Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Коопсуздук чаралары күчөтүлдү


25-декабрдан тарта Кыргызстанда милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.
25-декабрдан тарта Кыргызстанда милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Бишкекте жардыргыч зат толтурулган автоунаа табылышы ансыз да кооптонуп турган жарандардын тынчсыздануусун күчөттү.

Ага удаа эле 26-декабрь күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы менен ички иштер министри элди сак болууга чакырган кайрылуу таратты.

Коомчулук коопсуздугуна кандай коркунуч бар?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев менен ички иштер министри Зарылбек Рысалиев элге жасаган кайрылуусунда жаңы жыл түнүндө ар кандай тарсылдактарды пайдалануудан да алыс болууга чакырышкан. Кайрылууда бул адамдардын коопсуздугуна гана эмес, күч кызматтарынын ишине да жолтоо болоору айтылат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, коомчулуктун коопсуздугуна коркунуч дагы дале туулуп жатканын акыркы окуялар айкындады:
30-ноябрда жардыруу болгон жер, Бишкек.

- Биздин коомчулукка террористтик коркунуч дагы деле бар экенин ачык айтышыбыз керек. Ошондуктан биз коомчулукту аяр, сак, кыраакы болууга чакырабыз. Бул сактыктын эң жөнөкөй чаралары кылмыштуу жана террористтик акцияларды уюштуруу аракеттеринин жана ошондой эле анын оор кесепетинин алдын алууга шарт түзүп бере алат.

Ноябрь айында Бишкектен жана Оштон ири көлөмдөгү жардыргыч заттар табылып, Спорт сарайынын жанында жардыруу болгон. Ошондо да күч кызматтары табылган жардыргыч заттар аллюминий күкүмүнөн жана аммиак селитрасынан турганын айтып чыгышкан. Өткөн ишемби күнү Бишкектеги ички иштер башкармалыгынын жанына коюлган автоунаада да аллюминий күкүмү менен аммиак селитрасы, ошондой эле майдаланган арматурадан жасалган жардыргыч зат болуп чыкты.

Жардыруу аракеттеринин артында ким турат?

Айрым талдоочулар булардын баарынын артында бир эле күчтөр тураарын белгилешүүдө. Коопсуздук кызматынын ардагери, ЖКнын экс-депутаты Алишер Абдымомунов Кыргызстандагы кырдаалдын тынчып, расмий өкмөттүн ишке кирүүсүн көрө албаган күчтөр ар кандай аракеттерди жасап жатат деп эсептейт:
Милиция жардыруу болгон жерди курчоого алды. Бишкек, 30-ноябрь.

- Өзбекстандын ислам кыймылы турушу толук мүмкүн. Бирок ириде аларды кимдер уюштуруп, кимдер үйрөттү, мына ушул суроо туулат. Борбор Азиядагы кырдаалды толук көзөмөлдөп туруу үчүн кайсы бир күчтөрдү түзүп, окутуп, даярдап койгон. Мына Тажикстан чык деп койсо, Тажикстанда чатак чыкты. Кыргызстанда парламенттик система ишке кирип, демократия орной баштаса, террорчулук күчөдү. Демек, Кыргызстандагы кырдаалдын турукташын ким каалабаса, дал ошолор башка күчтөр аркылуу жасап атышат.

Ноябрь айында табылган жардыргыч заттар, Спорт сарайынын жанындагы жардыруу улутчул-сепаратисттик кыймылдардын колунан жасалган иш экенин, мунун артында Өзбекстандын ислам кыймылы, Ислам жихады кыймылы жана башка диний-экстремисттик кыймылдар турушу ыктымалдыгын күч кызматтарынын жетекчилери да билдиришкен эле.

Ошентсе да мындай жардыруулардын артында апрель окуясынан кийин бийлигинен, байлыгынан ажыраган адамдар турушу ыктымал деген пикирлер да айтылууда. Серепчи Аалыбай Кайыпов ушундай ойдо:
Оштун Мажүрүм-Тал аймагындагы жарылуу болгон жер, 29-ноябрь.

- Менимче, булардын артында мурдагы бийликтин тушунда иштеп турган, азыркы бийликтин ишине ич күйдүлүк менен мамиле кылгандар турат. Алардын арасында бийлигин тарттырган, байлыгын алдыргандары бар. Алар өчтөрүн ушинтип алууга аракеттенип жатышат деп ойлойм.

25-декабрдан тартып жалпы Кыргызстан боюнча күч түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде жана күнү-түнү иштөөгө өтүштү. 30-31-декабрь күндөрү эл көп чогулуучу жайларда атайын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери иш алып барышат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы облустун аймагына кирүүчү жолдорго тосмолор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө алып жатканын кабарлады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жалпы элди милиция, коопсуздук кызматтары менен чогуу иштөөгө, ар кандай маалыматтарды бөлүшүүгө чакырып, өлкөнүн коопсуздугу үчүн биргеликте кам көрүүгө үндөөдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG