Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Павлюктун өлүмү боюнча иш илгерилеп жатабы?


Маркум журналист Геннадий Павлюк
Маркум журналист Геннадий Павлюк

Алматыда киши колдуу болгон журналист Павлюктун өлүмүн иликтөөгө коңшу өлкөнүн күч органдарынын атайын тобу Бишкекке келди.

Казакстан Ички иштер министрилиги өткөн жылдын декабрында Алматыда мерт болгон журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин тиешеси бар-жогун тастыктоодон баш тартты. Кыргызстанга коңшу өлкөнүн күч органдарынын кызматкерлеринин тобу атайын тергөө иштерин жүргүзүүгө келди.

13-январда Астанада өткөн маалымат жыйынында Казакстан Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Куаныш Жуманов журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө кыргызстандык атайын кызматтын тиешеси бар деген маалыматка түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Ал болгону бул кылмышка кыргызстандык бир нече атуулдун тиешеси бардыгы аныкталгандыгын тастыктоо менен буларга токтолду:

Казак ИИМнин басма сөз кызматынын жетекчиси
- Учурда Казак Республикасынын башкы прокуратурасы тарабынан Кыргызстандын укук коргоо органдарына укуктук көмөктөшүү үчүн эл аралык табыштоо жиберилди. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 11-январында Казакстандын ички иштер органдарынын оперативдүү иликтөө адистеринин тобу министрдин орун басары Аубакировдун жетекчилиги алдында Бишкек шаарында болушту.


Эске сала кетсек, жаңы жыл алдында Казакстандын менчик КТК сыналгысы Геннадий Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын коопсуздук кызматынын, тактап айтканда контрчалгын кызматынын тиешеси бар, деген маалыматы өзүнүн жашыруун булагына таянып тараткан. Ал эми Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүнгө чыгарып, четке каккан.

Казакстан ички иштер министринин орун басары Амантай Аубакиров кыргызстандык кесиптеши, министрдин биринчи орун басары Сабырбек Курманалиев жана Башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза менен жолугушуп журналист Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшүн биргелешип иликтөө боюнча сүйлөшүү өткөрүлгөнү маалымдалды.

Бишкекке келген коңшу өлкөнүн күч органдарынын атайын тобун Алматы шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү, милициянын подполковниги Тимур Стамкулов жетектейт.

Казакстандык милиция кызматкерлери Бишкекте иликтөө иштерине киришип, маркум Павлюктун жубайы Ольга менен дагы жолуккандыгын ал өзү “Азаттыкка” билдирди:

- Иш качан аягына чыгаары белгисиз. Бирок алардын айтуусу боюнча иликтөө иштери илгерилеп жатат. Азыр алар Бишкекте тергеп тескөө иштерин жүргүзүшөт. Ошондой эле алар Бишкекте канча талап кылынса ошончо жүрүшөөрүн дагы айтышты. Мен болсо өзүмдө болгон бардык тиешелүү нерселерди тергөө органдарына өткөрүп бердим.

Башкы прокуратуранын эл аралык байланыш боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Тилек Мурзакулов журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнүн бетин ачууда азырынча такталбаган маалыматтарга жол берилип жатканын “Азаттыкка” мындайча билдирген:

- Аны аныктамайынча жөндөн жөн эле жалган жалаа жаап, ушундай-ушундай адамдар күнөөлү деш да туура эмес. Ар бир мындай бүтүмдү биринчи тактап алып, далилдерди айтып анан айтыш керек.

14-январда казакстандык “Время” гезити журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланышкан “Спецоперация” (http://www.time.kz/engine/print.php?newsid=14258&news_page=1) деген аталыштагы макала жарыялады. Макаланын автору Геннадий Бендицкий Павлюктун өлүмү боюнча кылмыш ишинин бети толугу менен ачылып кимдердин колунан келгени аты-жөнү менен такталгандыгын, бирок ишти аягына чыгарууга казакстандык тартип коргоо органдарынын колу кыска болуп жатканын жазат.

“Казак полициясы иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргызстандагы атайын кызматтардын бир катар офицерлерине катталган жыйырмадай телефон карталарды аныктаган. Бул телефон номурлар аркылуу Кыргызстандын атайын кызматынын кайсы бир жогорку даражалуу офицеринин аты-жөнү чыгып калганы, ал адам Бакиевдердин үй бүлөсүнүн коопсуздук боюнча бейрасмий оң колу”, деп жазат автор.

16-декабрда окурмандарга Ибрагим Рустамбек деген ат менен белгилүү болгон кыргызстандык көз карандысыз журналист Геннадий Павлюк Алматыда көп кабаттуу үйдөн колу-буту жабышкан желим менен таңылып туруп ыргытылган. Алты күндөн кийин эсине келбеген тейден ооруканада көз жумган. Кыргызстандагы оппозиция өкүлдөрү журналист өз кесибине байланыштуу киши колдуу болгонун, анткени анын оппозициялык маанайдагы ири медиа долбоор ачуу пландары бар болгонун айтып чыгышкан.

Казакстан: Г. Павлюктун өлүмү – саясий өлүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG