Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Сурактан оор операцияга салынган “альфачы”


Куралдуу операцияларда жоокерлер өмүрүн тобокелге салып келет.
Куралдуу операцияларда жоокерлер өмүрүн тобокелге салып келет.

Сөөгү жерге берилген Жеңиш Бабараимов 7-апрелде демонстранттарга ок аткан деп суракка тартылган “альфачылардын” бири экени маалым болду. Эгер андай болсо, кандайча колуна курал тапшырылып, жооптуу операцияга салынды деген күдүк суроого “Азаттык” жооп издеди.

7-апрелде тынч чогулган элге каршы ок чыгарган деген айып “Альфа” тобунун жетекчиси Алмаз Жолдошалиев баш болгон жети аскерге тагылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Марат Иманкулов камакка алынганына байланыштуу Жолдошалиев гана кызматтан бошоп, калгандары кадимкидей иштеп турганын "Азаттыкка” билдирди:
Беш-Күңгөйдөгү операция, 5-январь, 2010-жыл

- Жеңишбек Бабараимов деген биздин офицер мекеним деп, мекенимди, элимди коргойм десе, аны кантип токтото аласыңар? Ушундай патриоттук сезим менен “мен барып коргойм, элиме кызмат кылам”, деп чуркап жүрсө, же ал жумуштан бошот дебесе кантип токтотсо болот. Мына мен юристтерден консультация алдым, биздин мыйзам боюнча тергөөдө жүргөн адамды тергөөчү жумуштан бошотуп туруңуз десе болот экен, же сот органдары сот бүтмөйүнчө бошотуп тургула деп айтса болот экен. Бирок алардан андай бир да чечим чыккан эмес экен. Анан чечим чыкпагандан кийин, күнөөлүү деп табылбагандан кийин, соттолуп кетпегенден кийин жумушта иштеп турган. Жумуштан бошотуп коюуга биздин да акыбыз жок экен. Алар “жок, биз иштен кетпейбиз, кызмат кылабыз” деп жүрүп ушинтип эрдик менен каза болуп жатат.

Бир жагынан айыпка тартылып жаткан жоокерди операцияга жөнөтүү ишине укуктук жана саясий баа берип жатып, белгилүү юрист, кыргыз парламентинин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев "ал биринчи кезекте аскер кызматкери, ошондуктан буйрукту аткарууга милдеттүү", – деди:

- Эгер буйрукту аткарбаса анда мамлекет мамлекет болбой калат. Алмазбек Атамбаев кечээ “буйрукту берген адамдар жоопко тартылышы керек” деп туура айтты. Эгерде буйрукту берип коюп өздөрү качып кетсе, буйрукту аткарган кызмат адамдары жоопко тартылып отурса анда мамлекет болбойт. Келечекте коргой турган эч ким калбай калат.

Ошону менен катар Мукар Чолпонбаев буйрукту аткаргандарды сот жообуна тартуу аракеттерин убактылуу өкмөттүн калпыстыгы катары баалады:

- Кийин убактылуу өкмөткө көп нерсеге жооп берүүгө туура келет. Бул жеке аброюн көтөрүүгө багытталган убактылуу өкмөттүн катасы.

7-апрель, 2010-жыл, Бишкек
Апрель окуяларынан кийин атайын кызматтын “Альфа” тобунун жетекчиси Алмаз Жолдошалиев жана мамлекеттик күзөт кызматынын 8 өкүлү камакка алынган. Кийин А. Жолдошалиевдин баш коргоо чарасы өзгөрүп, үй камагына чыгарылган. Камакка алынгандарды бошотууну талап кылган бир канча нааразылык акциялары өткөн болчу. Өлкө президенти Роза Отунбаева "алардын тагдырын сот аныктайт" деген билдирүү менен чектелген.

6-январда улуттук коопсуздук кызматкерлери менен кездешүү маалында өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев буйрукту аткаргандар эмес, атууга буйрукту бергендер жазаланууга тийиш деп билдирди.

5-январда бийликтер террорчу деп атаган топту кармоо учурунда окко учкан Жеңишбек Бабараимовдун сөөгү Ош шаарына коюлду. Шаар бийликтери Бабаримовдун ысымын калаадагы бир көчөгө ыйгарууну, анын үй-бүлөсүнө батир берүүнү убада кылды.

XS
SM
MD
LG