Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:50

Так маалымат – мезгил талабы


Кыргызстандын түштүгүндө соңку кезде маалымат таңкыстыгы байкалууда. Ошол себептен улам июнь окуяларын жана Оштун андан кийинки турмушун чагылдырган жергиликтүү жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын айланасында жергиликтүү тургундардын пикирлери да бир кылка эмес. Ошентсе да тараптар мамлекеттин маалымат коопсуздугу жөнүндө кеп жүргөндө өлкө жетекчилигин сындашууда.

Ош шаарынын тургуну Жамийла Кадырова июндагы кандуу калабанын учурунда жалаң өзбектер гана эмес, түпкү улуттун өкүлдөрү да катуу жабыркаганын маалымдады:

- Ушуну эмне үчүн чет өлкөлүк, айрыкча орусиялык журналисттер так көрсөтпөй жатышат? Жалаң өзбек туугандар кабарчыларды аэропорттон келери менен жашаган аймактарына ээрчитип барып, аларга жалган-жашык кабарларды таратып, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө жаманатты кылып жатышат. Акыры бул алардын да Мекени го…

Ал эми жергиликтүү саясатчы Юруслан Истановдун байкашынча, адам укуктарын коргоочу айрым эл аралык уюмдар жаңжалдын чыныгы себептерин билбей туруп кыргыздарды өңчөй каралаган тыянактарын байма-бай жарыялап жатышат:

- Акыйкатын айтуу абзел, мына көпчүлүлүк массалык маалымат каражаттары окуянын чын-бышыгын терең иликтебестен, маалыматтарды бир тараптуу жайылтып атышат. Жаңжалды өздөрүнүн саясатына ылайыкташтырып, бурмалап сүрөттөшкөндүктөн анын кесепети кыргыздарга көбүрөк тийип калууда.

Жогорудагыдай пикирлерге Кара-Суу районуна караштуу Нариман кыштагынын жашоочусу Бахрам Юлдашев кошулган жок.

- Натуура маалыматтарды бийлик өзү жайылтууда. Маселен, жалпы жонунан Улуттук биринчи канал, ЭлТР жана 5-канал мансаптагылардын гана ырын ырдап жатышат. Америкалык интернет баракчалары бизге анчалык ачык эмес. Ал эми орусиялык сайттар окуялардын бардыгын үстүртөдөн гана чагылдырууда. Эл аралык басма сөз жана интернет сайттар көргөндөрүн бурмалабай ачык жазышууда.

Анткен менен коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев өлкөнүн түштүгүндөгү маалымат таңкыстыгы коомчулук арасында этностор аралык араздашуу туурасында калыс эмес жана чаржайыт ой-пикирлердин түптөлүшүнө өбөлгө жаратууда деп эсептейт.

- Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эле ар ким оозуна келгенди оттоп, жаңылыктарды көбүн эсе миш-миштерден курап атышат. Буга айкын далил, облустук акимчиликтер, мэриялар, күч түзүмдөрү, ошондой эле комендатуралар да жалаң ушак-айың менен азыктанып, ошолор аркылуу божомолдоп, ошого карап иш кылып калышты. Өлкөдөгү бардык теле-радиолор жана гезиттер эл ишеничинен тайды десек жаңылышпайм. Анын үстүнө аларга да окурмандарды, угармандарды жана көрөрмандарды ынандыраарлык маалымат тараткан киши жок.

Өлкө президенти Роза Отунбаева этностор аралык жаңжалдан кийин Ош аймагынын активи жана жашоочулары менен жолугушкан эле. Ошондо ал тургундарды кыжаалат кылган суроолорго мындайча жооп кайтарган.

- Бул жерде прокуратуранын, Улуттук коопсуздук кызматынын атайын топтору иштеп жатышат. Силер катуу айткан туура эмес маалыматтарды биз, албетте, тыябыз. Мына мен бир чоң өлкө менен сүйлөштүм. «Ай, ушул силердин сыналгыңардын бизде таасири абдан күчтүү экен. Силер окуяларды бир беткей көрсөтүп атасыңар» дегенге чейин бардык. Алар мындай маалыматтарды мындан ары азайтабыз деген сөздөрдү айтышты.

Ошентсе да, серепчилердин баамында, түштүктө маалымат коопсуздугу дале коркунучта тургандыгы жашыруун эмес. Бул багытта мамлекет тарабынан чукул чаралар көрүлбөсө, анын акыры дагы бир жаңжалга айланышы ыктымал.
XS
SM
MD
LG