Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:19

ЕККУ: Шайлоо алдындагы чектөөлөр ага катышууну татаалдатты


Шайлоодогу байкоочулар. Бишкек. 30-ноябрь, 2025-жыл.
Шайлоодогу байкоочулар. Бишкек. 30-ноябрь, 2025-жыл.

Кыргызстандагы Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо кыска аралыкта жакшы уюштурулганы менен шайлоо алдындагы чектөөлөр талапкерлердин жана шайлоочулардын ага катышуусун кыйындатты. Бул тууралуу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулар миссиясынын билдирүүсүндө айтылды.

6-декабрда таратылган билдирүүдө өлкөнүн Баш мыйзамында жарандар өз пикирин ачык билдирүүгө, эркин тынч чогулууга укуктуу болгону менен иш жүзүндө улам киргизилген жаңы мыйзамдар менен утур чектелип жатканы айтылды.

"Жакында киргизилген мажоритардык шайлоо системасы округдардын чек араларын өзгөртүп, талапкерлерди көрсөтүүдө кошумча чектөөлөрдү жаратты, шайлоого саясий партиялардын катышуусу кыскаруусуна алып келди", - деп жазылган билдирүүдө.

Ал эми жаңы системанын жакшы жагы катары 30 округдан гендердик теңчиликти сактоо аракетинин натыйжасында депутаттыкка талапкерлигин койгондордун 41 пайызы аялдар болгону белгиленди.

Аралыктан добуш берүүнүн киргизилүүсү да добуш бергендердин санын арбытканы жазылды.

ЕККУнун байкоочулар миссиясы 1199 шайлоо участогундагы добуш берүүгө көз салышкан. Алар айрым тилкелерде шайлоочулардын добуш берүүсүнө тиешелүү шарттар түзүлбөгөнү, кээ бир тилкелерде жаңы технологияларды иштетүүдөгү кыйынчылыктардан улам добуш берүү кечигип башталганын билдиришти.

Уюмдун байкоочулары жалпысынан 30-ноябрдагы шайлоону оң баалап, ачык өттү деген баасын беришкен. Терс көрүнүш катары шайлоо купуялуулугу бузулушу, технологияларды пайдалануудагы маселелер көрсөтүлгөн.

ЕККУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Тамаш Месери мурдараак "Азаттыкка" маек куруп, жаңы шайлоо системасынан улам үгүт өнөктүгү солгун өтүп, жергиликтүү деңгээлден көтөрүлө албаганын билдирген.

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн. Өлкө боюнча түзүлгөн 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланып келет.(ZKo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG