Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Кооптондурган кырдаалды түзүүгө ким кызыкдар?


Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин, 30-ноябрь, 2010-жыл
Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин, 30-ноябрь, 2010-жыл

Бишкек шаарындагы Спорт ордосунун жанындагы жардырууга террорчул жана эсктремисттик уюмдар менен биргелешкен улуттук-сепаратисттердин тиешеси болушу мүмкүн.

Мына ушундай билдирүү менен чыккан Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жардыруучу зат Спорт ордосунун жанындагы канализациялык кудукка орнотулганын айтты.

Маалыматка ылайык, жарылуу милиция кызматкерлери түшкөн автобус кудуктун (люк) жанынан өтүп кеткенден кийин 10 секунддан соң болгон. Натыйжада төртөө, камактагыларды ташыган эки аскер жеңил жараат алып, эки тартип коргоо өкүлү толкундун илебинде калган.

Марат Иманкуловдун айтымында, 29-ноябрда Ош шаарында, 30-ноябрда Бишкекте орун алган жардыруулар Кыргызстан коомчулугун коркутуу аракетинде жасалышы ыктымал. Спорт ордосунун жанында жарылган затты атайын террористтик лагерлерде окуган дасыккан гана адамдар жасай алары айтылды.

- Ош шаарында түнү менен тергөөчүлөр иштеп, бүгүн эртең менен үч эркек кишинин сөөгү алынып чыгылды. Төрт автомат, граната жана жардыргыч заттардын элементтери табылыптыр. Бизде Бишкекке алынып келинген жардыргыч заттар, каражаттар ошол үйдө жасалганбы деген шек бар. Азыр ал жерде тергөө жана ыкчам топ иштеп жатат. Мунун бардыгы чынжырдын бир бөлүгү сымал, 22-ноябрдан бери келе жатат. Биздин оюбузча бул улуттук-сепаратисттик топтордун иши, алар террористтик жана экстремисттик уюмдар менен биргелишип алып элди, мамлекетти коркутуп, зыяндарды келтиребиз деген аракеттери.

Марат Иманкуловдун айтымында, Бишкекте орун алган жардырууга өлкөнү дестабилдештирүүнү каалаган, соттук териштирүүнү үзгүлтүккө учуратууга жана Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүнү каалабаган күчтөр да кызыкдар болушу мүмкүн. Спорт ордосунда 17-ноябрдан тарта апрель окуясы боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткан.

Тынчтыкты каалабагандар

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынынын төрагасынын орун басары Көлбай Мусаев Бишкектеги Спорт ордосунун жанына коюлган жардыруучу заттын күчү тротил эквивалентинде 3 кг. болгондугун билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү жардыруу уюлдук телефон же атайын алыстан башкаруучу жабдуу аркылуу жүргүзүлгөн жана жардыруунун күчүнөн люктун жапкычы 300 метр аралыкка учуп кеткен.

Коопсуздук күчтөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
К.Мусаев учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын, анын алкагында окуя боюнча кылмыш иши козголорун кошумчалады. Ошондой эле К.Мусаев УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев мурда белгилеген экс-президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин "Ал-Каида" уюму менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акча бөлүп жатыптыр деген маалыматын да четке каккан жок.

- Ушундай маалымат бизге түшкөн. Максим Бакиевдин жарандары "Ал-Каида", эл аралык террористтик уюмдар менен жолугуп, акчаларын берген. Ал эми мындай акцияларга алардын тиешеси болушу мүмкүн деп ойлоп жатабыз. Андай маалыматты тергөө иштери бүткөндөн кийин айтсак болот.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү уланарын жана анын орду сот тарабынан аныкталарын ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиев билдирди. Ал сот өтүп жаткан Спорт ордосу тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кайтарууда болгондуктан жардыруучу зат залдын ичине эмес, сырттагы кудукка коюлган деп эсептейт. Ошого карабай Спорт сарайдын бардык тегереги текшерүүгө алынат.

Ысымдар белгилүү

Ал эми жардыруудан жабыркагандардын абалы туурасында Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Орозалы Көчөров буларга токтолду:

- Бизге эртең мененки жардыруудан кийин 10:30 чамасында үч адам медициналык жардамга кайрылды. Мелис Сыдыков, Азамат Молдаканов деген милиция кызматкерлери экен. Жараат жок, толкун илеби деп коет, кулактары тунуп калган. Амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Алардан башка Елена Иваннюкова деген аял киши бар. Ал шаардык тез жардамда фельдшер болуп иштейт экен. Ошол киши баш мээси чайкалып, мээси жаракат алып жаткырылды. Абалы орто.

Спорт ордосунда 17-ноябрдан бери апрель окуясы боюнча сот өтүп жаткан.
"Жардыруу боюнча Бишкекке өтмө бекеттер орнотулган жок жана ага негиз жок" деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов. Анын айтымында, тартип коргоо кызматкерлери республиканын бардык аймактарында күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Ал эми жардырууга шектүү деген адамдар алдын ала аныкталган.

- Элибизге ишендирип кетем. Биздин укук коргоо органдары бардыгы даярдыкта. Спорт сарайдын жанында жардыруу жасаган адамдар табылат, буйруса. Биздин кызматкерлер иштеп жатат. Ошто жана Бишкекте 22-ноябрда кармалган топтордун көп мүчөлөрү бизге белгилүү, алардын уюштуруучуларынын айрымдарынын да аттары белгилүү. Ал боюнча атайын кызматтар жалпы иш алып барууда.

XS
SM
MD
LG