Күңгөйдөгү операциядан кийин
Атайын кызмат мына ошонун бардыгына “Жайшүл Махди” деген террорчул уюм жооптуу деп жарыялап, анын мүчөлөрү катары он үч адам кармалган. Алардын үчөө өмүр бою эркинен ажыратылып, төртөө 23 жылга, экөө 22 жылга, калгандары жети-сегиз жылга кесилди.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева бул боюнча мына буларды билдирди:

- Бул уюшма топ тарабынан жасалган бир нече кылмыш эпизоддору болгондуктан бир эле берене ар бир соттолуучуга бир канча жолу коюлган учурлар бар. Иштин көлөмү дагы абдан чоң. Ошондуктан сот иши ушунча узарды. Ар бир окуя, ар бир эпизод боюнча соттук териштирүүнүн негизинде мына ушундай оор жаза чараларын караган өкүм чыкты.

Адвокат: жок жерден чыккан жоочулар

Соттолуучулардын адвокаттары соттун өкүмү адилетсиз болгонун айтып, террорчул уюмга таандык деп шектелген адамдардын күнөөсү далилденген жок деген турумду карманышууда. Анткени “Беш-Күңгөйдө атайын операция учурунда жок кылынган Советбек Исламов менен калган кармалгандардын байланышы тергөөдө аныкталган эмес” дешет алар. Адвокат Акин Токталиев бул боюнча шаардык сотко даттана турганын билдирди:

- Бул жерде саясий буйрутма бар. Атайын кызмат террорчулук менен күрөшүп жаткандай түр көрсөтүү үчүн бул жасалма токулган кылмыш иши боюнча сот өкүмүн чыгарып отурат. Далилдер жок. Мына ошондой уюмдун болгонун тастыктаган да далил жок. Анан ошол жардырууларды түздөн-түз ушулар уюштурганын тастыктаган эч кандай көрсөтмө жок. Ошондуктан биз бул боюнча аягына чейин туруп, алардын айыбы жок экенин далилдейбиз.

Соттолуучулардын айрымдары 2010-жылдагы 7-апрель окуясына катышып, июнь коогасы учурунда ал жакка гуманитардык жүк жеткирүүгө көмөктөшкөн. Бул тууралуу билдирген укук коргоочу Токтайым Үмөталиева ал балдардын Убактылуу өкмөткө кызмат кылганын жана алардын террорчул уюмга тиешеси жоктугун тастыктаган көрсөтмөлөр тергөөдө эске алынбаганын айтып чыкты.

Фактылар сүйлөгөндө

Тергөөнүн версиясы боюнча “Жайшүл Махди” уюму 2007-жылы түптөлүп, анын башчыларында Конституциялык түзүлүштү кулатуу пландары болгон. Ошол эле кезде уюмдун айрым мүчөлөрү Саид Бурятский менен байланышта болгонун тастыктаган тасма табылган.

Коопсуздук боюнча эксперт Талант Раззаков аталган уюмдун болгону жана анын мүчөлөрү куралдуу каршылык көрсөткөнүн тастыктоочу фактылар бар экенине токтолду:

- Эми алардын куралдуу каршылык көрсөткөнү чын да. Ошонун айынан эки тараптан тең жанагыдай курмандыктар болгон. Мына ошол адамдардын айрымдарынын 7-апрелде аянтта жүргөнү боюнча да маалыматтар бар. Анан аларды бул жакка ким уюштуруп келди деген суроо ал өзүнчө маселе. Бирок мына ошондой террорчул маанайда болушканы, куралданышканы көрүнүп эле турбайбы. Атайын кызмат жөн эле турган адамдарды кантип кармай берсин?

Соттолуучулардын улуусу 40 жашта, кенжеси 24 төрт жашта. Алардын бардыгы Кыргызстандын жарандары жана кармалганга чейин Бишкек шаарында жашашкан. Бул иш эми апелляциялык арыз берилсе, Бишкек шаардык сотунда каралмакчы.

XS
SM
MD
LG