Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 08:59

Террорчулар "биз барбыз" деди


Бишкекте террордук кол салууга даярданган деген шек менен куралдуу топтун кармалышы Кыргызстандын бейпилдигин бузууга кызыкдар күчтөрдүн кайрадан баш көтөргөнүнөн кабар берет.

Мына ушундай пикирди карманган аналитиктер коомдогу саясий карама-каршылыктарды курчутууну каалаган күчтөр чагым салууга кызыкдар деп болжолдошот.

Ошол эле кезде муну айрым талдоочулар учурдагы саясий окуялардан коомчулуктун көңүлүн алагды кылгысы келген атайын кызматтардын оюну катары карашууда.

Чакырыктар жана коркунучтар

Кыргызстанда коомдук-саясий абал курчуган мезгилде адатта криминалдык же экстремисттик аракеттерге ыктаган топтордун күчөгөн учурлары байкалган. Буга 2005-жылы 24-марттагы жана 2010-жылкы 7-апрелдеги окуялардын алдында же андан кийинки аралыкта кылмыш чөйрөсү менен катар эле диний-экстремисттик топтордун жандануусун мисал келтирүүгө болот.

Октябрь айынын башында өлкөдө саясий окуялардын өрчүшү менен 17-октябрда атайын кызмат күч түзүмдөрүнө жана мамлекеттик мекемелерге кол салуу даярдаган деген шек менен куралдуу топтун мүчөлөрү кармалганын жарыялады.

Коопсуздук боюнча эксперт Имамберди Жалилов мындай фактынын ачылышы мамлекетте реалдуу коркунуч бар экенинен кабар берет деп эсептейт:

- Ок атуучу куралдар мененжардыруучу заттар жана кармалган адамдардын өң-түспөлүнүн көрсөтүлүшү бул фактынын чындыгынан күмөн санатпайт. Бирок атайын кызмат айткандай, чын эле алар мына ошол учурда мамлекеттик мекемелерге жана күч түзүмдөрүнө кол салууга даярдангандыгы далилдене турган болсо, анда өлкөдөгү абал оор экенинен кабар берет. Анын артында чоң күчтөр болбосо каяктан ошондой даярдыктар болсун? Ошон үчүн буга кыраакылык менен мамиле кылуу керек.

3-октябрдагы айрым оппозициялык күчтөрдүн Кумтөр алтын кенин улутташтыруу боюнча митинги Ак үйгө кирип баруу менен аяктады. Андагы мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга үндөө чакырыгынан улам бир катар саясий лидерлер камакка алынган болчу. Буга байланыштуу алардын боштондугун талап кылган акциялар уланып жатат.

"Колу узун" күчтөр

Бул аралыкта беш адамдан турган куралдуу топтун террордук актыларды даярдаган деген шек менен кармалышы жөн эле дал келүүбү, же аталган окуялардын өз ара байланышы барбы деген суроону жаратты. Анткени экстремисттик идеяларга сугарылган топторду кайсы бир күчтөр өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына карата колдонгон учурлар тарыхта аз эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов бейпилдикти бузгусу келген ички-тышкы күчтөр андай кызматташуудан кайра тартпай турганын белгиледи:

- Негизинен өлкөдө ар кандай максаттагы жашыруун экстремисттик уюмдардын бар экендиги мурдатан эле белгилүү. Мына ошол уюмдарды кайсы бир күчтөр пайдаланууга кызыкдар. Анткени алардын күч менен бийликти алууга физикалык жана идеялык жактан да даярдыгы бар үчүн аларга кызматташууну сунушташы мүмкүн. Мында ар биринин өз алдынча максаты болушу мүмкүн. Бирөөлөрү өлкөдө чаң-тополоң уюштурууну көздөсө, тигил жашыруун топтор буйрутманы аткаруу менен өздөрүнүн позициясын бекемдеп калууга аракеттенишет. Саясий күчтөр ошондой күчтөрдү пайдаланып, ошондон көздөгөн максатка жетебиз дешсе, анда алар өтө жаңылышат. Анткени качандыр бир кезде мына ошол топтор күчтөнүп алып, алардын өздөрүнө каршы чыга турганын түшүнүш керек.

Митингдер же бийлик алмашууга алып келген элдик толкундоолорго бийликтен чыныгы өзгөрүүлөрдү талап кылган саясий күчтөрдүн катарында экстремисттердин болуп калышын чекисттер жокко чыгарбайт. Анткени алар дайыма мына ушундай кысталыш кырдаалдарды пайдалангысы келет дешет алар.

