Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

“Жайшул-Махди”: жаңы жагдайлар, созулган сот


Беш-Күнгөй айылындагы террорчул делген топко каршы операциядан кийин, 5-январь, 2011.
Беш-Күнгөй айылындагы террорчул делген топко каршы операциядан кийин, 5-январь, 2011.

Бишкекте террордук иштерди жасаган деп кармалган "Жайшул-Махди" тобунун мүчөлөрүнө байланышкан сот иши создугууда.

“Жайшул-Махди” тобу Бишкекте бир топ террорчул иштерди жасаган деп, анын ончакты мүчөсү өткөн жыл башында камакка алынган болчу. Бирок сот ишинин бүгүнкү күнгө чейин токтоп турушу бир катар суроолорду жаратууда. Айыпталуучулар болсо, өздөрүнүн күнөөсү жоктугун билдирип келатат.

Соттолду, бирок суроо көп

8-июнда Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан 4 жылга эркинен ажыратылган Орусия жараны Карасовго мыйзамсыз курал-жарактарды алып жүрүү, сактоо жана жалган документ жасоо боюнча айыптар коюлганын УКМКнын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Нурлан Токталиев маалымдады.

-УКМКнын маалыматы боюнча, Карасов эл аралык террорчулардын курамында болгон жана 2011-жылы ал Ооганстанда атайын даярдыктан өткөн. Ал эми 2011-жылдын декабрь айында “Жайшул-Махди” уюмунун издөөдө жүргөн лидери Кайрат Салиевдин сунушу менен Кыргызстанга келген.

Ошол эле кезде Карасовдун 4 жыл гана соттолушу жана ага терроризм боюнча айып коюлбаганы бир топ суроолорду жаратты. Эгер терроризм беренеси менен соттолсо, катаал жаза берилиши керек эле дегендер бар.

Сот-укуктук маселелер боюнча талдоочу Кубатбек Кожоналиев мында бир топ жагдайларды эске алуу керектигин белгиледи:

- Эгерде ошо беренеде камакка алуу төмөн болсо, аз гана жаза болушу мүмкүн. Мисалы, жалган документ жасоо боюнча аз эле жаза берилет. Ал эми сотто терроризм далилденген эмес болуш керек. Ал эми кээде жумшартылган жазалар бар. Азыр эми соттор өз билгенин жасап жатышпайбы.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Орусия жараны Карасовдун келиши менен Кыргызстанда терорчул деп саналган “Жайшул-Махди” тобунун аракети жанданганын белгилөөдө:

- Карасовдун келиши менен террорчул уюмунун айрым көмүскөдөгү мүчөлөрү активдеше баштаган. Мисалы, алардын катарына УКМК тарабынан февраль айында колго түшүрүлгөн Данияр Кадыралиев да кирген. Эсиңиздерде болсо, ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде Кадыралиев тиешелүү курал-жарактар, ок-дарылар жана жарылуучу заттар сакталган жай табылган болчу, - дейт УКМКнын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Нурлан Токталиев

Кыргызстанга көз салган террорчул уюмдар

Адистер буга чейин “Жайшул-Махди” уюму жергиликтүү шартта түзүлгөн, курамы жалаң гана кыргызстандыктардан турат деп билдирип келаткан болчу. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, кезинде бул иштерди жетекчиликке алып келген Марат Иманкулов мындай дейт:

- Булар топтошкон он чактыдай жаш жигит болчу. Аларды көбү алданып бул уюмга кирип калышкан. Кийин радикалдуу кадамдарга барып, бир орус жигитти өлтүрүп коюшкан жана ошондон кийин колдору канга малынып калган. Ал эми булардын масштабы Кыргызстанда бутактанган, тармагы бар уюм деп айта албайм. Ал кезде бул уюм тамыр жая элек болчу.

Мындан тышкары Кыргызстанда террорчул ишмердик жүргүзүү үчүн жиберилген адамдардын бири - Казакстандын жараны Е.Ахатов да кармалып, кошуна өлкөнүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Эл аралык террорчул уюмдар Кыргызстанда көмүскө иш-аракеттерди жүргүзүүгө кызыкдар деп белгиледи УКМКнын өкүлү Нурлан Токталиев:

- Ошондой эле Кыргызстанда террорчул иштерди жүргүзүү максатында жиберилген адамдардын бири -Казакстандын жараны Ахатов кармалып, казакстандык кесиптештерибизге өткөрүлүп берилди. Белгилеп кетүүчү нерсе, чет жактагы эл аралык террористтик уюмдардын планы боюнча, аталган адамдар өлкөдөгү көмүскө террорчул топторду пайда кылып, андан кийин Кыргызстанга башка террорчул уюмдардын келишине шарт түзмөк.

Атайын кызматтын мурдагы жетекчилеринин бири генерал Марат Иманкулов “Жайшул-Махди” уюму учурунда орус кызматтары тарабынан жок кылынган Кавказдагы радикал исламчыл Саид Бурятскийдин идеологиясын ээрчип, ага сугарылганын, ошону менен бирге чет өлкөдөгү бир катар террорчул уюмдар менен кызматташууга аракет кылганын белгиледи:

- Өздөрү ошого сугарылып, башкаларды да ага сугарабыз дешкен. Ошол кезде маалымат боюнча, булар эл аралык террористтик уюмдарга чыгып, алар менен сүйлөшүп, “силерге кошулабыз” деп суранган имиш. Бирок эл аралык террорчулар ишенбей, “силер биринчи өзүңөрдүн күчүңөрдү көрсөткүлө, анан гана силер менен сүйлөшөбүз” дешкен. Ошондон кийин булар жардырууларды уюштуруп жатышпайбы.

Талдоочулар бул топ кандайдыр бир деңгээлде эл аралык террористтик уюмдардын көңүлүн бура алганын да белгилешүүдө.

Себепти сырттан эмес, ичтен издейли

Казакстандык саясат таануучу Айдос Сарым Борбор Азия өлкөлөрүндө жаштардын шектүү уюмдарга кирип жатышына биринчи кезекте террорчул уюмдар эмес, бул өлкөлөрдөгү ички коомдук, социалдык-экономикалык абал себеп болуп жатат деп эсептейт.

-Терроризмдин да, экстремизмдин да негизги төркүнүн биз сырттан эмес, ичибизден издешибиз керек. Маселен, коомдун жагдайы, калктын экономикалык абалы, өнүгүүсү кандай болуп жатат, жакырчылык барбы же жокпу- ушуларды караштырышыбыз керек. Албетте, сырткы жагдайлар да болушу мүмкүн жана болот. Себеби Казакстан да, Кыргызстан да чоң саясий кызыкчылыктардын тогошкон жеринде. Айланабызда алп мамлекеттер бар, алардын өз оюндары бар.

Айдос Сарымдын айтымында, терроризм транссулуттук маселе болгондуктан, аймактагы мамлекеттер аны менен биргелешип күрөшүү чараларын көрүүсү зарыл. Ал бул өлкөлөрдө катталган террорчул аракеттердин табияты жана идеологиясы биргелешкен кадамга мажбурлап жатканын кошумчалады.

- Өзүбүздүн элдин, мамлекеттин деңгээлинен аймактык деңгээлге чыгышыбыз керек. Эгер Казакстандагы жагдай жаман болсо, анда Кыргызстандагы акыбал да жакшы болбойт. Ал эми Кыргызстандагы абал начарлай турган болсо, анда Казакстанга, Өзбекстанга жана башка мамлекеттерге да тынчтык болбойт. Бул анык нерсе. Ушундай терең деңгээлдеги ой-пикирди калыптандырышыбыз керек. “Менде гана жакшы болсун, ал эми калганы эмне болсо, ошол болсун” деген түшүнүк менен кете турган болсок, анда эч кайсы мамлекетте тынчтык болбосу анык.

Эмне үчүн сот болбойт?

Кыргызстандагы бир катар террорчул аракеттерди жасаган деп шектелип жаткан жогорудагы “Жайшул-Махди” уюму боюнча сот иши токтоп турат. Буга террорчулардын колунан ажал тапты делген милиция кызматкерлеринин жакындары нааразы болууда.

2011-жылы 4-январда Бишкек шаарындагы 8-кичирайондо мерт болгон милиция кызматкери Алмазбек Сулаймановдун энеси Гүлнара Сулайманова сот иштери атайын создуктурулуп жатат деп эсептейт.

- Бакыт Кенжегуловдун психикасы жайында эмес, ооруп жатат деп сот токтогон. Ушуну шылтоо кылып жатышат. Кыскасын айтканда, булар ошону шылтоо кылып, сотту создуктуруп отуруп, кутулуп кетүүнү максат кылып жатышкандай. Биздин колубуздан эч нерсе келбей калды. Эки жыл өттү, азыр аш бергенге даярдык көрүп жатабыз. Жымжырт, өкмөттүн да муну менен иши болбой калды. Ал балдардын соту эмне үчүн ушул күнгө чейин болбойт? 7-апрель жана июнь окуясын эле кайра-кайра айтып жатышат, бирок террористтерди өз төшү менен токтоткондорду ойлогон эч ким жок. Же баатырлык беришкен жок.

Өткөн жылы июнь айында башталган сот жараянында айыпталып жаткандардын бири Бакыт Кенжегуловдун жүрүш-турушу кескин өзгөргөнүнө байланыштуу ага психикалык экспертиза жүргүзүү дайындалган. Ошого байланыштуу сот белгисиз мөөнөткө жылган болчу. Ал эми жакында айыпталуучулар бул ишти карап жаткан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясына ишенбөөчүлүк жарыялап, эми ишти шаардык сот карай турган болгондугун Жогорку Соттун өкүлү Таалайгүл Апасова маалымдады:

- Алар сотко ишенбөөчүлүк билдиришкен. Ошондон кийин алардын арызы менен аталган иш Бишкек шаардык сотуна жиберилген. Эми шаардык сотто каралат.

Алмазбек Сулайманов менен бирге дагы эки милиция кызматкери: Самат Жээнбеков жана Пиридинбай Исманов да ок жеп ажал тапкан болчу.

“Жайшул-Махди” тобунун мүчөлөрү, мындан тышкары 2010-жылдын акырында жана 2011-жылдан башында Бишкек шаарында бир катар оор кылмыштар боюнча шектелип келатат. Маселен, 2010-жылы сентябрь айында Бишкектеги синагогада жана ноябрь айында Спорт ордосунун алдында жардыруу, Сокулукта АКШ жаранын тоноо фактылары боюнча айтыпталууда. Алардын эки мүчөсүн өткөн жылдын 5-январында Бишкектин түштүгүндөгү атайын операцияда жок кылышып, он мүчөсүн кармашкан болчу. Алар азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалып турушат.

Айыпталуучулар макул эмес

Алардын жактоочусу жана укук коргоочу Акин Токталиевдин айтымында, террорчул топтун мүчөлөрү деп УКМКнын абагында жаткан 10 адамдын бейбаштык боюнча гана күнөөлөрү болушу мүмкүн. Ал бул иштерди кээ бир адамдардын үшүн алып коюу жана терроризм менен күрөшүп жаткандай түр көрсөтүү максатындагы жасалган иш деген ойдо.

- Бул УКМК тарабынан атайын уюштурулган. Бул ишти атайын терроримзге такап, чоюп келишкен. Ошондон бери, атап айтсак бир жарым жылдан бери терроризм боюнча бул балдар камакта жатат. Мына, эки жылга жакындап баратат. Эмдигиче ар кандай себептер менен сот жараяны жүрбөйт. Булар кармалгандан кийин мурдагы союз убагындагыдай кылып эле эки айдын ичинде тактап, күнөөсү болсо соттоп жибериш керек болчу. Ошондой эле мурда тогуз айга чейин күнөөсүн далилдей албаса, террорист болобу, башка болобу, бошотуп жиберчү. А биздикилер болсо азыр аларды эзип жатышат.

Айыпталуучулар болсо күнөөсү жоктугун билдирип келатат. УКМКнын тергөө абагында жаткан айыпталуучулардын бири - Мурат Дөөлөтказиев былтыр сентябрь айында “Азаттыкка” буларды билдирген:

- Биз терроризм деп шектелип жатабыз. Эми кандай экенин сот чечиш керек. Биз өзүбүз муну түшүнгөн жокпуз. Сот чечет го. Мени үйдөн, Арча-Бешиктен кармап кеткен.

Ал эми бул иштер боюнча айыпталып жаткандардын дагы бири өзүнүн күнөөсүз экенин айткан.

- Мен терроримзге катышы бар деп шектелип жатам. Мен ал балдар менен тааныш эмес болчумун.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жакында өлкөнүн коопсуздук концепциясын кабыл алды. Анда да терроризм жана экстремизм менен күрөшүү негизги багыттар катары каралган.

XS
SM
MD
LG