Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

"Коопсуз шаарды" баары эле биле бербейт


Ички иштер министрлиги иштеп чыккан “Коопсуз шаар” программасы Бишкекте иш жүзүндө кандай аткарылып жатканын билүү максатында кабарчыбыз Ош базарына жана башка соода түйүндөрүндө болду.

Ош базарында жашоонун агымы күндөгүдөй эле өз нугунда өтүп жатат. Коопсуздук маселеси боюнча алдыңкы катарда алма сатып отурган келинге микрофон сундум.



Гүлзахира: Эч кандай чара колдонгон жок. Оокаттын айынан чыгып атабыз. Негизинен коркуп эле жатабыз. Кудай сактасын деп эле чыгып жатабыз. Эл көп жерлерде милициялар иштеши керек да. Ушул маселе боюнча биздин участкалык милицияга "эмне иш аткарып жатасыңар",-деп кайрылбайсыңарбы. Көчөдөн бир дагы милицияны көргөн жокбуз.

Гүлзахира айымдын ушундай пикиринен кийин базарды аралап, коопсуздук кызматынан же милиция кызматкерлеринен бирөө жарымды көрө алган жокмун. Милиция бөлүмүн сураштырып базардын түндүк ыптасындагы имаратка жакындаганда бир милиция айланага байкоо салып турганын көрдүм.

Ош базарынын аймактык тескөөчүсү Мадияр Сулайманов кызмат ордунда экен. Ага жолугуп, базарда коопсуздук чарасы кандай көрүлүп жатканын сурадым.

- Коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча ар субъекттин жетекчилерине, бардык сатуучуларга радио түйүндөр аркылуу эскертип, сүйлөштүк. Базардын айланасын, жер төлөө, жанында турган унааларга көзөмөлдү күчөтүп, иш жүрүп жатат.

Ош базарынын аймактык тескөөчүсү Мадияр Сулайманов коопсуздукту камсыз кылууга жалпы коомчулук, ар бир атуул да салымын кошуусу керектигин кошумчалады. Анын айтымында, атуулдар кайдыгер болбой шектүү адамдарды, шектүү транспорт, кароосуз калган буюмдарды көрүп же байкап калышса токтоосуз укук коргоо органдарына кабарлашы керек.

Ош базарынын чыгыш тарабындагы Бейшеналиева көчөсүндө унааларды кайтарып, иретке келтирген жашыл чыптама кийген эки-үч баладан коопсуздук чарасын көрүү боюнча кандай көрсөтмөлөрдү алганын сурасам, ийин куушуруп, ордунан жылган машинелерден акча алганга ашыгышты.

Бейкапар кардарлар

“Айчүрөк” дүр-дүйнө борборунун жанындагы унааларды караган балдар да коопсуздук чарасы боюнча көрсөтмө алышпаптыр. Бирок дүкөндүн ичиндеги коопсуздук кызматынын кызматкери Марат аттуу жигит коопсуздук чарасы күчөтүлгөнүн билдирди.

- Азыр соода борборуна кирген адамдардын колунда көтөргөн сумкаларды текшерип, машинелерди жакын токтотпой карап жатабыз. Кирген элди аркасынан карап, кайда баратат, эмне кылып жатат деп көз салып турабыз. Көзөмөлдөп кайтаруу жагынан бардыгы жайында.

“Айчүрөк” борборунда кардарлар бейкапар соода кылып жүрүштү.



Күчөтүлгөн тартип

“Айчүрөк” соода түйүнүнөн чыгып, Бишкектин ортосундагы “Бета-Сторес” соода борборуна барып, сырттан кире бергенде коопсуздук кызматынын кызматкери атайын текшергич аппараты менен колумдагы сумканы текшерди.



“Бета-Сторестин” ичине кирсем кардарлар анчалык көп эмес экен. Ар бир жерде көзөмөлдөгөн видеокамералар илинип турганын байкадым.

Тестиер уулун ээрчитип, бейкапар соода кылып жүргөн Абдысатар аттуу жигит коопсуздук чарасын алдын ала күчөтүү керек деген пикирде.

- "Сактыкта кордук жок" дейт. Дыкаат караган жакшы. Болбосо “тарс” демейинче көңүл бурулбайт. Андан көрө алдын ала чара көргөн жакшы.

“Бета-Сторестин” короосунда кардарлардын унааларына көз салган жигит коопсуздук чаралары боюнча көрсөтмө алганын, ар бир транспорт эмес, буюмдарга, адамдарга да байкоо салып турганын айтты.

Бишкекте Ички иштер министрлиги иштеп чыккан “Коопсуз шаар” программасына ылайык, кечинде спирт ичимдиктерин сатууга чектөөлөр киргизилип, көчөлөрдө видео камераларды орнотуу, кумар оюндары өтчү жайлар менен мектептердеги рэкетчиликке бөгөт коюу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жеке менчик мейманканалардын ишин көзөмөлгө алуу сыяктуу чаралар каралган.

“Элиза” кичи дүкөнүнүн сатуучусу Эрлан үч жылдан бери эле спирт ичимдиктерин кечинде сатууга чектөө киргизүү тууралуу айтылып келатканын, бирок ал кагаз жүзүндө эле каларын айтты.

- Кечинде арак сатпай койсок деле башка продуктулар менен соода өтөт.

Эрландын айтымында, коопсуздук чаралары боюнча мыйзам жогорку бийлик бутактарындагылар тараптан турмушка ашырылса, шаар тургундарынын коопсуздугу камсыздалат.

XS
SM
MD
LG