Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

М.Иманкулов: Террорчу делгендер жок кылынды, этностук кагылыш жок


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

29-ноябрда Улуттук коопсуздук кызматынын атайын бөлүктөрүнүн аскерлери Ош шаарында террордук жана экстремисттик уюмдарга тиешеси бар делип шектелген адамдарды кармоо чарасын жүргүзүштү. Иш-чара бүткөн соң Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кырдаал тууралуу маалымат берди.

“Aзаттык”: Ош шаарындагы атайын операция кандай өттү? Курал колдонулган иш-чарадан кийинки кырдаал кандай?

Марат Иманкулов: Кечке маал (29-ноябрь) биздин атайын кызматтын кызматкерлери террордук уюмга шектүү делген бир адамдын үйүнө барып, аны кармайбыз деген маалда үйдүн ичинен автоматтык куралдар менен каршылык көрсөтүшкөн, ок чыгара башташкан. Ал үй Ош шаарындагы эски авто бекет жайгашкан аймактагы кварталда, махалледе экен. Анан алар улуттук коопсуздук кызматтын адамдарын автомат менен аткылап, граната ыргытышкан. Ошол жерден биздин эки кызматкер жаракат алып, экөө тең ооруканага жаткырылып, азыр аларга медициналык жардам көрсөтүлүп атат.

22-ноябрда Бишкекте милиция кызматкерлери бир топ адамдарды кармашкан. Кармаган маалда алардын жанынан атайын аралыктан башкарылуучу жарылуучу заттар чыккан. Ошонун негизинде кылмыш иши козголуп, иш тергелип атты эле. Ошого шектүү делип Ош шаарында дагы бир топ адамдар бар экени боюнча маалымат кеткен. Ошонун бирөөнү кармайбыз деп барганда ушул окуя болуп атат.

Акыркы маалымат боюнча ал жакта атайын операция аяктады. Биздин атайын кызматтардын жетекчилери маалымдашкандай, үч киши атайын кызматтын аскерлери менен атышып, каршылык көрсөтүп атышкан маалда атылып өлтүрүлдү. Бирөө ошол үйдөн гранатаны жардырып ийип өлүп, ошонун негизинде ал жашырынып отурган бөлмөнүн шыбы түшүп кетип, басып калган экен. Мына азыр ошол басып калган урандыларды тазалап, анан ошонун негизинде канча киши ал жерде атышкан, кандай курал-жарактар менен каршылык көрсөтүшкөн, ошолордун бардыгы азыр такталып атат. Ошол такталып бүткөндөн кийин биз дагы кошумча маалымат беребиз.

Мен айтып кетейин деген нерсе, ал жерде этникалык же диндер аралык кагылыш деген жок. Ал жердеги кырдаал биздин күч органдарынын, жергиликтүү бийликтердин толук көзөмөлүндө турат. Эч кандай коркунуч жок.

Ошол операция болгон жер Ош шаарынын эл жыш жашаган аймагында, чоң базарга жакын жерде болгондуктан беркилер атышып, граната жарылып аткан үндөрдөн эл чочулап, бир аз дүрбөлөң түшүп кетишкен экен. Мен ошого байланыштуу айтып коюшум керек, азыр тынчсызданууга негиз жок. Эми албетте эл баягы окуялардан кийин чочуп калган да.

2010-жылдын 10-августунда президент Р.Отунбаеванын атайын директивасы чыккан, укук коргоо органдары жана айрым мамлекеттик органдар күчөтүлгөн режиминде иштөөсү керек деген. Ошол директива күчүндө. Биз ошол боюнча эле күчөтүлгөн абалда иштеп атабыз. Бүгүнтөн тарта дагы да күчөтүлгөн абалда ишибизди алып бара беребиз.

“Азаттык”: Сиздерге бул шектүү топтор боюнча оперативдүү маалыматтар келди да. Бул адамдар кандай күчтөр, эмне болгон күчтөр? Кандай версияларыңар бар?

М.Иманкулов: Эми бул адамдар жанагыдай сепаратисттик идеяларды алып жүргөндөр деген шек бар. Баягы июндагы окуядан кийин “биз дагы укук коргоо органдарына күчүбүздү көрсөтөбүз” деген адамдар болушу мүмкүн. Андан тышкары Өзбекстандын ислам кыймылы деген террордук уюмдун мүчөлөрү да араларында бар деген шектенүү бар. Андан башка дагы экстремисттик топтордун мүчөлөрү бар деген шектенебиз. Анткени жөнөкөй адам жардыруучу каражаттарды жасай албайт, мүмкүн эмес. Аларды жасагандар атайын террорчуларды даярдай турган лагерлерде үйрөтүлөт. Көбүнчө алар Ооганстандагы лагерлерде үйрөтүлүп, анан бул жакка келишкен.

Бизде 2006-жылы да ушундай окуялар болуп, ушундай террордук топторду кармап, кээ бирлери жок кылынган. Мына азыр да ошондой эле операция жүрдү. Биздин тартип коргоо органдары бул боюнча иштеп атат.

Билесиздер биздин мамлекетте бир нече уюмдардын ишмердүүлүгүнө Жогорку Соттун чечими менен тыюу салынган. Алардын арасында “Өзбекстандын ислам кыймылы” бар. Булар дагы бир ат менен жүрөт, “Түркстандын ислам кыймылы” деп. Андан башка “Ал-Каида”, Талибан дегендер тыюу салынган. “Хизб-ут Тахрир” деген экстремисттик уюм делип, буларга да тыюу салынган. Эми мунун баары бир күндө эле чыга калган жок, көп жылдан бери келатат. Азыр мына бул иштер боюнча тергөө иштери башталып, алар кимдер экени, алардын үстүндө кимдер турганы, куралдарды кайдан алып келишкени, бул жардыргычтарды кайдан алып келишкени, аны жасоону кайдан үйрөнүшкөнү сыяктуу көп суроолордун баарын тактаганга аракеттерди кылып атабыз.

“Азаттык”: Оштогу операция махалледе болду деп атасыз. Июнь окуяларынан кийин сепаратисттик идеяларды алып жүргөндөр болушу мүмкүн деп атасыз. Ошондо операция болгон жер этникалык өзбектер жашаган аймакта болуп атабы?

М.Иманкулов: Эми ал жерде жалаң өзбектер же кыргыздар жашайт деп айтуудан азырынча алысмын. Азырынча так маалымат жок. Бул ошол Ош шаарындагы эски авто бекеттин жанындагы эл жыш жашаган район экен. Биз ушундай топтордун ишмердүүлүктөрүн токтотуу, алдын алуу иштерин жасай беребиз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG