Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Кыргызстандагы террорчу уюмдар такталууда


Кыргызстанда Финансылык чалгындоо кызматы террорчу жана экстремисттик уюмдардын тизмесин түзүп чыкты. Бул өлкөдөгү терроризмди алдын алуу максатында жасалууда.

Өткөн жыл Кыргызстанда террорчулар тарабынан жардыруу жана тартип коргоо органдарына кол салуулар орун алганы маалым.

Улуттук жана эл аралык террорчулар

Кыргызстандын Финансылык чалгындоо кызматы террорчу жана экстремист делген адамдардын жана уюмдардын тизмесин түзүп чыкты. Ал улуттук жана эл аралык деген эки башка тизмеден турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Финансылык чалгындоо кызматынын басма сөз катчысы Бердибай Саматов билдирди.

- Улуттук тизмеге 51 террорчу, 178 экстремисттин аты кирген. Ошондой эле 8 террорчул жана 1 экстремисттик уюм кирди. Ал эми эл аралык делген тизмеге бардыгы болуп 401 террорчу жана экстремисттин аты киргизилген. Мындан тышкары 150 террорчул жана 104 экстремисттик уюмдар бар.

Финансылык чалгындоо кызматы тизмеге кирген уюмдардын жана адамдарын аттарын ачыкка чыгарган жок. Бирок тиешелүү күч түзүмдөрүнө маалыматтар берилерин кошумчалады.

“Антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбековдун айтымында, бул сыяктуу тизме түзүү терроризм менен күрөшүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы болуп саналат.

- Бүткүл дүйнөдө, өнүккөн өлкөлөрдө жана терроризм менен күрөш жүргүзгөн мамлекеттерде ушундай тажрыйба бар. Чалгындоо бөлүмдөрү болобу, же атайын кызматтын өкүлдөрүбү, каржылык жагынан террор кылышы мүмкүн делген адамдардын тизмесин түзүп, компьютерге киргизип койот.

Ал ортодо Ошто шаар милициясы диний-экстремисттик кылмыш күч алганын айтууда. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мамат Орозбаев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- 2011-жылдын жети айында Ош шаарынын аймагында диний жана улуттар аралык экстремизм багытында жети кылмыш иши аныкталган. Алардын үчөө экстремисттик материалдарды таратуу боюнча кылмыш иштери.

8 уюм террорчу деп расмий табылган

Ал эми Ички иштер министрлигинин экстремизмге каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Эмил Жээнбековдун айтымында, Кыргызстанда буга чейин террорчул жана экстремисттик деп расмий таанылган 8 уюм бар.

- Булардын бири " Хизб-ут Тахрир" 2003-жылдан бери Кыргызстанда экстремисттик уюм деп таанылган. Андан башка жети террорчул уюм бар. Булар: “ал-Кайида”, “Талибан” уюмдары, “Жихад” тобу. Ошондой эле сепаратисттик мүнөздөгү террорчул үч уюм бар. Булардын экөө Кытайдагы сепаратисттик уюмдар тарабынан түзүлгөн. Дагы бирөө Түркиядагы "Курдистан ишчил партиясы".

Беш-Күнгөйдөгү операциядан кийин, 6-январь, 2011-жыл
Жээнбеков мындан тышкары 2003-жылдан бери Өзбекстан ислам кыймылы Кыргызстанда террорчул уюм деп таанылганын кошумчалады.

Ал эми коопсуздук маселелери боюнча талдоочу, президенттик аппараттын стратегиялык талдоо жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиев террорчул уюмдардын банктык эсептерин дайыма эле көзөмөлдөп туруу оор экенин айтууда.

- Муну натыйжалуу система деп айтууга болбойт. Себеби террорчулардын эсеп которуп, аны жасаганын кармоо Европада да ишке ашпай жатат. Анан бизде ашып кетиши күмөн. Америкада да 11-сентябрдан кийин жүздөгөн эсептерди тоңдуруп койгон. Ошол эсептердин ичинен кээ бирөөлөрү гана шектүү деп табылган, калгандарын кийин ачууга уруксат беришкен.

Июнь коогалаңынан кийин

Кыргызстанда өткөн жылдын акырында жана жыл башында "жардыруу уюштурган", "тартип коргоо кызматкерлерине кол салган" делинип, бир топ адам кармалган.

Тартип коргоо органдарынын билдиришинче, булар “Жайшул-Махди” уюмунун мүчөлөрү болгон. Кыргызстанда экстремисттик деп таанылган уюмдардын көбү өздөрүн исламчыл экендигин жарыялап келишет. Бул боюнча Ош мамлекеттик университетинин теология бөлүмүнүн окутуучусу, диний серепчи Тимур Козукулов мындай пикирде:

- Ислам дининен ушундай идеяны алып чыгып, алар өздөрүн актаганга аракет кылышат. Курандын аяттарында “адам өлтүргөн эң чоң күнөө, бир адамды куткарып калуу жалпы адамзатты куткарып калган менен барабар” деп айтылат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марат Орозбаевдин айтымында, айрым кыргызстандыктардын былтыркы июнь окуясынан кийин кетип, Ооганстандан машыгуудан өтүп жатканы боюнча кээ бир өлкөлөрдөн расмий маалыматтар түшкөн. Орозбаев аларды тактоого мүмкүн болбогонун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG