Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Маалымат коопсуздугу мамлекеттүүлүккө шек келтирип жатабы?


Кыргызстанда 16 мамлекеттин 40 маалымат каражаты катталган.
Кыргызстанда 16 мамлекеттин 40 маалымат каражаты катталган.

Кыргызстанда Орусия ММКсынын таасири артып баратышы улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган маселеге чейин айланып баратканы айтылууда.

Соңку кездери шайлоодо жеңишке жеткен айрым партия лидерлери бир канча жолу Москвага барып келишти. Коалиция маселеси да ошол жакта чечилип атканы айтылууда. Серепчилердин баамында, Орусия мамлекети Кыргызстандын маалымат айдыңын ээлеп алгандыктан ушундай үстөмдүк кылууда. Мамлекеттик коопсуздукка шек келтирген маселелердин бири – маалымат коопсуздугу болуп калдыбы?

Маалыматтык коопсуздуктун төмөндүгү


Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарын камтыган эң ири маалымат каражаты – бул Коомдук телерадио (КТРК). Ошондой эле Орусиянын мамлекеттик биринчи каналы менен “Россия” каналы да өлкө ичинде андан кем эмес аймакка тарайт. Бешинчи канал менен ЭлТР камтыган аймагы боюнча барган сайын Коомдук биринчи каналга жакындап келатат. Сандарга келе турган болсок, Маданият жана маалымат министрлиги ырастагандай, Кыргызстанда 16 мамлекеттин 40 маалымат каражаты катталган. Өлкө ичинде таркаган чет элдик маалымат каражаттарынын көбү Орусияга таандык.
Кыргыз гезиттери

Өлкөдө 1200 чамалуу басма сөз каражаты катталган. Алардын 85 пайызы жеке менчик, 65 пайызы коомдук-саясий жана маалыматтык басылмалар. Гезит-журналдардын 70 пайыздайы кыргыз тилинде чыгат. Орусча чыккан басылмалардын басымдуу бөлүгү борбор шаар Бишкек менен Чүй облусунда.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Кыргызстанда өзгөчө Орусиянын маалыматтык үстөмдүгү талашсыз экенин айтты. Анын пикиринде, көптөгөн кыргызстандыктар дүйнөнү Орусиянын призмасы аркылуу карашат. Орусиянын мамлекеттик Биринчи каналы менен "Россия" каналына Кыргызстанда эң жакшы жыштыктар берилип калган:
М.Токоев

- Орустардын Биринчи каналын, РТР каналын биз Кыргызстанда КТР сыяктуу эле толкунда өзүбүз таркатып атабыз. Аларга КТРдикинен да эң жакшы эки жыштыкты берип койгонбуз. Мындай чынында башка өлкөлөрдө кездешпейт, нонсенс. Биз башка өлкөлөрдүн каналдарын өзүбүз таркатуу аркылуу Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн маалыматтык талаасын кеңейтип атабыз. Чынын айтканда КТРди деле элдин баары көрө албайт. Эгер КТР Орусиянын Биринчи каналы менен “Россия” каналы отурган жыштыкта чыга турган болсо, анда аларды көрө албай аткан жерлер да көрүп калышмак.

Ошентсе да Марат Токоев Орусиянын бул каналдарынын жыштыктарын тартып алуу сыяктуу катаал чараларды колдобойт. Анын үстүнө бир дагы саясатчынын азыркыдай шартта андайга эрки жетиши күмөн. Демек бул жерде жергиликтүү маалымат каражаттарын колдоо, өнүктүрүү жаатында кечиктирилгис чараларды көрүп, мамлекеттик маалымат саясаты иштелип чыгуусу зарыл.

Маалыматтык коопсуздуктун начардыгы мамлекеттүүлүккө шек келтирип калдыбы?

Орусиянын маалымат каражаттары дээрлик Кыргызстанды камтып турган чакта кошуна өлкөлөрдүн бул багыттагы таасири да өсүп баратат. Маселен Өзбекстан менен чектешкен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ырасмий Ташкендин көзүн караган маалымат каражаттары кеңири жайылган. Акыркы жылдары Чүй, Талас облустарында Казакстандын мамлекеттик телеканалдары оозго алынып кетти. Ал эми былтыртан баштап Кытайдын CCTV мамлекеттик каналы Бишкекте орусча чыга баштады. Жергиликтүү элдин техникалык мүмкүнчүлүгүн эске алган Кытай өкмөтү атайын аспаптарын апкелип орнотуп, жөнөкөй антенна менен көрүүгө ылайыктап коюшкан. Болбосо Кытайдын тышында бул каналды спутниктен алып көрүшөт.

Белгилүү медиа эксперт Александр Кулинскийдин айтымында, Кыргызстанда өзгөчө Орусиянын маалыматтык экспансиясы же үстөмдүгү эбак эле орногон. Кыргызстандын өзүндө болсо жергиликтүү маалымат каражаттары негизин түзчү бирдиктүү маалыматтык талаа жок. Аны Орусия, Өзбекстан, Казакстан баштаган чет элдик маалымат каражаттары бөлүп кеткен. Ал эми азыр ошол маалымат каражаттары Кыргызстанда бийликти алмаштырган деңгээлге жетип калышты:

- Биз көптөн бери эле өзүбүздүн эмес, башка мамлекеттердин маалыматынын кулу болуп калганбыз. Биз өлкөдөгү болуп аткан реалдуу окуялар менен жашабай эле, Орусиянын, Өзбекстандын, Казакстандын каналдары жана гезиттери айткандар менен жашап калдык. Бул чоң көйгөйдү жаратып, ошол көйгөй азыр Кыргызстанда бийликти алмаштыра турчу күчкө ээ болуп калды. Бул деген түздөн-түз улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген маселе.
Бул жерде жөн гана маалыматтык коопсуздук маселеси эмес, мамлекеттик коопсуздук тууралуу сөз болушу керек. Деги эле биз өз алдынча мамлекетпизби?


Шайлоо алдында “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин аброюна шек келтирген маалыматтарды дал ошол Кремлдин кол алдындагы медиа гиганттар тараткан эле. Натыйжада чоң жеңишти күтүп аткан “Ата Мекен” партиясы беш пайыздык чектен араң өттү. Ошол эле кремлдик пропаганда “Ар-Намыс” партиясын мактап отуруп, акыры бул партия шайлоодо үчүнчү болуп марага келди. Москванын ушундай шойкомдуу саясатынан корккон партия лидерлери Москвага байма-бай каттап калышты. Акыркы жолу коалиция түзүү милдети жүктөлгөн Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев Москвага барып келгени айтылып, аталган партиядан бул маалыматты тастыкташкан да, төгүндөшкөн да жок.

Ошентип, Кыргызстандын маалыматтык талаасы кейиштүү абалда. Орусиянын маалымат каражаттары “Ата Мекендин” лидерине сокку уруп аткандан кийин, башка партия лидерлери да бир күнү ушул абалга түшпөйт деген кепилдик жок. Медиа эксперт А.Кулинскийдин пикиринде, эми бийликке келген партиялар жок дегенде өздөрүн ойлоп, эффективдүү маалыматтык саясат иштеп чыгуулар керек.

Анын үстүнө 2015-жылга чейин Кыргызстан санариптик алып берүүгө өтүшү керек. Бул ишке ашкан маалда ар бир кыргызстандык дүйнөдөгү каалаган телеканалын көрө алат. Мындай шартта геосаясий амбициялары чоң ар бир мамлекет кыргыз-орус тилинде телеканалдарды ачып, деңгээли төмөнүрөөк жергиликтүү телеканалдардан көрүүчүлөрүн тартып алуулары да толук ыктымал.

Бардык жолдор Москвага алып барабы?
Аскер танктары Кызыл аянтта. Москва, 1991-жылдын 19-августу.

Дагы бир айта кетчү жайгдай, 70 жыл бою Москванын көзүн карап турган Кыргызстандын экономикасында азыр деле олуттуу өзгөрүш болгон жок. Күйүүчү май баштаган айрым стратегиялык товарлар дал ошол Орусиядан келет. Баса, Орусия төбөлдөрү Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы орногонуна нааразычылыгын билдиришкенден бери дал ошол күйүүчү май барган сайын кымбаттоонун үстүндө.

Негизи эле Орусия өзүнүн саясий-экономикалык артыкчылыктарын ыгы келгенде дароо курал катары колдонуп, газ куурларын жаап салуу, аскерий техникаларын демонстрациялоо сыяктуу кадамдарга барып жүрөт. Кремль өз саясатын ар качан бийликчил маалымат каражаттары аркылуу бекемдөөгө, өзгөчө Борбор Азия чөлкөмүндө таасирин сактап калууга жан үрөп келет. Соңку кездери тентек Кыргызстанга Кремлдин ичи чыкпай, назар бутасына алгандай. Андыктан, Орусия сыяктуу мамлекеттердин маалымат каражаттары кенен жайылган Кыргызстандын өз алдынча, демократиялык баалуулуктарга жана мамлекеттик кызыкчылыктарга таянган маалыматтык саясаты качан пайда болот деген суроо мыйзам ченемдүү.

XS
SM
MD
LG