Буга бир мисал 2010-жылдагы 7-апрель окуясында жана андан кийинки июнь коогасында окуялардын чордонуна “Жайшул-Махди” деген аталыштагы куралчан уюмдун өкүлдөрү катышкан учурлар катталган. Кийин алардын кылмыштуу аракеттеринин бети ачылып, аларды кармоо учурунда кээ бирөөлөрү жок кылынып, айрымдары камакка алынган.

Марат Иманкулов коомдун ичинде эле жүргөнүнө карабастан ал уюм тууралуу эч ким билбей келгенин мисал келтирди:

- “Жайшул-Махди” уюмунун айрым мүчөлөрү 7-апрелде аянттагы элдин арасында аралашып жүргөнү байкалган. Ал гана эмес, кийин июнь коогасы учурунда алардын коомдук активист Токтайым Үмөталиева менен бирге Ошко гуманитардык жардам жеткирүүгө көмөктөшкөнү да чын. Бирок Үмөталиева ал балдардын мына ошол экстремисттик топко мүчө экенинен кабары болбошу да мүмкүн. Ал бул тууралуу билбеши да мүмкүн. Анткени аянтка чыккан элдин арасындагы адамдардын кимиси каяктан жана эмне максат менен жүргөнүн билүү чынында мүмкүн эмес. Анан калса аталган уюм тууралуу ага чейин эч кандай маалымат да болгон эмес. “Жайшул-Махди” ошол кезде жаңыдан гана уюшула баштаган экен. Алардын конкреттүү фактыларга катышы болгондугу аныкталган соң гана мына ошондой уюмдашкан топтун бар экени белгилүү болгон.

Ойдон чыгарылган-чыгарылбаган

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2010-жылдан бери эле ондон ашуун террордук актыларды ишке ашыруу аракеттери катталган. Буга байланыштуу жыйырмага чукул адам камакка алынып, анын ичинен айрымдары каршылык көрсөтүү учурунда жок кылынган. Бирок ошол эле кезде айрым талдоочулар террордук актыларды атайын уюштурулган, же ойдон чыгарылган фактылар катары кабыл алышат.

“Эр айдоочу” коомдук уюмунун төрагасы Качкын Булатов мунун бардыгы коомчулуктун көңүлүн алагды кылуу үчүн уюштурулган бийликтин оюну катары мүнөздөдү:

- Мен Кыргызстанда жергиликтүү жарандардан турган террористтик уюмдар бар жана алар кандайдыр бир коркунучтуу иштерди жүргүзүүгө ыкташкан дегенге ишенбейм. Биздин атайын кызмат кандайдыр бир кылмыштуу топторду деле террорист деп эсепке алып, атайын операцияларды уюштурган учурлары биздин эсибизде. Мисалы, 2010-жылы апрель окуясы боюнча сот башталган кезде спорт сарайынын алдындагы сырдуу жардыруу жана Беш-Күңгөй айылында куралдуу топтун жок кылынышы сыяктуу окуяларды анализдеп көрсөк, анын бардыгы жасалма түрдө уюштурулганы байкалат. Ошондуктан мунун бардыгы керектүү учурда коомчулуктун көңүлүн маанилүү бир саясий окуялардан алагды кылуу үчүн уюштурула турганына көзүм жетип калды.

Бирок буга окшогон божомолго негиз жоктугун айткан күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстанда катталып жаткан терроризм жана экстремизм коркунучун четке кагууга болбостугун эскертишет.

Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын башчысы Таалайбек Акбаев бул боюнча мына буларга токтолду:

- Өлкөдө кандайдыр бир саясий окуялар, митингдерден келип чыккан ызы-чуу же кандайдыр бир тополоң болгон учур экстремисттик топтор үчүн аябагандай ыңгайлуу учур. Алар мына ушундай кезден пайдаланып, өздөрүнүн көздөгөн максатына жетүүнү максат кылышат. Бирок алар абал тынчып, тиешелүү органдар алардын артынан түшүп калган кезде кайрадан жашырынууга өтүшөт. Бул дайыма эле боло келчү көрүнүш. Алардын иштөө усулдары бизге белгилүү болгондуктан биз дагы мына ошондой кырдаалдарда алардын изинен түшүүгө аракеттенебиз.

Учурда Бишкекте акыркы жолу кармалган куралдуу топтун кандай максаттары болгондугу жана аталган уюмдун ишмердиги эмнеге багытталгандыгын иликтөө боюнча атайын кызматтын ыкчам иштери улантылууда.

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG