Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Журналист Геннадий Павлюктун өлгөнүнө бир жыл толду


Журналист Геннадий Павлюк
Журналист Геннадий Павлюк

Өткөн жылы 16-декабрда кыргызстандык белдүү журналисттердин бири Геннадий Павлюкту Казакстандын Алматы шаарында белгисиз бирөөлөр колу-бутун таңып туруп, 6-кабаттан ыргытып жиберишкен.

Журналист өзүнө келе албай жатып, ооруканада каза тапкан эле. Жакында Казакстандын прокуратурасы журналистти өлтүргөн деп шектелген кыргызстандык жаран Алдаяр Исманкуловдун үстүнөн сот болорун жарыя кылды.

Саясий буйрутманын курмандыгы

Ибрагим Рустамбек аттуу лакап ат менен белгилүү болгон Геннадий Павлюктун денеси 2009-жылы 16-декабрда Алматыда Фурманов атындагы көчөдө орун алган көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан табылган.

Журналист алтынчы кабаттан буту-колу байланган абалда ыргытылганы айтылып, кабыргалары сынып, мээси чайкалган Геннадий Павлюк ооруканада эсине келе албай жатып үзүлгөн.

Көп өтпөй, ошол эле жылы 29-декабрда Казакстандын КТК телеканалы Геннадий Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын коопсуздук кызматынын офицерлеринин тиешеси бар деген маалыматты айтып чыгышкан. Ошол эле замат кыргызстандык күч кызматы бул маалыматтарды жокко чыгарган эле.

Адил Ахметов
14-январда Венада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Казакстандын ЕККУдагы өкүлү Адил Ахметов да журналисттин өлүмү саясий буйрутманын натыйжасы экенин айткан эле:

- Павлюктун өлүмү - бул саясий буйрутма өлүм. Журналист өзүнүн ишин гана жасап жүргөн. Кылмышка тиешелүү кыргыз жарандары кармалып, камакта. Албетте чаралар көрүлөт.

Айрым саясий талдоочулар ошол тушта казак бийлиги Геннадий Павлюктун өлүмүнө кыргыз бийлигинин тиешеси бар деген божомолду кайра-кайра кыйытып, Кыргызстан менен чече албай келаткан айрым маселелерин чечип алууга аракет кылып жатканын да айтып чыгышкан.

“Кыңыр иш кырк жылда...”

Апрель окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик алмашкан соң, журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө чындыгында коопсуздук кызматынын тиешеси болгону ачыкталды шекилдүү. Үстүбүздөгү жылы октябрь айында казак милициясы Геннадий Павлюктун өлүмүнө шектүү эки киши кармалганын маалымдаган. Ал эми 1-декабрь күнү Алматы шаарындагы Алматы райондук соту бул ишке шектүү деп кармалгандардын бири, кыргызстандык жаран Алдаяр Исманкуловду камакка алууга санкция бергени маалым болду.

Мелис Турганбаев
Кыргызстандын ички иштер министринин 1-орун басары Мелис Турганбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Алдаяр Исманкуловду мурдагы бийлик калкалап келгени ачык:

- Апрель окуясына чейин бул баланын колдоосу өтө жогорку деңгээлде болчу. Ошондуктан казактар деле аны кармай албай, алып кете албай жүрүштү. Апрелден кийин ал бул жактан качып, Алматыга барганда кармалды. Азыр иш жүрүп жатат.

Мелис Турганбаевдин айтымында, Алдаяр Исманкуловго Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан да мурда бир нече кылмыш иши козголгон. Алардын көпчүлүгү убагында ар кандай себептер менен кыскартылып, жабылган болсо да, булардын бардыгын Жогорку Сот аркылуу жокко чыгартып, кайра козголгон:

- Бизде А. Исманкуловго каршы кылмыш иштери бар. Мен кызматка келерим менен анын мурдагы жабылып калган иштерин Жогорку Сот аркылуу кайра жокко чыгартып, козгоп, даярдап койгонбуз. Азыр ал иштер Башкы прокуратурада. Эгер казактарда аны айыптоого негиз жетишпей аткан болсо бөлүшүүгө да, аны Кыргызстанга алып келип, ал жасаган кылмыш иштери боюнча жоопко тартууга да даярбыз.

Алдаяр Исманкулов Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу жоопко ошол кылмыш жасалган жерде, тагыраак айтканда Казакстандын Алматы шаарында тартылат, анткени эл аралык укуктук норма ошондой. "Ошондуктан А. Исманкуловду мурда козголгон кылмыш иштеринин негизинде жоопко тартуу үчүн Кыргызстанга өткөрүп берүү сунушу Казакстанга жолдонгон" деп билдирди “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакулов.

Геннадий Павлюктун өлүмү саясий буйрутма менен болду деген божомолдор ал өлтүрүлгөн учурдан тартып эле айтыла баштаган. Анын ошол кездеги күчтүү оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев менен чогуу оппозициялык “Ата Мекен” деп аталган сайт ачуу ниети ишке ашырылар алдында ушундай окуя болгону тууралуу да сөз болгон эле.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Геннадий Павлюк мурдагы бийликтин буйрутмасынын курмандыгы болгонун, эгер Бакиевдин режими кулабаганда анын өлүмүнө байланыштуу иш ачылмак эместигин айтат:

-“Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей бул иш мына эми ачылып отурат. Алдаяр Исманкулов канча чатак иштерге аралашкан болсо да мурдагы президент Бакиев жана анын балдары анын иштерин жаап, кызматтан кызматка көтөрүп жүрүшкөн.

Өмүрбек Текебаев журналисттин өлүмүнө катыштыгы бар адамды мурдагы бийлик колтугуна катып, керек учурда пайдаланып келген деп ырастады.

“А. Исманкулов ар кандай саясий буйрутмаларды аткарып жүргөн”

Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Алдаяр Исманкуловдун үстүнөн 1996-жылдары баң затка жана курал-жаракка байланыштуу кылмыш иштери козголгон эле. Ал ошондой эле мурдагы кылмыш төбөлү маркум Рысбек Акматбаев жана анын жээндери Мирлан, Нурлан Коноевдер менен табакташ, танапташ болуп келгени айтылып жүрөт.

Архивден: Геннадий Павлюк, Болот Шер-Нияз жана Өмүрбек Текебаев
2006-жылы белгисиз бирөөлөрдүн колунан каза тапкан белгилүү спортчу Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө да Алдаяр Исманкуловдун тиешеси бар деген шектенүүлөр айтылганы менен аны камакка алууга ошол тушта прокуратура каршы чыккан.

Айрым божомолдор боюнча Алдаяр Исманкуловду экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрага орун басары Марат Бакиев колдоп жүргөн. А. Исманкулов болсо жооп иретинде бийлик жашыруун тапшырган “саясий буйрутмаларды” аткарып жүргөн. Ички иштер министринин 1-орун басары Мелис Турганбаев бул божомолдорду толугу менен ырастады:

- Алдаяр Исманкуловду 2005-жылы баңги зат, куралдар менен кармаган күндө да аябай ызы-чуу болгон. Биз козгогон иштин баарын “сындырып”, жаап коюшкан. Сиздер жакшы билесиздер, менин өзүмдү да куугунтукташкан. Анткени Алдаяр Исманкулов Марат Бакиевдин жакын досу болчу, чогуу чоңоюшкан. Ооба, ал Рысбек Акматбаев менен, анын инилери менен дагы чогуу жүрүп, көп кылмыштарды жасаган. 1996-жылы мен Свердловск райондук ички иштер бөлүмүндө иштеп жүргөндө булар каракчылык менен кармалышкан. Бул бала ошондо да кандайдыр бир жолдор менен бошоп кеткен. Ал өзү криминал чөйрөгө жакын эле, ар кандай саясий буйрутмаларды, куралга, акчага байланыштуу иштерди жасап жүргөн.

Өткөн жылы 16-декабрда Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк өлтүрүлгөн учурда Алдаяр Исманкулов Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде Техникалык кызматтын жетекчиси болуп иштеп турган.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча жакынкы күндөрү Алматы шаарындагы Алматы райондук соту Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча соттук териштирүүнү баштайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG