Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Жашыруун сыр камтылган жардыруулар


Бишкектеги Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин.
Бишкектеги Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин.

Кыргызстандагы акыркы окуялардын артында кимдер турушу мүмкүн деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Кайсы бирлери улутчул-экстремисттик күчтөр экен дешсе, айрымдары эл аралык террористтик уюмдар болушу мүмкүн деген сыяктуу божомолдорду айтышууда.

Кыргызстандын күч түзүмдөрү өлкөнүн отуздан ашуун жеринде жардырууларды даярдоого аракеттенген деген шек менен тогуз адамдын кармалгандыгын жарыялаган. Ага улай Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө шектүүлөрдү кармоо учурунда ок атышуу болуп, гранаталар жардырылган.

Кармалган адамдардын тергөөгө берген көрсөтмөсү боюнча жардыруулар Бишкек, Ош шаарларында жана Ош облусунун аймагында жүргүзүлмөк. Андан көп узабай Бишкекте 7-апрель окуясы боюнча сот жараяны өтө турган спорт сарайы жардырылды. Мунун бардыгынын байланышы барбы, же ар биринин себептери жана түйүндөрү ар башкабы? Азырынча буга ынанымдуу жооптор табыла элек.

Жардырууларды даярдоонун артында ким турган?

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кармалган адамдардын көрсөтмөсү боюнча жардырууну уюштурууга улутчул-экстремисттик күчтөр буюртмачы болгондугун айтып чыкты. Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук кызматы бул иште эл аралык террордук уюмдардын изи бар экендигин да жокко чыгарбайт.

Өкмөт башчысынын укук коргоо органдарынын иштери боюнча орун басары Азимбек Бекназаров жардырууларды уюштуруунун артында өзбек улуттук маданий борборунун издөөдө жүргөн лидерлеринин катышы тууралуу маалымат бар экендигине токтолду:

- Мен сиздерге ачык эле айтайын. Давран Сабиров, Иномжан Абдрасулов, Кадыржан Батыров жана Салахуддиновго мурда эле иш козголгон. Мына ошолор сыртта жүрүп алышып ушундай аракеттерди баштап жатышы мүмкүн. Мурдагы иштери тууралуу да, кечээги окуялар боюнча да жүрүп жаткан тергөө иштери жыйынтыкталгандан кийин кимдин канчалык деңгээлде катышы болгондугу дайын болот. Азырынча биз бул боюнча толук маалымат берүүгө акыбыз жок. Бирок кечээги иштердин артында улутчул-шовинисттик күчтөр тургандыгын ачык эле айтып койойун.

Божураган божомолдор

Анткен менен Ички иштер министрлигинин колго түшкөн кылмыштуу топтун улуттук курамы боюнча берген маалыматын талдоого алган аскер эксперттери расмий бийлик органдарынын алар сепаратисттер менен кызматташкан деген бүтүмү менен макул эмес.

Ош шаары.
Талдоочу Кубанычбек Сарыбаевдин айтымында, курамы ар кайсы улуттан турган кылмыштуу топ улутчул-сепаратисттердин буюртмасын аткарууга ниеттенген дегендин өзү логикага туура келбейт:

- Мына ошол колго түшкөндөрдүн арасында кыргызы да, өзбеги да, орусу да бар экен деп ички иштер министри өзү маалымат берип жатат. Аныктама боюнча улутчул-шовинисттик, улутчул-экстремисттик уюмдар ар түрдүү улуттардан куралган согушчандар менен биргеликте иш алып барышы акылга сыйбайт. Мындай болушу деги эле мүмкүн эмес. Алар бул топту жөн эле каржылаган учурда деле мында бир идеянын арты менен күрөш жүргүзүлгөндүктөн, андай ар түркүн курамдагы адамдар менен бирге иш алып барышты дегенге ишенгенге болбойт.

Анткен менен колго түшкөн кылмыштуу топтун улуттук курамынын ар түрдүүлүгү боюнча маалыматты ички иштер министри Зарылбек Рысалиев этникалык саясатка байланыштуу жымсалдап айтып коюшу мүмкүн дегендер да жок эмес.

Ага карабастан буга удаалаш эле улуттук коопсуздук кызматы Ош шаарынын Мажүрүм-Тал аймагындагы жеке менчик үйдү мекендеген куралдуу топтун анабашчыларынын мурдатан эле эл аралык террордук уюмдар менен байланышып келгендиги боюнча маалымат таратты. Аны менен катар эле жардырууларды уюштурууга буга аймактагы абалды туруксуздаштыруу аркылуу, күч түзүмдөрүн алаксытып, көп көлөмдөгү маң заттарын ташып өтүүгө умтулган эл аралык маңзат мафиясы кызыкдар болушу мүмкүн деген божомолдор да кеңири талкууланууда.

Күмөндүү дал келүүчүлүктөр

Мындан сырткары Борбор Азия аймагында эл аралык маанилүү жыйналыштар өткөн учурга Кыргызстандагы опуртал окуялардын дал келип калышы мындагы кандайдыр бир саясий кызыкчылыктардын бар экендигинен кабар берет.

Быйыл 10-июнда Ташкенде Шаңхай кызматташтык уюмунун жыйналышы ачылган күнү кечинде Ош окуялары башталган. Бул жолу ЕККУнун Астана саммитинин алдында жанкечтилердин аракетинин бети ачылып отурат.
Борбор Азиянын картасы

Кубанычбек Сарыбаев мындай дал келүүчүлүктөрдөн жөн жеринен болбойт деп эсептейт:

- Мына Астанада ЕККУнун саммитинин алдында жана жакында Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун расмий сапары күтүлүп жатканда Кыргызстанда ушундай окуялар жүз берип жаткандыгы жөн жеринен эмес. Мунун артында кандайдыр бир бизге азырынча белгисиз, бирок жалпы Борбор Азия аймагы үчүн маанилүү жашырылган сырлар жаткан жокпу? Бул албетте жөн эле дал келүүчүлүктөр болушу да мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да бул маселеге терең көңүл бурган жакшы.

Мына ушуга улай эле талдоочулар Кыргызстандагы туруксуздукка кайсы бир кубаттуу мамлекеттердин атайын кызматтары да кызыкдар болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарышпайт. Анткени өлкөнүн геосаясий ыңгайлуу аймакта жайгашкандыгынан улам, аймакка таасирин күчөтүүнү каалаган мамлекеттер кандай гана күчтөрдү пайдалануу менен болбосун максатына жетүүнү көздөп келишкендиги жашыруун эмес.

Ал гана эмес Кыргызстанды Кытай, АКШ жана Орусия сыяктуу дүйнөлүк державалардын геосаясий кызыкчылыгы чагылышкан өлкө катары атагандар азыркы учурда четтен чыга баштады. Буга америкалык саясат таануучу Зби́гнев Бжези́нскийдин мамлекеттер аралык согуштар жок, бирок атайын кызматтардын ортосундагы күрөш токтой элек деген мүнөздөмөсү да туура келет. Анткени ар кандай эл аралык деген аталыштагы террордук же экстремисттик уюмдардын артында кайсы бир мамлекеттердин атайын кызматтарынын тургандыгынан күмөн саноолор да болгон.

Жардыруудан кийин күч органдары күчөтүлгөн тартипке өттү.
Талдоочу Руслан Ташанов бул өңүттөн алганда өткөн окуяларда эл аралык террордук уюмдар менен улутчул-экстремисттик күчтөрдүн тандеми болушу мүмкүн экендигине токтолду:

- Эки ведомоствонун айтканында тең негиздер бар. Жергиликтүү улутчул экстремисттерди сырттан колдоо болуп жатат. Ал колдоо ар түрдүү радикалдык диний экстремисттик уюмдар аркылуу жүргүзүлүүдө. Эки тарапты окшоштой көрүнгөн бирок, ар түрдүү максаттагы кызыкчылыктар бириктирет. Биринчилери чаң-тополоңдун жыйынтыгы менен автономияга жетишүүнү көксөп жатышса, экинчилери аларга жардам беримиш болуп, бир гана Кыргызстанды эмес бүтүндөй Борбордук Азияда согуш отун тутантып, андан соң өздөрү каалагандай мамлекеттерди куруу мерчеми бар экендиги байкалып калды.

Учурда кармалган адамдардын көрсөтмөлөрү боюнча шектүү адамдарды издеп-иликтөө иштери улантылууда. Ошондой эле алар тарабынан жасалган жардыруучу заттар, курал-жарактар жана башка далил буюмдар атайын текшерүүлөрдөн өткөрүлүп жаткандыгы маалымдалды.
XS
SM
MD
LG