Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:48

№8 округ боюнча БШК чечими кандай болот? Жолдошованын тарапкерлери бийликке кайрылды


Жылдыз Жолдошованын талапкерлери чогулду. 2025-жылдын 6-декабры.
Жылдыз Жолдошованын талапкерлери чогулду. 2025-жылдын 6-декабры.

6-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында парламент депутаттыгына талапкер болгон Жылдызкан Жолдошованын тарапкерлери чогулушту. Акцияга катышкан 20 чакты адам аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Cуунун Кыргыз-Чек айылындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарышына нааразылыгын билдиришти.

Алар мындай жол менен Жолдошованын парламентке келишине бут тосуу болуп жатат деген пикирин айтышты:

"Чындык каякта калып жатат? Эксперттер келип текшерсин, баарын карап чыксын”, — деди чогулгандардын бири.

Бир күн мурун аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы эки тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарганы белгилүү болгон. Мыйзам боюнча эми бул маселени Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) карап, өз чечимин чыгарышы керек.

Аймактык шайлоо комиссиясынын чечими белгилүү болгон соң баштапкы эсеп боюнча бул округдан гендердик квота менен алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошова соңку аракеттерге нааразылыгын айтып чыккан.

Ал ат салышкан округдан №5249 жана №5514 тилкелеринен жалпысынан 1009 добушу жокко чыгарын, муну анын парламентке келишин каалабаган айрым адамдар кылып жатканын билдирүүдө:

Жылдызкан Жолдошова
Жылдызкан Жолдошова

“Биринчиден, №8 округдагы иштерди аймактык шайлоо комиссиясы карап жатканын биз билген жокпуз. Экинчиден, алар бизди чакырган эмес, кабар бербестен туюктан туюк карап, мыйзамсыз иштерге аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мамыт Молдобаев барды. Мен азыр күч органдарына кайрылып жатам. Ошол аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин текшерип, эгер алар мыйзам бузса чара көргүлө деп. Керек болсо камаш керек.”

Жолдошова өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдогон. Эгер четтетиле турган болсо ордуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жээни Нуржамал Төрөбекова келиши ыктымал экенин айткан. Бул билдирүүгө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жооп бере элек.

Ал эми аймактык шайлоо комиссиясы аталган округдагы эки тилкедеги добуштарды жокко чыгарууну ыкчам топ сунуштаганын, буга социалдык тармактардагы сүрөт, видеолор жана талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын арыздары себеп болгонун айтууда.

Аталган аймактык комиссиянын төрагасы Мамыт Молдобаев “Азаттыкка” 6-декабрда комментарий берип, буларды айтты:

“№8 округ боюнча социалдык тармактардагы материалдардын жана айрым талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын арызынын негизинде ыкчам аракеттенүү тобу карап чыкты. Бул топко Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу райондорунун укук тартибин коргоо органдарынын башчылары мүчө. Алар материалдардын баарын карап, ушул эки шайлоо тилкесиндеги добуштарды жокко чыгаруу сунушун берди. Биздин округ ишти карап, алардын берген сунушун колдоду”.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Жолдошова жалпы 1894 (6,13%) добуш алган, анын көбү жыйынтыгы жокко чыгарылган тилкелерден топтолгон.

Жолдошованын айтымында, эки тилке боюнча чечимдин чыгарылышына шайлоо күнү Интернетте тараган видео негиз болгон:

"Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №27 округдагы видеону баарыңар көрдүңөр жалаң 5000 сомдукту таратып жаткан. Мына ошол видеону Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылынында жайгашкан №5249 жана № 5514 УШКга жалган жалаа аркылуу жармаштырып, менин эң көп 1009 добушумду №8 аймактык комиссия жокко чыгарган. Бул видеону чапташтырган материалды Ош облусунун ОИИБ карап чыгып, кылмыш ишин ачкан эмес жана мыйзам бузууну тастыктаган эмес. Ошого карабастан мыйзамды одоно бузуп, аймактык комиссия чечим чыгарган".

Бири машиненин ичинде отурган, экинчиси жанына барып, ортого тизмелерди жайып, беш миң сомдук тутам акчадан сууруп чыгарып, кол коюп жатышкан видео Интернетке алгач Ысык-Көл облусунда болгон окуя деп тараган жана дароо талкуу жараткан. 3-декабрда ошол видеолор, сүрөттөр Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Кыдыкбаевдин да Фейсбук баракчасына "Бул видео шайлоодогу "подкуп" мисалы. 27-шайлоо округунда болгон... Элдин баары билет. Ысык-Көл ИИ башкармалыгы эмне чара көрдүнөр же жаап салдыңарбы?" деген жазуу менен жарыяланган.

Бул видеону чынында ким, кайсы жерде, качан тартып, жайылтканы тууралуу азырынча тийиштүү органдардан расмий комментарий боло элек.

БШКнын жумуш тобу №8 округдун №5249 жана №5514 тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган аймактык комиссиянын чечимин териштирерин 6-декабрда мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, арыз келип түштү, ал жекшемби күнү каралат деп пландалууда.

Шайлоодон кийинки арыз-даттануулар

Айрым тилкелердин жыйынтыгын жокко чыгарган аймактык комиссиянын чечимин калыс териштирүүгө көмөк сурап 6-декабрда №9 шайлоо округунан талапкер болуп, аялдар арасынан алдыга чыккан Ыргал Кадыралиева да президент Садыр Жапаровго кайрылды.

"Мага мандат бербөөгө багытталганы ачык көрүнүп турат, себеби менин гана жыйынтыгыма терс таасирин тийгизди", - деди ал Фейсбуктагы видео кайрылуусунда.

Борбордук шайлоо комиссиясы да, аймактык комиссия да бул маселе боюнча азырынча комментарий бере элек. БШКнын сайтындагы соңку маалыматка караганда, Кадыралиевага добуштардын 3,50% (1402 добуш) тийген.

Дагы бир чуу жараткан №26 округ боюнча маселени БШК 5-декабрда карап, чечимин укук тартибин коргоо органдарынын корутундусунан кийин кабыл алмай болду. Бул окургда аныкталган 460 миң сомдун чоо-жайын териштирүүнү талапкер Элдар Абакиров талап кылган.

Мындан сырткары шайлоодогу добуш сатууга байланыштуу №17 округдан талапкер болгон Айжан Чыныбаева дагы арыз жазганы белгилүү болду.

"Биз добуш сатып алуу, шайлоочуларды ташуу, Мбанк аркылуу акча которууларга байланыштуу маалыматтарды милицияга, УКМКга жана БШКга тапшырдык", - деди ал.

3-декабрда Боршайком №13 шайлоо округундагы шайлоону мыйзам бузуулардан улам жараксыз деп тааныган. Шайлоо күнү бул округдагы жалпысынан 35 тилкеге видео байкоо коюлуп, шайлоочулар көзөмөлдөнүп турганы, бул добуш берүүнүн купуялыгын бузары маалымдаган. Бактыбек Сыдыков БШК чечиминен кийин социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, анын дарегине айтылган дооматтарды "каралоо" деп сыпаттаган.

№13 округдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган соң ал жердеги 14 талапкердин баары тең кайра шайлоого катыша албай турганы белгилүү болгон. БШКнын мындай чечимине нааразылыгын билдирген талапкер Айгүл Карабекова 5-декабрда административдик сотко арыз тапшырды.

Бийликтин таза шайлоо өткөрүү убадасы

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн.

Кыргыз бийлиги бул шайлоо тарыхтагы эң таза өнөктүк болорун айтып келген.

Добуш берүү жыйынтыкталган соң президент Садыр Жапаров эл аралык байкоочулар менен жолукканда добуш берүү мыйзам чегинде өткөнүн билдирген.

Ал акыркы жылдары шайлоо мыйзамдарын жана алардын колдонулушу боюнча тажрыйбаны өркүндөтүү багытында олуттуу иштер жүргүзүлгөнүн, бул шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү маалында эл аралык өнөктөштөрдүн, өзгөчө парламенттик ассамблеялардын жана абройлуу эл аралык уюмдардын сунуш-пикирлери эске алынганын белгилеген.

Ар бир шайлоочунун каалаган шайлоо тилкесинде добуш берүү укугу камсыз кылынганын айткан президент чет өлкөлөрдө жашаган же убактылуу жүргөн жарандар үчүн сыртта 100 шайлоо тилкеси ачылганын кошумчалаган.

Мыйзам боюнча БШК шайлоо жыйынтыгын 14-декабрга чейин жарыялайт. Ага чейин келип түшкөн арыздарды карап, бүтүмүн бериши керек. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров түшкөн кайрылуулар боюнча реакция болорун убада кылган.

"Биз мамлекеттин репутациясына көлөкө түшүүсүнө жол бербеш үчүн адилеттүү чечимдерди чыгарышыбыз керек", - деген Боршайком төрагасы.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG