Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Жарандык коом ЕККУдан жактоочу сурады


ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү маркум журналист Г.Павлюктун жубайына адвокат жалдап берүүгө көмөк көрсөтүүдө. Мындай демилгени “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму көтөрдү. Жергиликтүү укук коргоочулар эгер Г.Павлюктун өлүмү боюнча тергөө иштерин кыргызстандык күч органдары алып барса, анын жыйынтыгы бурмаланып калат деген тынчсыздануусун билдирип жатышат.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова маркум журналист Г.Павлюктун жубайына көз карандысыз адвокат жалдап берүү өтүнүчү менен ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө кайрылды.

- ЕККУ Кыргызстандагы абалды жакшылап караш керек. Журналисттердин өлүмүнө, алардын токмоктолгонуна, куугунтукталганына карата. Биринчиден, Павлюктун өлүмү Алматыда болуп атат. Ар кандай маалыматтар бар. Ошондуктан ЕККУ да өзү көз салып, байкоо салып турбаса, бардыгы бүдөмүк болуп калышы мүмкүн деген чочулоо бар.

Укук коргоочунун айтымында, маркум журналист Г.Павлюктун жубайына белгисиз адамдар чалып, Казакстанга чакырып жатышат. Андыктан жесирге адвокатсыз эч жакка чыкпоо сунушу берилип, учурда анын коопсуздугу тууралуу да маселе козголууда.

ЕККУнун Бишкектеги борборунун өкүлү Бурул Осмоналиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, аталган уюмдун Бишкектеги кеңсеси маркум журналисттин жубайына юридикалык жардам берүүгө адвокаттарды дайындап жатат.

- Биз аларга адвокат дайындадык. Биринчиси – Юридикалык жардам клиникасынын башчысы Галина Викторовна Дадабаева. Экинчиси – Медиа өкүл институтунан юристтер. Алар да жардам бергенге даяр турушат.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова тарабынан ошондой эле Г. Павлюктун өлүмү боюнча ишти көз карандысыз кароо талап кылынууда. Укук коргоочу журналисттин өлүмүнө байланыштуу казак полициясы менен кыргызстандык күч органдарынын божомолдору эки ача чыгып жаткандыгын белгилеп, тергөө иштерин Кыргызстандын күч органдары алып барса, күнөөкөрлөр табылбай калат деген шектенүүсүн “Азаттыкка” билдирди.

- Жаап-жашырып коет. Бурмалап коет. Фальсификацияга жол берет. Мына, керек болсо Кубаныч Жолдошевди сабабаган адамды “сабады” дедиртип, мойнуна алдырууда. Ал бала болсо уруулук үчүн кармалган экен. Көрдүңөрбү?!

1-январдан тарта Казакстан ЕККУга төрагалык кыла баштады. Мындан улам жергиликтүү айрым серепчилер бул макам Казакстанды кыргызстандык журналист Г.Павлюктун өлүмү боюнча калыс, адилет иликтөө иштерин жүргүзүүгө милдеттендирет деген үмүттө.
ЕККУ да өзү көз салып, байкоо салып турбаса, бардыгы бүдөмүк болуп калышы мүмкүн деген чочулоо бар.


Талдоочу Токтогул Какчекеев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Интернетте Павлюкту Кыргызстандын атайын кызматы атайын Алматыга чакырып, өлүмгө дуушар кылганы тууралуу жазылып отурат. Мен эми ойлоп атам, ар кандай көз караштар боло берет. Бирок бул кылмыштын бети ачылат деген ишеним бар.

Буга дейре Казакстандын Ички иштер министрлиги Алматыда мерт болгон кыргыз жараны Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу тергеп-тескөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышка Кыргызстандын бир канча жарандарынын тиешеси бар экени аныкталганын маалымдаган.
Керек болсо Кубаныч Жолдошевди сабабаган адамды “сабады” дедиртип, мойнуна алдырууда. Ал бала болсо уруулук үчүн кармалган экен.


Бирок Кыргызстандын Ички иштер министрлиги казак кесиптештеринен Павлюктун өлүмүнө байланыштуу эч кандай расмий кайрылуу келе электигин билдирип келет.

Кыргызстандык журналист Г. Павлюкту 16-декабрда Алматы шаарында белгисиз бирөөлөр катуу токмоктоп, колу-бутун таңып, 6-кабаттан ыргытып жиберишкен. Журналист ооруканада өзүнө келе албай жатып каза тапкан. Оппозиция анын өлүмүн сөз эркиндигин кысуу аракети катары баалоодо.

"Азаттыктын" архивинен: Геннадий Павлюк менен коштошуу

Алматыда мерт болгон кыргызстандык журналист Г. Павлюктун сөөгү 23-декабрда Бишкекке алынып келди. Жакындары маркум менен коштошууда.

Геннадий Павлюк менен коштошуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

XS
SM
MD
LG