Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Кыргызстан Пакистандан да электр энергиясын алат


Президент Садыр Жапаровдун Пакистанга визити учурунда тартылган сүрөт. Карачи. Декабрь, 2025-жыл.
Президент Садыр Жапаровдун Пакистанга визити учурунда тартылган сүрөт. Карачи. Декабрь, 2025-жыл.

Кыргызстан менен Пакистандын Энергетика министрликтери электр энергиясын алыш-бериш тууралуу меморандумга кол коюшту. Документке Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев именен Пакистандын энергетика министри Сардар Авайс Ахмед Хан Легари кол коюшту.

Меморандум 4-декабрда, президент Садыр Жапаровдун Пакистанга сапары алкагында түзүлдү.

Маалыматка ылайык, меморандумда ошондой эле пакистандык жарандарды Кыргызстандагы курулуш тармагына ишке тартуу жөнүндө да каралган.

Тараптар CASA-1000 долбоору боюнча кызматташтыкты арттырууну жана электр энергиясын сезондук алмашууну бекитишти. Ага ылайык, Кыргызстан жайында гидроэнергиянын ашыкчасын Пакистанга сатат, кышында электр энергиясы таңсык болгон кезде кайтарып алат. Келишимде тараптар ГЭСтерди куруу жана ишке киргизүү тажрыйбасы менен бөлүшөрү да жазылган.

Мекемелер кайра толукталуучу энергия булактарын биргелешип өнүктүрүүнү жана бул тармакта өнөктөш долбоорлорду иштеп чыгууну макулдашты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-4-декабрь күндөрү Пакистанда мамлекеттик сапар менен болду. Анда өз ара алака-катышка байланыштуу бир катар документтерге кол коюлду.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргызстандын президентинин Пакистанга соңку расмий сапары 2005-жылы болгон. Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Бишкекке сентябрда келген жана ШКУга мүчө мамлекет лидерлеринин саммитине катышкан.(ZKo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG