Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Суроо жараткан тасма


Беш-Күңгөйдөгү атайын операция, 5-январь, 2011-жыл
Беш-Күңгөйдөгү атайын операция, 5-январь, 2011-жыл

Улуттук коопсуздук кызматы “террорчу” деген шек менен кармалган Эдил Абдрахманов тартылган тасманы ачыкка чыгарды.

22-февралда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында атайын кызматтар террорчу деген шек менен кармаган Эдил Абрахмановдун видео кайрылуусун журналисттерге таратты.

Бирок Эдил Абдрахмановдун апасы Эркебүбү Абдрахманова ал тасманын шектүү экендигин, уулун мыйзасыз камакка алышканын ырастайт.

“Саид Бурятскийге кайрылуу”

Кеңешбек Дүйшөбаев тасма 2010-жылы Эдил Абдрахмановдун жубайы тарабынан чөнтөк телефонго тартылганын айтып берди:

- Эдил Абдрахмановду жубайы чөнтөк телефонго тартып, ал жерде автоматты, жардыруучу затты көрсөтүп, аны кантип колдонуш керек экендигин жана эмне кылыш керек экендигин айтып да, сурап да жатат. Бул болсо дагы бир жолу Эдил Абдрахмановдун террорчулук топко таандык экендигин айгинелеп жатат. Бул боюнча өзүнүн да, келинчегинин да толук көрсөтмөсү бар.

Кеңешбек Дүйшөбаев
Тасма “Эдил Абдрахмановдун Саид Бурятскийге кайрылуусу” деп аталат. Үйдүн ичинде тартылган тасмада Эдил Абдрахманов орус тилинде “Калашников” автоматын, курал-жарактарды жана жардыргыч затты көрсөтүп, аны кантип жардыруу керектиги тууралуу Саид Бурятскийден кеңеш сурап, "Алла үчүн баарына даяр" экендигин айтууда.

Эдил Абдрахманов жыл башында Бишкек шаарынан жогору тоо этектеги Беш-Күңгөй айылы тушта күч түзүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн атайын операцияда кармалган. Ошол эле операцияда дагы эки адам жок кылынган болчу.

Кеңешбек Дүйшөбаев бул тасманы укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын дооматтарынан улам алып чыкканын кошумчалады. Үмөталиева азыр камактагы Эдил Абдрахманов негизсиз айыпталып жатат деген пикирин билдирип келүүдө. “Атайын кызматтар аны кармоого мыйзамдуу негиз бар болгон үчүн кармалганын коомчулукка көрсөтүү иретинде видеону алып чыкты”,-деди Дүйшөбаев:

- Биз муну тергөө материалдарына тиркегенбиз. Негизи сотко чейин көргөзбөшүбүз керек эле. Бирок биз тергөөчүнүн уруксаты менен алып, мыйзамдын негизинде көрсоткөнгө мажбур болуп жатабыз. Анткени укук коргоочу Токтайым Үмөталиева “булар эч кандай терроризмге тиешеси жок балдар. Болбогон жерден эле УККнын кызматкерлери алып барып, кыйнап, сабап, көрсөтмө алды” деп жатат.

Видеого экспертиза керекпи?

Бирок укук коргоочу Токтайым Үмөталиева журналисттерге көрсөтүлгөн тасманын тек-жайы дагы эле шек туудуруп жатат деген оюн кайталады:

- Экспертиза кылыш керек. Себеби мен ошого окшош видеону балдардын чөнтөк телефонунан көргөм. 7-апрелден кийин балдар эшикте туруп алышып, “келчи, мен сүрөткө тартып койоюн, мен сүрөткө түшүп койоюн” деген сүрөттөр бар болчу. Бул видео боюнча көптөгөн суроолор бар.

Токтайым Үмөталиева
Ал эми Эдил Абдрахмановдун апасы Эркебүбү Абдрахманова видео чындыкка шайкеш келбейт деп эсептейт:

- Ал чындык эмес. Аны каяктан тартып алганын билбейм. Андай сүрөттөр жок болчу. Ал телефонду мен көтөрүп жүргөм. Мен андан көргөн эмесмин. Детенатор деп, каяктагы немелерди айтып жатышат. Келинчеги деген үйгө балдар келгенде өзүнчө бөлмөдөн чыкпай отурчу. Ал каяктан анан Эдилди тартып калсын?

Эркебүбү Абдрахманова уулуна кысым жасоо жолу менен айыптарды мойнуна алдыруу аракети жүрүп жатат деген ойдо:

- Өткөн ишемби күнү кийимин алганда бүт кан болуп чыкты. Бүгүн мен да тарттырдым. Албетте сабап жатса айтат да, жан таттуу да. Башында чачыранды турса, ана тигинтип сабап жатса, тепкилеп, канжалатып эле. Айтат да, жанына күч келгенде.

Ушул тушта Эдил Абдрахманов жана дагы бир топ адамдар Улуттук коопсуздук комитетинин кармоо абагында отурушат. Атайын кызматтар аларды “террордук аракеттерге катышы бар” деген шек менен кармаганын жарыялашкан. Камактагылар “2010-жылы ноябрда Спорт ордосунун жанында болгон жардырууну уюштурган”, андан соң “Сокулук районунан АКШ атуулун тоноп, анын унаасына жардыргыч заттарын салып, Бишкек ШИИБнин жанына таштап, жардырууга аракет кылган” жана “милиция кызматкерлерине кол салган” деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG