Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Чекисттер өз иши менен алек болсун


Кыргызстандын атайын кызматтары 20-декабрда 92 жылдык мааракесин белгиледи. Өлкө президенти Роза Отунбаева чекисттерге сыйлык берүү менен катар бир бийликке кызмат кылуу жана башкача ою бар адамдарды куугунтуктоо тажрыйбасынан баш тартууга чакырды.

Президент Роза Отунбаева коопсуздук кызматкерлерин бүгүнкү майрамы менен куттуктап жатып, алардын дарегине сын пикир да айтты. Мамлекет башчы июнь коогалаңынын алдын алып калууга мүмкүн эле деп эсептейт:

- Улуттук коопсуздук кызматы түштүктөгү улуттар аралык кагылышты алдын алып, болтурбай коюу мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок. Бүгүн болсо жакынкы келечектин коркунучу - терроризм коркунучу туулуп турган учур. Буга Ош шаарында жана Бишкектеги Спорт сарайынын жанында болгон жардыруулар күбө боло алат. Кыргызстанда болуп өткөн акыркы окуялар өлкөдө кырдаал дагы деле оор экенин көрсөтүп койду. Ошондуктан бардык күч кызматтарынын аракеттерин олуттуу түрдө күчтөндүрүү зарылчылыгы күчүндө.

Июнь коогалаңы учурунда Коопсуздук кызматынын алдындагы чек ара кызматынын майору Канат Абдылдаевдин башына көзгө атардын огу тийип, набыт болгон. Канат Абдылдаевге “Эрдик” медалы өлгөндөн кийин ыйгарылды. Маркумдун сыйлыгын президент анын жесири Элвира Абдылдаевага тапшырды. Баатырдын жесири үчүн бул сыйлык сыймык да, кайгы да болуп турат:

- Албетте жолдошумдун көзү тирүү болсо бул сыйлыгынын да кереги жок эле. Айла канча, бул мен үчүн кайгы да, кубаныч да болуп жатат. Чек ара кызматына, президентке ыраазычылыгымды билдирем. Кыздарым чоңойсо аларга көрсөтөрүм, атасы тууралуу айтып берерим да ушул медалы болуп калат. “Атам ким болгон?” деп сураса, “баатыр болгон” деп айтам да.

Канат Абдылдаевдин артында 3 жаштагы жана 9 айлык эки кызы калды.

"Альфачылардын" тагдыры соттун колунда

Акыркы он-он беш жылдын ичинде "Кыргызстандын коопсуздук кызматы бийликтин кызыкчылыгы үчүн иштеп келди" деген сын пикирлер буга чейин деле айтылып келген.

Быйыл апрель окуясы учурунда куралсыз элге ок аткан деп айыпталып жаткан “Альфа” атайын кызматы да Улуттук коопсуздук кызматынын курамында.

7-апрель, 2010-жыл
“Альфа” атайын кызматынын 22 кызматкерине 7-апрель күнү куралсыз элге ок аткан деген айып тагылган. Күч кызматкерлеринин укугун коргоо комитетинин башчысы Арстан Дунгановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүнкү күнү жоопко тартылып жаткан күч кызматкерлери болгону өздөрүнө берилген буйрукту аткаргандыгы үчүн айыпталып жатканы туура эмес.

Мамлекет башчы Роза Отунбаева Улуттук коопсуздук кызматынын мааракесинде сүйлөгөн сөзүндө “Альфа” атайын тобу, анын жоокерлеринин тагдырына да токтолду:

- Бул залда “Альфа” атайын кызматынын жоокерлери да отурса керек. Мен азыр силердин башыңардан өткөрүп жаткан күндү да түшүнүп турам. Бирок мен баса белгилеп айтып коеюн, сиздердин тагдырыңыздарды сот чечет, биз канча жылдардан бери акыры жеткен адилет сот чечет. Сиздердин маселеңер биздин да маселе.

Коопсуздук кызматынын кадыр-баркы эмнеден түштү?

Мамлекеттин бүтүндүүлүгү, жалпы элдин коопсуздугу көз каранды болгон Коопсуздук кызматы башына адис чекисттер келбей жатканы үчүн аксап жатат деген пикирлер арбын. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башына мугалим, милиция, бажычы жана башка кесиптин адамдары келип башкарып жүргөнү – чекисттердин кадыр-баркын да, адистигин да төмөндөттү деген пикирин айтып жүрөт.

Орозбек Молдалиев
Ал эми саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Улуттук коопсуздук кызматынын дарегине президент тарабынан айтылган сөзгө толук кошуларын “Азаттыкка” билдирди:

- Президенттин айтканы – ачуу чындык, чоң сын болуп эсептелет. Анткени мамлекеттин негизги маалыматтык ресурсу – Коопсуздук кызматынын колунда. Мамлекет башчыларын чечим кабыл алуучу маалымат менен камсыздап туруучу негизги орган – мына ушул Коопсуздук кызматы. Ошону камсыз кыла албай калдыңар деген сөз -өзүңөргө тагылган милдетти аткара албай калдыңар деген сөз. Мунун ар кандай: объективдүү, субъективдүү себептери бар. Мурдагы бийликтин тушунда Коопсуздук кызматынын башына бийликтин кызыкчылыгын көздөгөн адамдар келип, өз каалаганындай башкарып калганы үчүн бул органдан көптөгөн адискөй адамдар кетип калган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын тарыхы 1918-жылы 20-декабрда түзүлгөн Советтер Союзунун Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар комитети (ГЧК) деген аталыштагы коопсуздук органына барып такалат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG