Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Кооптуу кырдаалды алдын алуу мүмкүн беле?


5-январда Бишкектин четиндеги айылда атайын кызматтар менен террорчу деп шектелген адамдар ортосунда ок атышуу болуп, эки киши набыт кетти. 4-январда кечинде милициянын үч кызматкерин өлтүрүп кетишкен эле. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” аттуу тегерек үстөл талкуусу ушул окуяга арналды.

Талкууга катышкандар:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Марат Иманкулов

Коопсуздуктун мурдагы кызматкери, көз карандысыз талдоочу Кубатбек Кожоналиев

Кыргызстандын азирети муфтийи Чубак ажы Жалилов

“Азаттык”: Марат мырза, 5-январда түштөн кийин милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармоо операциясы кандай жыйынтык менен аяктады?

Марат Иманкулов: Алар Бишкектин четиндеги Аламүдүн районундагы бир тамга кирип алып, ошол жерден автоматтар менен атып, биздин кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага карата милиция кызматкерлери менен биздин коопсуздук комитетинин кызматкерлери биргелешкен операция жүргүзүшкөн.

Ал жерде үч адам бар деген шек болуп, алар автоматтар менен кирип алып аткылай башташкан. Алардын жанында көптөгөн ок дарылары, жардыргычтары бар экен. Аларды кармоо боюнча өткөн операция убагында “Альфа” отрядынын бир офицери оор жараат алып, ооруканага жеткирилген жерден набыт болду.

Ал жерден террорчу деп шектелгендердин бири тирүү кармалды, бирөө өздөрү жардырган жардыргычтан мерт кеткен. Үйдүн ичинде дагы жардыргыч заттар бар деген шек менен ал тамга эч ким кирген жок, үй өрттөнүп атат. Ичинде курал-жарактар, ок дарылар, жардыргычтар бар экен. Биздин көзүбүзчө дагы бир жардыргыч жарылды. Биздин кызматкерлер азыр ошол жерде иштеп атышат.
Марат Иманкулов

“Азаттык”: Албетте Кыргызстан аймагында адам өлүмү менен коштолгон мындай окуялар аз болгон жок. Акыркы маалымат жыйынында күч кызматтарынын жетекчилери 20 кишиден турган топ Бишкектеги үч соода борборун жардырууну пландагандыгы айтылды. Акыркы окуялардын бардыгын, анын ичинде Спорт ордосунун жанындагы жардырууну, Бишкек шаардык ички иштер кызматынын жанында унааны жардырууга ылайыкташылышын, Сокулукта АКШ жаранына жасалган куралчан чабуулду диний экстремисттик топтор жасады деп жарыялады. Бул албетте өтө олуттуу билдирүү. Мындай тыянакка күч бийлиги кандай далилдердин негизинде келди?

Марат Иманкулов: Мен сизден дин деген сөздү алып коюуңузду өтүнөм. Анткени бул жерде диндин тиешеси жок. Булар динге жамынып алып, диндин атынан жасап атышат. Мындай карап көргөндө булар динге эч тиешеси жок адамдар. Булар атайын даярдалган террорчулар. Булар элдин ичинде тынчтыкты бузуу, өздөрүнүн террористтик идеяларын ишке ашыруу гана максатта жасаган иштери.
Бизде туура ислам жөнүндө маалыматыбыз көбүрөк болуш керек. Ошону жеткиргенге илимий изилдөө окуу жайлары болуш керек.


Бул топтордун биздин Спорт сарайынын жанын жардырганы, Ички иштер башкармалыгынын жанына алып барып унааны жардырабыз деп, Сокулук районунда америкалык атуулдун үйүнө кирип барып унаасын, акча каражаттарын тартып алганы, ушунун баарын ушул топ жасаганын биз далилдедик. Бизде жетиштүү далилдер алынды.

Жети киши кармалды, алтоонун күнөөсү угузулду, бирөөсүнө дагы угузулат, бешөө издөөдө жүргөн, бүгүн экөө өлтүрүлүп, бирөө тирүү кармалды. Ушул топ үч кылмышка тең тиешеси бардыгы боюнча бизде жетиштүү далилдер бар.

“Азаттык”: Сиз “диндин тиешеси жок, булар экстремисттер, террорчулар” деп атасыз. Ошол эле мезгилде айрым талдоочулар “бардык коркунучтуу жагдайларды диний экстремисттик күчтөр деп динге оодара салган оңой жолду азыркы бийлик таап алды” деп күч бийлигин сындап жүрүшөт.

Марат Иманкулов: Бардыгын өз аты менен айтыш керек да.

Учур талабына ылайык реформа

“Азаттык”: Кыргызстанга келтирилип жаткан коркунучтарды өңчөй диний экстремизм менен байлоого негиз барбы, же бул чыныгы коркунучтардан адаштыруубу?

Кубатбек Кожоналиев: Биринчи кезекте, мен каза тапкандардын үй-бүлөсүнө терең көңүл айткым келет. Экинчи иреттен, Марат мырза айтып атпайбы бул жерде экстремисттер, террористтер деп. Мен 2006-жылдан баштап, өзгөчө апрель окуяларынын кийин айтып атам, биздин атайын кызматтар, тартип коргоо органдары өзү чачыранды болбой, 2-3 өзүнчө агым алып иштесе болмок. Ал үчүн реформалоо керек деп айтып эле келатам. Бирок андан бери эч ким көңүл бурган жок.

Кубатбек Кожоналиев
Мен жакында эле вице-премьер Шамил Атаканов менен сүйлөштүм, ошол эле бир аз угуп колдоду, калгандары уккусу да жок. Ошон үчүн алдын алуу маселеси, алдын ала маалымат алып, зыяндуу жактарын жокко чыгаруу жагы аксап атат. Анын үстүнө мамлекеттик органдардын өзүнүн коррупциялашкан деңгээли ушунчалык бийик болуп калды. Азыр көрүп атабыз, ажылык маселелеринде да көп тыянактар чыгып атат, биздин мамлекеттик органдар ошол жакка баш-оту менен кирип кеткендиги боюнча.

Мен ойлойм, азыр биринчи иретте күч органдарын реформалоо маселеси өтө курч турат. Ошон үчүн буга биз баа берип, жарандык коом ошону бир аз жылдырбаса, бийликте турган адамдар жылдырууга өзүнүн аракеттери өтө начар болуп атат.

“Азаттык”: Ички иштер жана коопсуздук кызматтарынын айрым кызматкерлеринин маалыматтарына караганда, кармалгандар өздөрүн “саллахиддер”, “жихаддар” деп атап атышкан экен. Бир катар соода борборлорун жардыруу даярдыгын көрүп жаткандар өздөрүн “жихаддар” деп атап аткандыгы тууралуу маалыматты бүгүн жарыяланды. Саллахиддер, жихатчылар жөнүндө кандай маалыматтарды айта аласыз? Алар кимдер, эмнеси менен айырмаланат?



“Азаттык”: Марат мырза, Кыргызстанда эң эле кеңири тарады деп саналган, тыюу салынган хизбуттахрирчилер да бар. Бул аракеттерде ушул уюмдун өкүлдөрү бар деп эсептегенге кандайдыр бир негиз барбы? Мындан тышкары саллахиддер бар экени тууралуу кандайдыр бир маалыматтар барбы?
Булар динге жамынып алып, диндин атынан жасап атышат. Мындай карап көргөндө булар динге эч тиешеси жок адамдар.


Марат Иманкулов: “Хизб-ут Тахрир” уюмуна байланыштыруу боюнча маалымат жок. Билесиздер, Жогорку Соттун чечими менен биздин мамлекетте “Хизб-ут Тахрир” партиясы тыюу салынган уюм деп табылган, алардын иш аракеттери экстремисттик иштер деп табылган. Буларды дин, эл бузарлар деп айтса болот. Динди бузуп, элге жаман көрсөтүп аткан, эл аралык коомчулукка ислам динин жаман көрсөтүп аткан дал ушул адамдар деп эсептейм. Анткени кайсы Куранда жазылган экен, кайсы динди билген адамдар айтат, кайсы динде айтылган экен адамды өлтүрүш керек деп. Андай нерсе эч жерде жок.

Мен Чубак ажыга толук кошулам. Жихад деген бул диний, жакшы түшүнүк. Биринчиден, адам ички жетишсиздиги боюнча өзүң менен өзүң иште деген. Экинчи жагы кичинекей жихад деген бул мамлекетине, эл-журтуна кол салып келген душмандар болсо, ошолордон коргоо деген түшүнүк болот да. Булар болсо жихад деген сөздү алып, тескери пайдаланып, элдин башын оорутуп, ушундай террордук иштерди кылып атышат.

Жоопко караганда суроо көп

“Азаттык”: Эмне үчүн Кыргызстандын коопсуздугуна коркунучтар токтобой күчөп жатат? Бул ар бир жарандын суроосу болуш керек. Алдын алуучу, ооздуктоочу чаралар жетишсиз болуп жатабы? Биз бул суроо менен мурдараак “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошуракуновага кайрылдык эле:



“Азаттык”: Укук коргоочу Динара Ошуракунованын ушундай көз карашына кандай пикирдесиңер?

Кубатбек Кожоналиев: Мен Динара айымдын оюн коштоп кетет элем. Анткени бир суроо туулат да. Кимдер ушундай деструктивдик идеология менен бизге келип иштегенге мүмкүнчүлүк берип атат? Мен өзүм диний чөйрөгө бир топ эле аралашып калдым. Ошондо маселе койгондо, биздин эле мамлекеттик органдар ошолорго берип атпайбы. Ислам менен эч байланышы жок, Чубак ажыдан сурасаңыз, ахмадия деген нерсени биздин мамлекеттик динден өткөрүп салышкан жана башка көп деструктивдик элементтер өтүп кеткен.

Динара Ошуракунова
Биздин тартип коргоочу атайын кызматтар кайда жүрдү эле? Көрсө Динара айым айткандай, коррупцияга аралашып, жанагыдайга кирип кеткен үчүн, “бармак басты, көз кысты” болуп, мен эч кимисине жете албай койдум. Мен Ак үйдө болгондо да көп чиновниктерге “ажылык маселени абайлагылачы” деп айткам. Мына аягы ушундай болуп чыкты.

Мен мурдагы сунуштарымды дагы кайталап коет элем. Биздин тартип коргоо органдары, атайын кызматтар, мурдагы ыкмалар менен иштегенге болбой калды. Азыр жарандык коомдун, жеке жарандардын коопсуздугун тийиштүү деңгээлде көтөрүш үчүн булар реформаланыш керек. Албетте жарандык коомдун көзөмөлүнүн артында жасалыш керек. Болбосо азыр форумда айтылып аткандай, чөнтөк телефондорун ар кандай “прослушка”, трафик боюнча системалар айтылып атпайбы. Эмне үчүн ушундай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып отуруп ошону биздин атайын кызматтар алдын алып коюшкан жок?

22-июнда да ички иштер кызматкерлери чоң топту кармашты эле. Азыр болсо үчөө өзүнүн кызматтык милдетин аткарып атып набыт болду. Мен ойлойм, бул жерде бир аз ойлоно турган маселелер көп. Ошону реформалоо керек. Майда-чүйдөгө чачыранды болбой, мен ошондо айткам, биздин атайын кызмат контрчалгындоо жана терроризм, экстремизм менен шугулдана турган функцияларын калтырыш керек, экономикалык жана башка майда-чүйдө функцияларын алып салыш керек деп. Ошондо натыйжалуу болмок. Ушул маселени азыр калтырылгыс чара кылып, тийиштүү деңгээлде караш керек.

Дин жана саясат

“Азаттык”: Марат мырза, азыр чын эле мамлекет алсызданып турабы? Мамлекетти алсыздандыруу үчүн атайын долбоорлор иштелип жатат деген маалыматтар айтылып калып жатат. Сиздерде ушундай маалыматтар барбы? Сиз буга чейин коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп жүрдүңүз, азыр эми коопсуздук комитетине келдиңиз, сизде кандай маалымат бар?

Чубак ажы Жалилов
Марат Иманкулов:
Мамлекет алсыз болуп турат дегенди бизде болуп кеткен июнь окусынан кийин, өзгөчө түштүктө болгон окуялардан кийин кандай акыбалда экенин өзүңүздөр билесиздер. Бул мурдагы режимдердин биздин жалаң эле тартип коргоо органдарын эмес, атайын кызматтарды эле эмес, бүткүл биздин коомду ушундай акыбалга алып келип койгонунун белгиси ушунун баары. Көптөрү ойлойт, ушул маселени тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине тапшырып койсо эле экстремизм проблемалары чечилет деп. Бул жаңылыштык. Бул боюнча бардык мамлекеттик органдар чогуу иштеш керек.

“Азаттык”: Атайын тыштан долбоорлор мамлекетти алсыздандыруу максатында деген маалымат, имиштердин канчалык чындыгы бар? Ошондой божомолдорду иликтеген учурлар болдубу силерде?

Марат Иманкулов: Атайын программалар иштелип жатат деген менде маалымат жок.

“Азаттык”: Азыр эле биздин алдыңкы программада материал кетти эле, укук коргоочулар “террорчу деп шектелген адамдар кыйноолорго алынып жатат” деген сын айтылды. Марат мырза сиз буга кандай жооп кайтарасыз?



“Азаттык”: Алдыңкы программада ушул эле суроону Ички иштер министри Зарылбек Ырсалиевге да бердим эле. 30-ноябрда Спорт ордосунун жанында жардыруу болду эле, бул топтун 4-январдагы кылмыш үчүн шектелгендердин анан алдыңкы аракеттер үчүн шектелгендердин ортосунда байланыш бар, бир эле топ деген маалымат бар. Ошон үчүн 30-ноябрдан бери ошолорду кармоо мүмкүн беле? Кармасаңар кечээ кан төгүлбөйт эле, бүгүн дагы бир кызматкер окко учпайт эле?

Марат Иманкулов: Кылган кылмыштардын баары азыр далилденип атат. Үч кылмышты тең булар жасаганы боюнча бизде далилдер жетиштүү.
Биздин атайын кызматтар, тартип коргоо органдары өзү чачыранды болбой, 2-3 өзүнчө агым алып иштесе болмок.


Динара Ошуракунова: Дин, экстремизм маселесин популизм катары пайдаланылып атат. Азыр парламентте да дин боюнча намазкана, тигиндей-мындай деген көп нерселер болуп атат. Бирок мен ойлойм, булардын артында жалгыз эле популизм эмес, балким башка чоң өзүнүн максаттары турат. Ошондуктан биз дин саясатка эч качан аралашпасын десек депутат болобу, жөнөкөй жаран болобу, же мамлекеттик уюм болобу биз так туруп Конституцияны бузбашыбыз керек.

“Азаттык”: Ушундан улам суроо, азирети муфтий, Динара айым белгилегендей, жакында Жогорку Кеңештин төрагасы парламент имаратында намаз окуучу бөлмө даярдаларын айтты. Сиз жума күнү диний мекемелерде иш күн эмес деп жарыяланарын кабар кылдыңыз. Демократиялык өлкө болуп саналган Кыргызстандын Конституциясын булар бузбайбы? Маселен, мен, же менин кошунам момун мусулман жума күнү иштөөдөн баш тартса, мен сыяктуу Кыргызстандын 80 пайыз калкы мусулман деп жүрөбүз, ошолордун бардыгы баш тартса бул Конституцияны кескин бузбайбы, бул мыйзамсыз аракеттерге жол төшөп кетпейби деген суроо?



“Азаттык”: Кубат мырза, канчалык деңгээлде динди саясатта, популисттик өңүттө пайдалануу аракеттери жүрүп жатат? Акыркы эки факт ушуга байланыштуу эмеспи, ушул өңүттө көтөрүлгөн жокпу?

Кубатбек Кожоналиев: Жакшы суроо болуп атат. Диний уюмдар менен мамлекет ажырым болгон. Динди коомдон, элден ажыратуу мүмкүн эмес. Мисалы мамлекеттик кызматкер динге ишенген мусулман болсо кызматка барганда кайсы жагы динсиз болуп калат? Андай болбойт. Мисал келтирейин, АКШнын конгрессинин ылдый жагында намазканасы бар экен, барып жүргөн адамдар мага айтып келди. Ушундай өнүккөн мамлекетте ал карама-каршылыкка алып келбейт. Ошон үчүн тескерисинче, бизде туура ислам жөнүндө маалыматыбыз көбүрөк болуш керек. Ошону жеткиргенге илимий изилдөө окуу жайлары болуш керек. Көбүнесе экстремисттик түрдө маалыматтардын кетип атканына өзүбүздүн мамлекеттик органдардын кемчиликтери болуп атпайбы.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG